Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Майлуу-Суу: Кылмыштуулукка каршы митинг


Митингчилердин алдына чыккан бийлик өкүлдөрү, Майлуу-Суу, 6-февраль.
Митингчилердин алдына чыккан бийлик өкүлдөрү, Майлуу-Суу, 6-февраль.

Майлуу-Суу шаарынын тургундары шаарда кылмыштуулук күчөшүнө жана киши өлтүргүчтөр табылбай жатканына нааразылык билдирип чыкты.

Жалал-Абад облусунун башчылары мурдагы митингде коюлган талапка ылайык шаардык милиция башчысы, милиция кызматкери ишинен алынганын кабарлады. Бирок жакындары киши колдуу мерт болгон адамдар Майлуу-Суу шаар прокурорунун кызматтан алынышын талап кылышты.

Губернатор: Коюлган талаптар орундуу

6-февралдагы нааразылык акциясы киши колдуу ажал тапкан тургундарга атап Куран окуу менен башталды. Митингге чыккандарга шаардык жана облустук жетекчилер бир катар жооптуу адамдар кызматынан алынганын айтышты. Бирок нааразы топ шаар прокурорун да кызматтан алууну талап кылып турушту.

Он тогуз жаштагы иниси киши колдуу каза тапкан Саламат мындай дейт:

- Ушул мен кармап турган сүрөттөгү он тогуз жаштагы инимди башка чаап өлтүрүштү. Аны өлтүргөн кылмышкерлер алигиче кармала элек. Облустук милицияга ыраазылыгыбыз бар, анткени бир канча кылмышкерлерди кармады деп уктук. Жетекчилердин жоопторуна жүз пайыз канааттандык деп айта албайбыз, дагы бир жума күтөбүз го...

Шаар прокуроруна нааразы болуп, чурулдаган митингчилерди сабырдуулукка чакырган облус губернатору Бектур Асанов көпчүлүктүн талаптары орундуу экенин мойнуна алды. Ал ошондой эле митингде айтылган “шаар прокурору тууганың болсо керек” деген сөздөрдү четке кагып, бирок прокурорлорду жумуштан бошотууга анын укугу жок экенин эске салды:

- Менде шаар прокурорун кызматтан алуу деген укук жок, туугандар! Майда кылмыштуулук болуп жатканы ырас, бул боюнча милиция иштеши керек. Милиция менен прокуратурада жана каржы полициясындагы кылмыштуулукту жоюу керек. Эгер кылмыш кылса, менин бир тууганым болсо да жаза алышы керек. Бу шаар прокуроруна тууганчылыгым жок, атам жагынан дагы, энем жагынан дагы...

Биринчи митингден майнап чыктыбы?

Быйылкы жылдын 16-январындагы биринчи митингде шаардын милициясы катуу сынга туш болуп, анын кызматкерлери кылмышкерлер менен ымалалашып кетти деген сөздөр жааган. Адам өлтүргөндөр табылбай, талап-тоноо, уруп-согуу азайбаганына байланыштуу тартип жана мыйзам көзөмөлдөө тузүмдөрүнүн башчылары кызматтан кетсин жана мыйзам алдында жоопко тартылсын деген талаптар коюлган.
Митиннгге келген шаар тургундары, Майлуу-Суу, 6-февраль.

Бүгүн митингчилердин алдына чыккан облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси Станбек Бакиров кылмышты ачууга убакыт керектигин билдирди:

- Майлуу-Суу шаарынын милиция башчысын, дагы анын төрт орунбасарын кызматтан кетирдик. Кылмыштын эми бир күндө ачыла турганы болот, бир жумада ачыла турганы бар, анан бир жылда ачылышы да мүмкүн... Эртеңден тарта кайгуул-күзөт батальонунун он эки кызматкерин ушул жакка жиберебиз, алар Майлуу-Сууда күнү- түнү күзөттө турушат.

Облус прокурору Каныбек Турдумамбетов болсо митингчилерди бир аптадай чыдай турууга чакырды. Анын айтышынча, ноокастап калгандыктан эл алдына келе албай калган шаар прокурорунун иши башкы прокуратуранын жылдык жыйынтыгында каралуусу ыктымал. Адам өлүмдөрүнө байланыштуу окуяларды облустук прокуратура өзү иликтөөдө:
- Он кылмыш боюнча сиздер биригип арыз бергенсиздер, ал боюнча изилдөө жүргүзүп, мыйзамдуу чечим кабыл алганы турабыз. Анан Майлуу-Суу шаар прокурору боюнча кызматтык иликтөө бүтөйүн деп калды. Башкы прокуратурада 12- февралда жылдын жыйынтыгы каралат, ошондо шаар прокуроруна карата бир чечим чыгып калуусу ыктымал. Ага дейре бир жумадай убакыт бар, күтө туралы. Эми өзү бул жерге келе албагандан кийин түшүнүктүү да.

Ошентип, шаардык тургундардын басымы астында үч адам кызматынан алынды. Эми шаар прокурорунун тагдыры эмне болоор экен? Бул митинг менен жүрүштөрдөн оолак турган калаанын калкы бир нече тургуну киши колдуу ажал таап, бирок бир да адам кармалбай калгандыктан, кыш күрөөдө минтип экинчи жолу митингге чыкты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG