Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Миллионер бажычылар...


Кыргыз-казак чегиндеги бажы бекети, Чалдовар, 16-сентярь, 2011.
Кыргыз-казак чегиндеги бажы бекети, Чалдовар, 16-сентярь, 2011.

Кыргызстанда Бажы кызматынын ортоңку катмардагы жетекчилеринин кирешелери жарыяланды. Ага ылайык Бажы кызматында жалаң миллионерлер иштээри маалым болду.

Миллиондор Бажы кызматы эң коррупциялашкан тармак экенин далилдейби? Парламентте даярдалып жаткан антикоррупциялык мыйзамдар мындай нерселерге бөгөт коё алабы?

Бул маселе "Азаттыктын" түз обосундагы "Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги темасы болуп, ага “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Жарандык коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова жана оппозициялык саясатчы Кубанычбек Кадыров катышты.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, адегенде Туратбек Мадылбеков жана анын уулунун айланасында болуп жаткан окуяга карата сиздин пикирди жана бааны уксак...

Текебаев: Окуя Туратбек Мадылбеков айланасында эмес, анын уулунун айланасында болуп жатат. Элдар Мадылбековго фирманы кайра каттоого жана кайра сатууга тиешеси бар деген шек менен кылмыш иши козголду. Мына ошондой кылмыш иши бир нече депутаттарга да козголушу да күтүлүп жатат. Бүгүн алардын биринчисине - Садыр Жапаровго козголду. Эми тергөөнүн майда-чүйдөсүн билбестен туруп, бир нерсе айтуу кыйын. Мен бир гана нерсени айтам, “Ата Мекен” социалисттик фракциясы чечим чыгарды: биз кылмыш ишине өтүнүч жолдоп, сотко кайрылып, аралашпайбыз. Сот, тергөө ак болсо актап, күнөөсү болсо жазалаш керек.

Азаттык”: Бул жерде оппозициялык лидердин үстүнөн компромат изделип жатып, анын терс таасири коалиция ичиндеги адамга тийип кеткендей болуп жаткандай... Кубанычбек мырза кандай дейсиз...

Кадыров: Биринчиден, коррупцияга каршы күрөш боюнча президент абдан көп аракеттерди жүргүзүп жатат. Бирок көбүнүн аягына чыга албай жатат. Эмне үчүн дегенде бүгүнкү күндө президенттин тегерегинде Бакиев, Акаев менен чогуу жүргөндөр көп. Экинчиден, депутаттын баласы болобу, кимдин баласы болбосун мыйзам баарына бирдей болуш керек. Иш козголсо эле адамды күнөөлүү деп айтууга болбойт. Муну сот чечет.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG