Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

Өкмөт элдик көзөмөлгө алынат


Өкмөт ишин жаштардан куралган топ көзөмөлгө алаары айтылууда.
Өкмөт ишин жаштардан куралган топ көзөмөлгө алаары айтылууда.

Мындан ары министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин ишине, өкмөт чечимдеринин аткарылышына элдик көзөмөл жүргүзүлө турган болууда.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 3-августтагы өкмөт жыйынында "Элдик көзөмөл" коомдук уюмун түзүү тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди. Айрым эксперттер муну кезектеги популисттик кадам катары баалап, ийгиликтүү натыйжа чыгаарынан күмөн санап жатат.

Жаштар өкмөттү кантип көзөмөлдөйт?

"Элдик көзөмөл" коомдук уюму жалаң жаштардан куралат. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай жөрөлгө оболу Бишкек шаарында башталып, кийинчерээк бардык аймактарга таратылмакчы:

- Бул биринчиден - көзөмөл. Экинчиден, өкмөт башчынын жөнөкөй адамдар менен байланышынын дагы бир түрү. Студенттер болобу, жарандык активисттер болобу, журналисттерби мамлекеттик мекемелердин ишине көзөмөл жүргүзүшөт. Такай премьер-министр менен түз байланышта болушат. Маал-маалы менен жолугушуп, премьерге отчет берип турушат. Өкмөт башчы алган маалыматтар боюнча, биринчиден - мамлекеттик мекемелердин ишин жөнөкөй адамдар кантип бааларына анализ жүргүзөт. Экинчиден, ошол маалымат боюнча тийиштүү чара көрүлөт.

Коомдук уюм кандай жаштардан куралганы азырынча белгисиз. Кыргызстанда жаштар буга чейин айрым саясатчылардын жана саясий оюндардын куралы боло жүргөнү айтылып келген.

Жаш активист Наргиза Абдылдаева ушундан улам мындай пикирин билдирди:

- Идея абдан жакшы. Бирок азыр жаштар дагы ар кандай болуп жатпайбы. "Аганы көрүп, ини өсөт" дегендей жаштардын арасында да таза эместери болуп жатат. Ошондуктан бул жакшы идея жакшы натыйжа берип, жакшы үлгү болобу, же болбосо коррупцияга малынып, бирөөнүн саясатын жактап, жаман жолго түшүп кетеби деген чоң суроо бар.

Ишенимге караганда күмөн саноо көп

Бирок айрым серепчилер "Элдик көзөмөл" коомдук уюмунун ишинен майнап чыгарынан күмөн санап жатат.

“Адам укуктары жана демократия” борборунун башчысы Идирис Кубатбековдун айтымында, мындай институттар мурунку жана азыркы бийликтин тушунда да болгон, бирок натыйжа берген эмес. Буга коомдук байкоочу кеңештер мисал:

- Роза Отунбаеванын тушунда ар бир министрликтерден баштап айыл өкмөттөргө чейин байкоочу кеңештер түзүлдү. Бирок бүгүнкү күндө ошол байкоочу кеңештер эмне иш алып барып жатканы, коомго кандай пайда келтирип атканы, же болбосо кайсы мамлекеттик органды кандай көзөмөлдөп атканы боюнча так маалымат жок. Ошол эле байкоочу кеңештер көзгө көрүнөрлүк иш жасай алган жок. Эгерде буга чейинки тажрыйбада ушундай коомдук көзөмөл институту жакшы жолго коюлбай жатканына карабай, дагы эле ошондой институтту түзүү - популисттик гана идея болуп калат деп ойлойм. Себеби буга чейин андай уюмдар натыйжа бере алган жок.

Айтор өкмөттүн маалыматына ылайык, азыр жаштардан турган бир канча ыкчам топтор түзүлдү. Алар эми мамлекеттик министрлик-мекемелердин ишин көзөмөлдөп, андагы адам укугун басмырлоо, жемкордук өңдүү мыйзам бузууларды ашкерелөөгө киришет. Бул үчүн Интернетте өзүнчө атайын маалыматтык портал ачылып, телефон байланышы уюштурулмакчы.

XS
SM
MD
LG