Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Салянованын арызын кылмыш иши коштоду


Аида Салянова
Аида Салянова

Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан кетүүгө арыз бергени тастыкталды. Бул маалыматка удаа УКМК Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго байланыштуу кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Аида Салянова өткөн жылы 23-декабрда эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан бошотуу арызын бергени тууралуу сөздөр чыккан. Бирок президент Алмазбек Атамбаев аны төгүндөгөн эле.

Аида Салянова 2011-жылы 31-мартта башкы прокурор кызматын ээлеген. Ага чейин Жогорку Кеңеште, Юстиция министрлигинде иштеген.

Аида Салянованын кызматтан кете турганы же кетип калганы тууралуу сөздөр өткөн жылдын соңунда күч алып, бирок бул кабарды президент Атамбаев 27-декабрдагы маалымат жыйынында четке каккан:

- Аида Салянова иштен кетем деп арыз жазган эмес. Бирок ачык айтайын, мурда мындай учурлар болгон. Анткени, Аида Жеңишбековнаны түшүнсө болот. Жумушу абдан кыйын. Найзанын учунда жүрөт дайым. Эс алууну суранды. Мен да уруксат бердим. Анткени, аны түшүнсө болот.

Президент Атамбаев Салянованын кызматтан кетүүсү мүмкүн экенин кыйыр түрдө тастыктап, бирок коррупцияга каршы күрөш Аида Салянованын эмес, президенттин ысымы менен байланышта экенин билдирген:

Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

- Ачык айтайын, прокурор ким болсо дагы, мына мурун, бир-эки жыл мурун кетип калса деле (Салянова) Атамбаев президент болуп турганда коррупцияга каршы күрөш токтобойт.

Аида Салянованын башына кара булут анын эки жакынына байланыштуу айланды. Биринчиси - күйөөсү Бакыт Абыкапаровго байланыштуу козголгон кылмыш иш болсо, экинчиси - 17 жаштагы кыздын өлүмү боюнча аталаш агасы Калый Саляновдун суракка чакырылышы болду.

Расмий маалыматтар боюнча Бакыт Абдыкапаров өткөн жылы ноябрь айынан бери юстиция министринин жардамчысы кызматында иштеп келет. Ага 304-берене (кызмат абалынан кыянат пайдалануу, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, Бакыт Абдыкапаров “Тазалык” компаниясынын жогорку кызматкерлерине козголгон кылмыш ишти кыскартып берем деп, 50 миң доллар алган деп шектелүүдө. Белгилеп кете турган нерсе, Бакыт Абдыкапаров министрдин жардамчысы катары кайсы кызмат абалынан пайдаланышы мүмкүн? Ошондуктан козголгон кылмыш иштин мизи Аида Саляновага багытталганы байкалып турат.

Аида Салянова 20-январда "Азаттыктын" кабарчысына берген кыска маалыматында күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго коюлган айыптарды төгүндөп, анын баары калп деди. Ошондой эле мунун баары кийинчерээк аныкталарын билдирген.

Баш прокурордун күйөөсү Бакыт Абдыкапаров да өзүнө тагылган айыптарды четке какты. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Учурда ал өлүк коюу зыйнатында жүргөнүн белгилеп, кенен маалымат берген жок.

- Бул бүт эле жалаа. Мен азыр алыста жүрөм. Бул иш боюнча мага айтышты. Барганда сүйлөшөбүз, - деди Абдыкапаров.

Бакыт Абдыкапаров жубайы Аида Салянованын бийлигин пайдаланып, ар кандай коммерциялык кыңыр иштерге таасирин тийгизип жүргөнү кеңири айтылып келген. Андай сөздөрдүн бири көмүр ташууга байланыштуу чыккан.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын энергетика тармагы толугу менен коррупциялашкан. Анын ичинде Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташуу өтө коррупциялашкан жана кирешелүү тармак экени бийлик жана эксперттер тарабынан айтылып келатат. Мына ушул кирешелүү тармакка өткөн жылы капысынан эле Казакстандын “Жезказган энергосбыт” компаниясы кирип келип, казак жараны Александр Машкевичтин монополист “Прогресс компаниси” менен атаандашып калган. Бирок мындай өзүмбилемдикке бийлик тараптан кескин сокку урулуп, УКМК үч кишини камакка алган. Кармалгандардын бири Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы болуп чыккан. Энергетика жана өнөр жай министрлиги да “Жезказгандын” көмүрү талапка жооп бербейт деп сотко берип, соңунда ал Кыргызстандын көмүр базарынан сыртка чыгарылган. Чындыгында “Жезказган” “Прогресс компаниге” караганда көмүрдү арзаныраак алып келүүгө келишим түзгөн болчу.

Бирок Аида Салянова “жара турган бомбалар” дагы бар. Алардын бири кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевдин Кыргызстандан "сыйлуу узатылышы". Белгилүү болгондой Аида Салянова Батукаевди бошотууну биринчи мыйзамдуу деп атап, бирок кийинчерээк кылмыш ишин козгоого барган.

Башкы прокурорду кызматтан бошотуунун жол-жобосуна келе турган болсок, Конституциянын 64-беренесине ылайык, бул көбүнесе президенттин ыйгарым укугундагы маселе. Президент башкы прокурорду Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин макулдугу менен кызматынан бошото алат.

Бул маселени бүгүн эле парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети карап, жалпы жыйынга чыгарууга макулдугун берди. Бул тууралуу комитет төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

- Аида Салянованын арызы жана президенттин сунуштамасы бүгүн биздин комитетке келди. Арызда да, сунуштамада да арыз жазуунун себеби көрсөтүлгөн эмес. Өз каалоосу менен деп гана жазылган. Аны комитет канааттандырды. Эми жалпы депутаттардын үчтөн биринин добушу менен канааттандырылса, президент аны иштен алууга негиз болот,- деди Бекматов.

Салянованын ишине токтолгон Абдыжапар Бекматов ал Башкы прокуратурада системалуу иш жүргүзүүгө жетишти дейт. Ал эми дагы бир депутат Курманбек Осмонов Аида Салянова көп катачылыктарга жол берди, ошондуктан мындай маанилүү мамлекетке кызматка тажрыйбасы жетиштүү адамдын дайындалганы туура болот эле деген ойдо.

Башкы прокурордун кызматтан кетип жатышына өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев дагы өз пикирин кошуп, "Аида Салянова мамлекеттик кызматта калышы керек" деди.

Бирок да учурда Аида Салянованын Кыргызстанда эместиги тууралуу маалыматтар бар. Аны ага “Манас” ордени ыйгарылганда келип, өз колу менен албаганы да тастыктап турат...

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG