Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Шанхай: Кыргызстан чек араны тынч жол менен чечүүгө чакырат


Президент Атамбаев ШКУнун Юридикалык даярдоо жана кызматташтык боюнча борборунун пайдубалын түптөө аземине катышууда, 20.05.2014
Президент Атамбаев ШКУнун Юридикалык даярдоо жана кызматташтык боюнча борборунун пайдубалын түптөө аземине катышууда, 20.05.2014

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Шанхайда ачылып жаткан Азиядагы кызматташтык жана ишенич орнотуу кеңешмесинин саммитинде чек ара чатактарын жөнгө салууда күч колдонбоого үндөй турганын билдирди. Шанхайдан "Азаттыктын" кабарчысы Венера Сагындык кызы кабарлайт.

Кыргызстан үчүн эки коңшусу - Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактардагы коопсуздук азыр баарынан маанилүү маселе экенине басым жасаган Атамбаев Шанхай саммитинде дал ушул чек ара чатактарын куралсыз, күч колдонбой чечүүнү макулдашуу зарыл деген пикирин айтты. Азырынча 20дан ашуун өлкөнүн лидерлери, анын ичинде Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Иран, Казакстандын башчылары катыша турган жыйындын күн тартиби, жыйындан тышкары өтө турган эки тараптуу жолугушуулар тууралуу так маалымат жок. Кыргызстандын расмий делегация өкүлдөрү азырынча андай маселелер макулдашуу этабында экенин гана айтышууда.

Саммитти утурлай кыргыз президенти Атамбаев журналисттерге билдиргендей, Кыргызстан Бажы биримдигине кошулууга аргасыз, башка жол жок. Ал тууралуу макулдашууга ушул айдын аягында кол коюлаар-коюлбасы белгисиз. "Биздин өлкө үчүн коркунуч, кандайдыр тобокелдик жарата турган маселелер минималдаштырылып, курчуп кетиши мүмкүн деген жагдайлар эске алынмайынча, андай документке кол коюлбайт” деп ишендирди Атамбаев. Ал кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев айткан пикирге кошулуп, Шанхайда чогулуп аткан азиялык лидерлер Украинадагы кырдаалды талкуулабай койбойт, ал азыр баарынан мурун талкууланып жаткан тема эмеспи. Бирок эртеңки жыйында ал күн тартибине киргизилээр-киргизилбеси белгисиз деп чектелди.

Кытайда эки күндөн бери өтүп жаткан мамлекеттик сапарынын жыйынтыгын жогору баалап, “Ортодогу бардык маселелер оңунан чечилди. Кытайдын Кыргызстанга тез арада берилчү кайтарымсыз жардам бөлүү чечими олжолуу болду”, - деди Атамбаев. Тактай кетели, Кытай жекшембиде кол коюлган макулдашууга ылайык, Бишкектеги автожолдорду ондоп-түзөөгө 30 миллион доллардан ашыгыраак каражатты кайтарымсыз бермей болгон. Андан сырткары бүгүнкү маалымат боюнча, дагы 50 миллион доллардай грант берилет Кыргызстанга. Түндүк-түштүк автожолунун экинчи фазасын курууга зарыл болуп жаткан 300 миллион долларлык жеңилдетилген насыя азырынча биротоло чечиле элек. Кытай тарап мурда алынган карыз акчаны, тактап айтканда, кагаз-картон фабрикасын курууга деп бөлүнгөн 15 миллион долларлык насыя убагында төлөнүшү керектигин эскертип жатыптыр.

Кыргызстандын тышкы саясаты бир векторлуу, же бир өлкөгө басым жасалып жүргүзүлгөн жокпу деген суроого Алмазбек Атамбаев “Андай болгон жок. Бирок Кыргызстан биринчи кезекте коңшулар менен тыгыз алакада болушу керек, Кытай же Орусия менен бизди эч ким уруштура албайт” деп жооп берди.

Ош шаарына газ берилбей жатканына токтолуп, “Жакында бул маселе чечилиши керек, кантсе да кыргыз өкмөтү ишеничтүү өнөктөштү тандады” деп Газпромго колдоосун билдирди.

“Кыргыз-тажик чек арасы тынчыбай аткандыктан, бул жагдай эки өлкөнүн жетекчилиги ортосунда талкууланып жатканына токтолуп, чектеш аймактарда айрым учурларда элди козуткан күчтөр бар” деген оюн айтты Атамбаев.


Кытай "Манаска" кызыгууда

Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кытайлык CCTV телеканалына интервью берип, анын соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда айтылган эң маанилүү маселелердин бири - Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу кеңешмесинде кол коюла турган Шанхай декларациясынын тексти макулдашылып бүтө элек. “Азыр да биргелешкен документтин тексти талкууланып, оңдолуп атат, бул боюнча талаш-тартыш уланууда», - деп айтты министр.

"Азаттыктын" “Украинадагы кырдаал тууралуу 20-майда ачылчу Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу саммитинде сөз болобу?” - деген суроосуна Эрлан Абдылдаев «Украинадагы кырдаал, соңку окуялар кеңешмеде ачык талкууланып, ал маселе Шанхай декларациясына кирбеген күндө дагы, көшөгө артында, лидерлердин арасында сөзсүз талкууланат», - деген ишенимин билдирди. Андан сырткары министр башынан эле Кыргызстан Украинадагы чыр-чатакты, кризисти украиндер өздөрү чечиши керек деген позицияны карманаарын дагы бир ирет кайталады.


Ошол эле учурда “Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу тууралуу чечимине Кытайдын көз карашы кандай?” - деген суроого министр Абдылдаев Кытайдын жетекчилиги Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу планын эгемен өлкөнүн чечими катары сыйлаарын билдирди. Анын үстүнө Бажы биримдигине мүчө Казакстан, Орусия, Беларус Кытай менен ар тараптуу алакаларын өрчүтүп жаткан кези. “Ошондуктан бул маселеде эч кандай тоскоолдук болбойт”, - деп ишендирди министр.

Муну менен катар “кечээтен тарта кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан өкүлдөрдөн эки өлкө ортосундагы мамилелерде чоң жылыш болуп жатат деген сөздү угуп жатабыз. Мындан улам Кытай Борбор Азияда активдешип жатабы?” - деген суроо да берилди.

Бул суроого кыргыз тышкы саясат мекемесинин башчысы Эрлан Абдылдаев “Кытай тараптан эле эмес, Кыргызстан тараптан да активдешүү жүрүп жатат. Кыргызстан да, Кытай да бардык тармакта, бардык деңгээлде мамилелерин абдан ыкчам активдештирүүгө кызыктар, мындай жагдай коңшулаш эки мамлекетке тең пайдалуу", - деген жообун берди.

Конкреттүү мисалдарга келсек, президент Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин 18-майдагы жолугушуусунда Кытайдын лидери өз өлкөсүндөгү 2-3 ири компания “Манас” аэропортун эл аралык хаб, же жүргүнчү жана жүк ташуучу транзиттик борборго айландыруу долбооруна кызыгуусун билдиргени белгилүү болду. Долбоорлор Кыргызстан тарапты да кызыктырып жатыптыр. Орусиянын “Роснефть” компаниясына тийбей калган “Манас” аэропортун өнүктүрүү иши кытайлык компанияга тийип калышы мүмкүн деген сөздөр айтылууда.

Андан сырткары кечээ Кыргызстан менен Кытай ортосунда кол коюлган жети документ арасында ветеринардык жана фитосанитардык кызматтар ортосундагы өнөктөштүк тууралуу документ бар эле. Дал ушул документтин мааниси өтө чоң экенин министр Абдылдаев белгиледи. Анткени, ушул макулдашуу аркылуу Кыргызстандан айыл чарба, мал чарба продукциясын, анын ичинде балким, текстиль, кездеме, кийим-кечени Кытайга экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылат, ал аркылуу эки өлкөнүн соода катышындагы ири дисбалансты (Кытайдан импортторгон товардын көлөмү беш млрд. доллардан ашса, ал жакка экспорттолгон товарлардын баасы бир жылда 100 млн. долларга да жетпейт - бул Кытайдын коммерция министрлигинин расмий маалыматы) аз болсо да оңдоо аракети жасалмакчы.

- 20-майда Шанхайда Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу кеңешмесинин саммитине 20дан ашык өлкөнүн лидерлери барат экен. Анын ичинде Орусиянын, Ирандын, Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары катышаары күтүлүп жатыптыр. Дал ушул саммиттин күн тартибинде кандай маселелер каралаары белгилүү болдубу?

Азырынча бизге маалым болгондой, бул саммиттеги талкуу, кеңешме жабык өтчүдөй. Анда кабыл алынчу биргелешкен документ дале талаш-тартыш жаратып атыптыр. Азиядагы кызматташтык жана ишенич орнотуу кеңешмесин, айрым маалыматтар боюнча, Кытай жетекчилиги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна барабар бир бирикмеге айландыруу ниетин билдирүүдө. Саммитти утурлай, Кытай тарап төрт гана өлкөгө мамлекеттик сапар уюштурууга мүмкүнчүлүк бериптир. Алар Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Иран. “Ошондуктан, ушунун өзүнөн эле Кытай кайсы тарапка басым жасап жатканын билсеңер болот”, - деп белгиледи тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Кытай лидери кыргыз жетекчилери менен жолугушууда "Азиядагы эгемен мамлекеттер бардык маселени өз алдынча чечүүгө тийиш", - деп кайрылганы айтылууда.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG