Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:46

Саясатта аялдардын каруусу ката элекпи?


Кыргыз парламентинин 25 пайызын аял депутаттар түзөт.
Кыргыз парламентинин 25 пайызын аял депутаттар түзөт.

Кыргызстанда аялдарга шайлануу квотасы берилгенине беш жыл болду. Аялдардын азыркы саясаттагы салмагы арттыбы?

Бул “Азаттыкта” “арай көз чарай” талкууланган кезектеги тема болду. Талкууга 25-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого аялдар кандай катышты, квотасыз саясий күрөшкө чыгууга аялдар даярбы деген сыяктуу суроолор коюлду. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жана Ош облусундагы демилгелүү ишкер аялдар фондунун төрайымы, айылдык кеңештин депутаты Абаскан Ормонова катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз




“Азаттык”: Эл аралык ар кыл иликтөөлөрдүн тыянактарында дүйнө калкынын 50 пайыздан ашыгы аялдар экендиги айтылып жүрөт. Бирок дээрлик мамлекеттик башкарууда гендердик теңчилик сакталбайт экен. Алардын ичинде албетте, Кыргызстан дагы бар. Бирок Кыргызстанда башка постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып, аял мамлекетти башкарганга чейин жеткен учурлар болду. Азыр эми аялдар бардык бийлик бутактарында иштеп жатышат. Ушуга канааттанса болобу?


Айнуру Алтыбаева: Чынында башка постсоветтик өлкөлөргө караганда Кыргызстанда ар бир чечим алына турган жерлерде аялдар бар. Мисалы, парламентте азыр квота аркылуу аялдардын 25 пайызы бар. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзамына да квота берилген. Ар бир үчүнчү орунга аялдар каралган. Өкмөттү деле карасак социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр, каржы саламаттык сактоо министрлигин айымдар башкарып атышат. Тилекке каршы мунун бардыгы квота аркылуу ишке ашып жатат. Башка мекемелерде аялдардын пайыздары жетишсиз, аз. Ошондуктан бул жерге аялдарды колдогон дагы бир мыйзам керек.


Турсунбек Акун: Жакында биз – эки депутат, юстиция министри, ТИМдин өкүлү Данияда болдук. Шайлоо жараяндарына кызыгып көрсөк, ал жерде аялдарга да, жаштарга да, аз улуттун өкүлдөрүнө да квота берилбейт экен. Ал жерде аялдар күрөшүү жолу менен жеңет экен. Бизге болсо квота керек. Анткени биз аялзатына шарт түзүп бере албайбыз, алар төрөшөт, балдарды багышат. Эркектер анын ордуна саясат үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Аялдарды дайыма өзүбүздөн бардык жерде ылдый кармайбыз. Адат, каада-салттар да бизден кете элек. Аялдарды Курманжан датканын заманы убагында баалагандай баалай албай жатабыз. Негизи квота убактылуу берилген нерсе. Келечекте күрөш аркылуу жеңүүгө жетиши керек.

Абаскан Ормонова: Мен 25-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого өзүмдү өзүм көрсөтүп, жетиштүү добуш топтой алдым... Негизинен шайлоо – саясий күрөш. Саясий күрөшкө аялдар бирдей эле чыкты. Бирок акыркы айылдык кеңештерге шайлоо аялдардын активдүүлүгүнүн төмөндүгүн көргөздү. Аял-эркек ортосундагы укук бирдей экенин билебиз. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу деле.

Бирок мүмкүнчүлүк бирдей эмес экенин Турсунбек Акун өзү деле айтып атат. Биз эркектерге окшоп карьера жасап, саясий партияларга лидер болуп, күндөп-түндөп жүргөнгө үйдө отурган улгайган ата-эне, бала-чака, үй тиричилик, талаа убактыбызды жеп салат. Квота убактылуу болсо да керек экендиги анык. Эркектин маселесин аял, аялдыкын эркек түшүнбөйт.

Экинчиден, мисалы Ош облусундагы жети райондо бир да аким аял жок, социалдык маселелер боюнча орун басарларын дагы эркекке алмаштырып салган. Эгер ошолордун арасында бир аял кичине эле кемчилик кетирсе, эркектер ортосунда таламай талкууга түшөт. Ошонун баарын жасап жаткан эркектер эч качан талкууга түшпөйт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG