Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Президенттин жүз күнү


Алмазбек Атамбаев ант берүү аземинде президенттик күбөлүктү алган учуру, 1-декабрь, 2011.
Алмазбек Атамбаев ант берүү аземинде президенттик күбөлүктү алган учуру, 1-декабрь, 2011.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенине 9-мартта жүз күн толду.

Бул аралыкта мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөш баштады, АКШ базасын чыгаруу керектигин билдирди. Орусиядан кичиксинтпей, теңата шерик катары мамиле жасоону талап кылды. Алмазбек Атамбаев президенттик жүз күн ичинде өз ишин кандай аткара алды, эмне өзгөрүүлөр бар?

Жүз күндө эмне өзгөрүү болду?

Өткөн жылдын 1-декабрынан бери Кыргызстанда эмне өзгөрдү? Бул суроо бүгүн Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенине 100 күн толгон кезде коюлушу орундуу. Бир катар серепчилер Атамбаевдин көзгө көрүнүктүү кадамдары катары коррупцияга каршы күрөш башташын, тышкы саясатта тең укуктуулукту өктөм талап кылышын атап жатышат. Жаңы президенттин 2010-жылдагы июнь коогасынын күнөөлүүлөрүн, апрель окуялары учурундагы банк уячаларын тоногондорду табуу убадалары да жумурай журттун көңүлүнө орноду.

Мамлекет башчынын маалымат катчысы Кадыр Токтогулов акыркы үч ай ичинде президент кыйла өзгөрүүлөргө из сала баштаганын белгилейт:

- Алмазбек Атамбаев ишке киришкенде эле эң негизги максаттардын бири катары коррупцияга каршы күрөштү айткан болчу. Эң алгачкы жарлыктарынын бири катары коррупцияга каршы кызматты түздү. Бул кызмат өткөн үч ай ичинде бир катар маанилүү иштерди жүргүзө алды. Экинчиден, приоритеттүү багыттар катары аймактык бөлүнүүгө, улутчулдук жана маңкуртчулукка каршы күрөштү белгилеп, идеологиялык иштин пайдубалын түптөй алды.

Президенттин басма сөз катчысы Атамбаевдин тышкы саясаттагы бир чети кескин көрүнгөн олуттуу кадамдарды жасаганы да бурулуш болду деп эсептейт.

Бирок президенттин тышкы саясаттагы кадамдары, атап айтканда АКШ жана Орусия базаларына карата билдирүүлөрү эки ача кабыл алынууда. Бир даары Атамбаев тышкы саясаттагы стереотиптерди сындыра алды деп көтөрө чалышса, оппозиция айрыкча Орусияга каш каккананын одоно жорук катары баалады.

Коомдук ишмер жана дипломат Ишенбай Абдуразаков маселен, Атамбаевдин Орусияга ачык сөз айтканын мындайча баалайт:

- Эгемендүү мамлекет болгон соң, эки өлкөнүн ортосундагы мамилени, көйгөйлөрдү ачык айтып, жашырбай талкуулап алышыбыз керек. Менин пикиримде, Орусия сапары учурунда бир топ маселелер ачык сүйлөшүлдү. Бул жакшы эле жышаан.

Саясатчылар Алмазбек Атамбаевдин ички саясий туруктуулукту аздыр-көптүр камсыз кыла алганын да белгилеп жатышат. Мисалы, ал парламенттин төрагалыгына өз партиясынан көздөй адамын шайлоо аркылуу өз лагерине мурда арсар болуп келген күчтөрдү бура алганын “Айкөл Эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов бөлүп көрсөттү:

-Жогорку Кеңештин курамын өзгөртпөй туруп, өз тарапкери Асылбек Жээнбековду спикерликке алып келип, парламенттеги чачыранды күчтөрдү бириктирүү менен аларды өз программасын колдошуна шарт түзө алганы өтө чоң жеңиш. Бул кайсы бир адамдарга авторитардык чечим катар көрүнгөнү менен фактыларды караганда жетишкендик катары карашыбыз керек. Себеби өз программасын ишке ашырууга Жогорку Кеңештин колдоосу абдан муктаж.

Оппозиция канааттанбайт

Ал ортодо саясий оппозиция Атамбаевдин 100 күндүк ишмердигин канааттандыраарлык эмес деп баалап жатат.

Парламенттеги оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, алгачкы 100 күндө эле Атамбаев элдин ишениминен кол жууй баштады:

- Президенттин жүз күндүгүндө эч кандай натыйжа көрө алган жокпуз. Булар эң башкы ураан катары коррупцияга каршы күрөштү айтууда. Бирок бул күрөштө Акаев, Бакиев мезгилиндеги саясий иштерди казып чыгып, өз оппоненттерине сес көрсөтүү менен алек болуп жатат. Ал эми 7-апрелден тарта башталган коррупцияга күнөөлүүлөрдү таап чыгып, жазалоо булардын колунан келбейт.

Муну менен катар Атамбаев идеологиялык жактан катачылыктарга жол берип жатат деп сындагандар да чыгууда. Айталык, “Орусиядагы сапары учурундагы билдирүүлөрүндө өзү эле эмес, Кыргызстандын кадыр-баркына шек келтирди” - дейт “Жашасын Кыргызстан” партиясынын башчысы Токтайым Yмeталиева:

- Президент өзү үчүн эле эмес, жалпы эл үчүн, тарых үчүн жоопкерчиликтүү. Албетте, Манас атанын эстелигин ачуу жакшы, ал баатырыбызды орус этносу менен байланыштырганы тарыхый ката болуп калды.

Алгачкы 100 күн ичинде Атамбаевдин президенттик бейнеси кандай болду? Саясат таануучу Марс Сариевдин баамында, коомдо азыр Алмазбек Атамбаевдин бейнеси эки тараптуу кабыл алынууда:

- Атамбаевдин президенттик бейнесин көп тараптуу десек болот. Карапайым эл жактыргансып эле атат. Бирок сырттан өз алдынча системалуу иш алып барбаган лидер сыяктуу сезилип жатат. Экономикалык жактан анын аткарганы туура эле болгондой. Себеби, мурдагы стереотиптерди сындырып, башка стратегия менен чыкканы үчүн өнөктөштөрүбүз бизге жараша пландарын өзгөртүүгө мажбур болушууда.

Алмазбек Атамбаев президенттикке өткөн жылдын 30-октябрында шайлоочулардын 60 пайыздан ашык добушу менен 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Баш мыйзамга ылайык, ал бул кызматта бир эле мөөнөт иштей алат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG