Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44
Шайлоо участогу
Шайлоо участогу

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында КСДП алдыда

Бүгүн өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Кыргызстан социал-демократтар партиясы 26% добуш менен алдыда келатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды. Алдыда Кыргызстан социал-демократтар партиясы келатат:

1.КСДП - 26%,

2.”Республика Ата-Журт”- 21,03%,

3.“Кыргызстан” - 12,41%,

4.“Өнүгүү-Прогресс” - 9,19%,

5.“Бир Бол” - 8,32%,

6.“Ата Мекен” - 7,88%.

Бул алты партия 7 пайыздык босогодон өтүп, мандат алууга укук алат деп күтүлүүдө. Ал эми 7 пайыздык чекке жетпеген партиялар төмөнкүлөр:

7. “Бүтүн Кыргызтан Эмгек” - 6,26%,

8. “Замандаш” – 2,83%,

9. “Улуу Кыргызстан” 1,53%,

10. “Ар-намыс” – 0,83%,

11. “Мекен ынтымагы” 0,78%,

12. Кыргызстан элдеринин конгресси – 0,62%,

13. “Аалам” 0,39%,

14. “Азаттык” – 0,32%.

Парламенттик шайлоого жалпысынан 14 партия ат салышты.

Кечки саат сегиздеги маалыматтар боюнча шайлоочулардын 45,7% добуш берди. Бул сал дагы өзгөрүшү айтылууда.

Кыргызстанда бүгүн парламенттик шайлоого аттанган 14 партия үчүн добуш беришти. Шайлоо участкалары таңкы саат сегизде ачылган. Добуш берүү кечки саат сегизде аяктады.

Бул жолу добуш бере тургандардын расмий саны 2 миллион 761 миң 297 адам болду. Ал эми шайлоодо өлкө боюнча жарандары үчүн 2374 шайлоо участкасы иштеди. Алардын 36сы чет өлкөдө жайгашкан. Орусияда кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү жашаган алты шайлоо участкасы: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск жана Владивосток шаарларында уюштурулду. Орусияда расмий 516 миң кыргызстандык жаран иштеп, жашап жүрсө, бул жолку шайлоого алардын болгону 9 миң 375и гана катыша алары белгилүү болду. Булар биометрикалык маалыматын тапшырып, консулдук каттоодон өткөн жарандар.

Жалпы шайлоо участкаларынын ичинен бүгүн Бишкек шаарында 39, Ош шаарында жети кошумча участкалар иштеди. Аларда буга чейин №2 формасындагы арызды толтурган, өзү катталган жерден башка аймакта болуучу 237 миң жаран добуш берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, бул күнү Кыргызстандагы шайлоого чет мамлекеттен келген 611 байкоочу көз салат.

Шайлоо күнү 9 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздап жатат. Ар бир шайлоо участкасында экиден жетиге чейин кызматкер тартипти көзөмөлдөйт. Алар биометрикалык жабдыктарды жана шайлоо бюллетендерди да көзөмөлгө алышат.

Шайлоого «Азаттык», «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Кыргызстан элдеринин конгресси», «Улуу Кыргызстан», «Замандаш», «Аалам», «Республика - Ата-Журт», КСДП, «Мекен Ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан - Эмгек», «Ар-намыс», «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс» партиялары катышты.

01:04 5.10.2015

00:47 5.10.2015

00:44 5.10.2015

00:41 5.10.2015

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG