Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

13:15 24.11.2018

Адвокат Нурбек Токтакунов мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түзгөн кылмыштуу системаны колдонуп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” курултайында сүйлөп жатып билдирди

Токтакунов жактоочу катары көптөгөн соттук процесстерге катышып жүргөнүн, андыктан бийликтин буйругун аткарган соттор, прокурорлор жана тергөөчүлөр дагы эле өз ишин улантып жатканын айтты:

- Атамбаевдин эң негизги жоопкерчилиги – ал сотторду, прокурорлорду жана күч органдарын реформа кылбай, тескерисинче, ушул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, саясий душмандарын басып, мыйзамдуу саясий күрөштү өлтүргөн. А Жээнбеков ошол кылмыштуу системаны колуна алып, азыр колдонуп жатат. Жээнбеков да прокуратура-сот-милиция деген уюшкан кылмыштуу топту саясий душмандарына каршы колдонууда, - деди Токтакунов.

13:13 24.11.2018

Турсунбек Акун: Бүгүнкү курултай элдик курултайдын үлгүсү болуп жатат. Негизи курултайды уюштуруу оор экен. Курултайга президент, спикер, өкмөт отчёт берип туруш керек. Атамбаев "мен революциянын башында турам" деди. Бирок уялыш керек. Эгер "Азимбек Бекназаров революция кылды" десе ишенет элек.

13:00 24.11.2018
"Ата Мекендин" мүчөлөрү.
"Ата Мекендин" мүчөлөрү.

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Сакен Бөрүбашев: Өмүрбек Текебаевди бир кычкачты 600 долларга, Тарых музейиндеги бир креслону бир машиненин акчасына алгандар камап отурат. Ошон үчүн саясий куугунтукту кайра карашты колдойм.

12:52 24.11.2018

Курултайдын айрым катышуучулары "уюштуруучулар аймактан келген делегаттарга сөз бербей жатат" деп нааразы болуп чыгышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG