Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Соту жылмышчаактын өлкөсү кылмышчаак


Гезиттер 7-апрелден кийинки сот жүрүшүн, коалиция түзгөнгө тапшырма алган саясый партиянын аны түзгөнгө кудурети жетпей жатканын жазышты.

7-апрель окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткандардын айыптары угузулуп бүткөнүн маалымдаган “Учур” гезити Аликбек Жекшенкулов башчылык кылган жалпы улуттук Конгресстин кайрылуусун басты. Анда парламент мыйзам бузуулар менен шайланганы айтылып, Жогорку Кеңештин жаңы курамына мандаттарды тапшырууну саясый чечим катары кабыл алууну, анткени парламент шайлоочулардын үчтөн биринин гана добушун алып, “меньшевиктер” болуп калганын, эми парламентке келген саясый партиялар шайлоого чейин элге берген убадаларын аткарбаса, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштебесе, анда адекваттуу чараларды кабыл алары эскертилген.

Журналист Асланбек Сартбаевдин маеги “Аскерлер соттолгончо мен соттолоюн” деп аталат. Маектин каарманы мурдагы Башпрокурорлордун бири, сотто күнөөлөнүп жаткан Элмурза Сатыбалдиев. Ал учурдагы маегинде мамлекет деген эч качан жоокерлерин соттобостугун, анткени адегенде аларга буйрук бергендердин өзүн аныктоо керектигин, генерал деген катардагы аскерге буйрук бергенден кийин ал буйруктун мыйзамдуу же мыйзамсыз экендигин тактоо үчүн жоокер прокуратурага чуркап барбастыгын, буйрук деген аскер тартиби боюнча кыйшайюусуз аткарыларын, андыктан катардагы аскерлерди күнөөгө тартуу туура эместигин белгиледи.

“Айат” гезити “Иранда ири иштер чечилди” деген ат менен президенттик админстрация башчысы Эмил Каптагаевдин маегин басты.

Эмил мырза Иран тараптан мурда убада кылынып, бирок өкмөттүк гарантия болбогондуктан улам берилбей калган 50 млн. евро соода-экономикалык активдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган келишим түзүлгөнүн, Ирандын тышкы иштер министри Ош, Жалал-Абад жергесине өзбек-кыргыз ынтымагын чыңдоо максатында социалдык долбоорго кайтарымсыз 1 млн. доллар беребиз дегени да чечилгенин, ошону менен бирге эле Кыргызстан үчүн өзгөчө стратегиялык мааниси бар Бандер-Аббастан 10 гектар жер берүү маселеси коюлганын, бул маселе оңунан чыкса Кыргызстан үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран аркылуу Инд океаны аркылуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү ачыларын айтып берди.

“Айат” гезитине андан ары “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун мурдагы төрагасынын орунбасары Ринат Накенов “Эки ишкананын ишине кийлигишүү губернатордун иши эмес” деген аталышта интервью берип, буга Жалал-Абад облус губернатору Бектур Асанов кийлигишип жатканын, мамлекеттин үлүшү 86 пайыз болгондон кийин чыр-чатакка жеткирбей эле мамлекет өзү баарына чекит коюп койсо болмогун айтса, “Кыргызнефтегаз” АКнын деректирлер кеңешинин мүчөсү Бакытбек Молдокасымов жаңы станоктор менен иштесе жылына 85 миң тонна тургай 100 миң тонна мунайзат өндүрсө болорун, Бишкектеги 2 күндөн бери өтүп аткан пикетчилердин талабы-мурдагы жетекчиликтин келишимин жокко чыгаруу болуп жаткандыгын айткан.

Аталган гезит “Кыргыз Республикасынын тоо-кен өндүрүшчүлөрүнүн жана геологдор ассоциациясынын Жерүй кени боюнча көз карашын” жарыялады. Ага ушул уюмдун төрагасы Орозбек Дүйшеев кол койгон. Катта бүгүн Жерүй кенин өздөштүрүү боюнча ылдамдатуу чараларын көрүүгө, ачык конкурс жарыялоо зарылдыгына, конкурстук комиссияга тоо-кен өндүрүшүнүн көз карандысыз адистерин тартууга, акыры Жерүй кенинде кайсы бир кызыл кулактардын кызыкчылыгына эмес, өлкөнүн элине иштеп бере тургандай шарт түзүлүшүнө басым жасаган.

Кыргыз эл артисти, белгилүү кино оператор Нуртай Борбиевдин кызыктуу маеги да, “өлөт” дегенден кийин үч балалуу болгон майыптар коомунун төрагасы Шүкүрбек Кучкачовдун маеги да ушул санда.

“Асман press” гезити жаңы санын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орунбасары Алик Байбөриевдин “Россия менен миң адисти жумушка алуу келишимин түздүк” деген маеги менен ачты.

Аталган басылма курама өкмөт түзө албай Алмазбек Атамбаевдин айласы кете баштаганын, эгер жолу болбой калса курама өкмөттү куроо тапшырмасын алууну “Ата Мекен” партиясы күтүп жатканын, экс-президент Аскар Акаевдин “башын” баалаган Россия ага татаал деген кванттык экономиканы башкарууну сунуштап, күчүн алган атса, кыргыздар атын угары менен ичиркенип, жерип келатканын кабарлады.

“Ата-Журт” саясый партиясында да Бакиевге каршы иштегендер болгонун, маселен Бакиев 2005-жылкы март революциясынан кийин Жогорку Сотту 2-3 ай бою ОБОНчу аялдарына бастырып, 2008-жылы “Акжол” аркылуу Адахан Мадумаров баш болуп өзүн кызыматтан алдыртып таштаганын азыркы депутат, ошол кездеги Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов айтып чыкты.

Кара-Кулжа райакиминин 1-орунбасары Дарман Эркинбаевдин маегинде райондун азыркы абалы, кыш камы, мектеп даярдыгы тууралуу кеп жүрөт. Район жетекчисинин орунбасары жаштардын миграциясы дагы эле күчөп турганын, Сары-Булак айыл өкмөтүндө мармар таш өндүрүшү ишке киригизилип, 17 адам иш менен камсыз болгонун билдирген.

“Учур” гезити Бакиев убагында финансы полициясын башкарып, далай былык иштери менен белгилүү болгон Акимжан Муйбиллаев 7-апрелден кийин куйругун түйүп качып кетсе, айрым имиштерге караганда эми ал кайра келгени жатканын, анткени издөөгө салынгандардын көбү үй түрмө менен бошонуп кетип атканын, жакында эле ошондойлордун бири Бакыт Сыдыков эки күн темир тор артына жата калып, үй түрмөсүнө чыгып кеткенин эстетип: “ эгер ушундай өрнөк менен бара берсек, эртең Муйбиллаев, бүрсүгүнү Данияр Үсөнов келеби?” деп суроо койду.

Гезит мындан тышкары ал жердеги кыргыз балдар Бакиевдин издөөдөгү уулдарынын бири Марат Бакиевди Алма-Атадан көргөнүн, өлкөнүн күч органдары “издеп жүрөм” дегендерин карыш турган жерден кармап келе албаса, анда алар кылмышкер саналгандар менен жең ичинен келишим түзүп алганбы деген ойдон бөлөк ой башка келбейт экен деп жазды.
XS
SM
MD
LG