Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Кыргыздын Күнү тутулганда


Гезиттер жума күнкү санын өлкөнүн саясый жана социалдык жашоо-турмушуна арнаган макалалар менен жарыкка чыкты.

“Акча жана бийлик” аттуу орус тилдүү гезит бүгүнкү санында аталган басылманын жакында кыргыз тилиндеги нускасы жарыкка чыга баштарын, аты “Чоң казат” деп аталарын, бирок ал жандүйнө менен жаркын үмүттөрдүн “чоң казаты” болорун кабарлады.

“Мамлекеттин тагдыры кыл учунда кылтылдап турат. Башкаргандар өлкөнү экономикалык жана социалдык апааттан сактап калуу үчүн колун сунуп, дүйнө кезип жүрөт, жергиликтүү тургундар, болгондо да түбү кыргыздардын өзү түгөнбөгөн митингдерди өткөрүп, жолдорду бууп, бийликке талап коюп, чыгыштан батышка, түштүктөн түндүккө марш тээп келет. Кыргыздар бирдеме болсо эле комиссия түзмөйгө, партия түзмөйгө өттү, партиясынын саны 150гө жетти. Кудай бетин салбасын, күнү-түнү чогулуш, күнү-түнү сөз, күнү-түнү саясат...

Өлкөдө деги кимдер иштеп атат? Кыргыздардан башкасы: орустар, корейлер, дунгандар жана башка улуттагылар же жогор жактын жардамына эмес, өзүнүн гана жеке күчүнө таянгандар” иштеп атат” деп жаны кашайды “Улуттун күнү тутулганда” деген көлөмдүү макаласында белгилүү жазуучу Талип Ибраимов.

Автор аталган макаласында өзгөчө улут катары бар же жок болууда интеллигенциянын ролу, журналисттердин миссиясы, маданияттын маңызы, Манас менен мактана берүүнүн “пайдасы”, байкушчулуктун байкушчулук дарты, 20 жылдан берки баскан жол, экономика, бийлик маселеси, жерден боор көтөралбай сойлоп келатканыбызды сынга алган.

“Фабула” гезити баш макаласын журналист Баратбай Аракеевдин “Дос күтүүнүн азабы арбын” деген макаласы менен баштады. Аракеев мамлекеттер аралык мамилелерде кайсы өлкөлөр менен дос болуу керектигине ой калчаган. Орустун кылымдан берки сыналган дос экенин эске салат.

“Кыргыз руху” гезити Түрк-Кыргыз байланышы тууралуу баяндады. Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын сүйлөгөн сөздөрүн жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Түркия Республикасы Кыргызстандын 51 млн. доллар карызын кечип, 10 млн. доллар берип узатты” деген жакшы кабар менен ачты. Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин Түрк мамлекетине жасаган иш сапарын журналист Мырзакат Тыналиев баяндап берген.

Президент Роза Отунбаеванын Бишкек шаарынын күнү менен, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарды келе жаткан 1-Май майрамы менен куттуктоолору да ушул санда.

Аталган басылма ошондой эле “Салттуу музыканын сакбактары” деп аталган баштеманын алдында көркөм өнөр ээлеринин ойлоруна орун берди.

Композитор Атайбек Бөдөшовдун маселелүү макаласы “Музыка сабагына душмандык мамиле” деп аталып, кыргыз мектептериндеги музыка сабагы боюнча сааттын аздыгына, окуу китептердин жоктугуна, билим деңгээлинин начардыгына токтолгон. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө “музыка” сабагына өзгөчө мамиле жасалып, башка сабактарга караганда саат көбүрөөк бөлүнөрүн, а кыргыз мектептеринде болсо сааты да кыска, окуй турган китеби да жок экендигине басым жасаган.
XS
SM
MD
LG