Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Бажы биримдиги: Кыргызстанды эмне күтөт?


Бишкектеги "Дордой" базарынан жүк жүктөп жаткандар, 23-январь, 2013.
Бишкектеги "Дордой" базарынан жүк жүктөп жаткандар, 23-январь, 2013.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе эмгек мигранттарына жеңилдик болгону менен ири базарлар жабылып, жумушсуздук күчөшү мүмкүн.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе Орусияда, Казакстанда жана Белоруста мигранттардын ишке орношуусу үчүн берилчү уруксат кагазына муктаждык жоголоору айтылууда.

Утаарыбыз уруксат кагазбы?

Руслан Кыргызбаев Орусияда сегиз жылдан бери иштейт. Бул өлкөдө ишке орношуу үчүн тыштан баргандар уруксат кагазын алышы керек. Кыргызбаевдин айтымында, мыйзам боюнча аны алуу оңой көрүнгөнү менен иш жүзүндө мигранттар уруксат алуу үчүн айлап күтүшөт. Таптакыр албай калгандар да бар. Ошол себептен Русландын иниси Орусияда бир жылдан бери жумушсуз жүрөт.

- Мыйзам боюнча аны алыш оңой. Миграция боюнча федералдык кызматка (ФМС) барып, арыз жазып алсаң болот. Бирок ФМСте мигранттарга берилчү квоталарды курулуш же башка менчик ишканалар алдын ала алып коюшат. Айла жок алардан 23 миң рублге сатып алууга туура келет. Уруксат кагаз анча кымбат турбасын билсек дагы алууга аргасызбыз, анткени ансыз иштеш мүмкүн эмес, - дейт Кыргызбаев.

Руслан Кыргызбаев инисине уруксат кагазын алыш үчүн дал ушундай менчик ишканалардын бирине үч ай мурун кайрылыптыр. Майдын аягына чейин даяр болуп калат деген үмүттө күтүп жаткан кези.

Уруксатсыз жана каттоосуз иштөө, социалдык коргоонун жоктугу – бул кыргыз мигранттарынын Орусиядагы негизги көйгөйлөрүнүн бири. Аны чечүү үчүн Орусия Федерациясынын жарандыгын алуу тенденциясы күчөгөнү байкалууда.

Бирок экономика министринин орун басары Олег Панкратовдун “Азаттыкка” айтымында, эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе бул маселелер дароо жоюлат.

- Келишимде мүчө өлкөнүн паспорт кармоочулары жергиликтүү жарандар колдонгон укуктарды колдоно алат деп каралган. Башкача айтканда, Кыргызстандын жарандары Орусияда, Казакстанда жана Белоруста иштеш үчүн уруксат кагазын алышпайт жана социалдык коргоого ээ. Бул бизге тиешелүү негизги артыкчылыктар. Ошондо биздин жарандар ал өлкөлөрдүн эмгек базарында теңата иштешет.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени маалым. Коомчулукта 2015-жылга чейин бул маселе чечилиши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Бирок Панкратов бул суроо боюнча так жооп берүү кыйын экенин билдирди.

Орусиялык “Мемориал” укук коргоо борборунун өкүлү Андрей Якимовдун айтымында, Бажы биримдиги түзүлгөндөн кийин Казакстан менен Белорустан келген мигранттардын укугу бузулганы боюнча даттануулары азайган. Анын пикиринде, Кыргызстан да Бажы биримдигине кирсе, мигранттардын абалы жеңилдемек.

Ири базарлардын иши солгундашы мүмкүн

Ошол эле маалда Бажы биримдиги Кыргызстандын миграция маселесин курчутуп, терс таасирин тийгизет дегендер да аз эмес. Алардын бири – “Эл аралык коргоого көмөктөшүү” борборунун директору Акылбек Ташбулатов:

- Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе биздин мигранттардын көп маселелери чечилет деп жатышат, бирок мен буга макул эмесмин. Анткени биримдикке кошулгандан кийин “Дордой” жана “Кара-Суу” өңдүү ири базарлар жабылышы мүмкүн. Ал жакта иштегендер жумуш издеп, Орусия менен Казакстанга жөнөшөт. Биз кайра эле өз жарандарыбыздан ажырайбыз, бул демографияга залакасын тийгизет.

Экономика министринин орун басары Олег Панкратов да ушундай ойдо. Бирок ага карабастан "келишим өзгөрбөйт, анын ордуна Кыргызстандын жарандарын өлкөдө кармап, иш орундар менен камсыз кылуу маселелери каралат", - деп билдирди.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда Кыргызстандын 500 миңден ашык жараны иштейт. Бирок буга мыйзамсыз жүргөндөрдү кошкондо алардын саны бир миллиондон ашаары айтылып келет.

XS
SM
MD
LG