Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Акунов: Парламент ишенимди актады


Аалыбек Акунов
Аалыбек Акунов

Жогорку Кеңеш төрагасын кайра шайлоо демилгелери жана парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу саясат таануучу Аалыбек Акунов ой бөлүштү.

- Жогорку Кеңеште төраганы кайра шайлоо боюнча маселе көтөрүлдү. Бул демилгелердин соңунда парламент саясий кризиске кептелет деген ойлорго кошуласызбы?

- Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Бул парламент шайлангандан берки биринчи эле төрага эмес. Парламентте акча же каржы өңдүү маселелер чыкса эле, аны чечүү үчүн парламентти таркатып жиберүүгө, жетекчини алмаштырууга зарылчылык деле жок.

- Парламентти таркатуу демилгеси быйыл бир нече ирээт көтөрүлдү. Мындай демилгелердин кандай негиздери бар?

- Парламентти таркатуу демилгелери - оппозициялык күчтөрдүн күрөшүү формасынын бир түрү. Оппозиция элдин көңүлүн буруш үчүнбү, айтор “таркатыш керек”, “кайра шайлоого барыш керек” деген талаптарды айтышат.

Бул парламент жаңы Конституцияга ылайык, жаңы шайланган парламент. Биз эңсеп келген, демократиянын ушул түрү кыргыздардын салт-санаасына туура келет деп түзүлгөн парламент. Ал жаңыдан эле тажрыйба топтоп баштаган мезгилде аны таратып жиберүү жагымсыз кесепеттерге алып келет.

Бул парламенттин ишинде абдан эле кемчиликтер кетип жатат. Бирок бул парламент биринчи кадамдарды жасап жатат. Биз башкаруунун парламенттик түрүнө өткөндөн кийин Жогорку Кеңештин орду таптакыр башкача болот. Андыктан парламенттин иштеп, тажрыйба топтой бергени эле максатка ылайыктуу болот.

- Эки жылдан ашык убакыт ичинде азыркы Жогорку Кеңеш ишенимди актай алдыбы?

- Азыркы парламент элдин үмүтүн, мүдөөсүн бир нече жолу актады. Эки жыл ичинде бир эмес, бир нече жолу өтө оор кырдаалдар пайда болду. Кайрадан революция болуп кетчүдөй абал жаралды. Эгерде мындай парламенттик башкаруу болбогондо, бийлик мурдагыдай эле бир эле адамдын колунда болгондо, ким билет жагдай кандай болот эле? Бул жагынан алганда парламент бүт кыргыз элинин бардык катмарынын өкүлдөрүн топтогон парламент катары өзүн актады.

- Ошол эле учурда азыркы Жогорку Кеңеш “чөнтөк парламент” болуп калды дегендер бар го...

- Бул инерция катары айтылган аң-сезимдин стереотиби. Мурда баары эле президентке баш уруп, президентке кошоматчыл мамиле кылып көнүп калышкан. Ошол инерция боюнча кандайдыр бир деңгээлде уланып жатат. Бирок президентте укуктук негиз жок. Бул акырындык менен ордуна келе турган маселе.
XS
SM
MD
LG