Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

“Кетер кыздын” “кет-кети”


Kyrgyzstan - Local Kyrgyz Newspapers
Kyrgyzstan - Local Kyrgyz Newspapers

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин негизги темасы эл өкүлдөрүнүн кечээ күнкү кенедей маселени керип-чоюп кечке талашып-тартышканы, абийир деңгээли жөнүндө кеп болду.

“Кыргыз руху” гезити парламенттин алгачкы жыйналышын “Абышкалар алжып, жаштар жаалдана баштады” деп: “Кеңири коалиция түзөлү, ынтымакка келели” деп эстүү киши көрүнүп жаткан Камчыбек Ташиев адатынча кайрадан боксердук ыкмаларга өткөнү калдыбы? Айрыкча Анвар Артыковдун аркыраганын түшүнө албадык. Өлкөдө жардыруулар болуп, эл жаңжалдан жалкып турга маалда булардын мындай кылыктары эси жоктуктун эле эмес, эсиргендиктин белгиси.

Кыргызстан мындан мурун хандык башкарууга баратса, эми кинорежиссер Темир Бирназаровдун “белгисиз маршрутуна” окшоп, туңгуюктагы туманга кептелди. Ырылдашканды коюп жол издебейлиби, жолбашчы тандабай, жол тандабайлыбы? Адегенде парламенттин башы-көзүн, өпкө-жүрөгүн аныктап албаса, Камчыбек Ташиев түздүргөн комиссия кайсыны аныктап кыйратмак эле?" деп жазды.

Журналист Азизбек Келдибековдун макаласында Акаев менен Бакиев доорундагы өкмөт башына тура калып кайра кеткендер жөнүндө сөз болот. Ушул эле автордун дагы бир макаласы “Ит кутурса ээсин кабат…” деп аталат.

Жардыруунун себептери жана коалициянын түзүлүшү тууралуу саясат талдоочулар менен саясатчылардын айткандары да “Кыргыз руху” гезитинин ушул санында.

"Жаңы агымдагы" баш макаласын Аскер Сакыбаева “Кызыккандар” көп, Кыргызстан жалгыз” деп атап, өлкөдөгү акыркы окуяларды иликтөөгө алган. Буга байланыштуу айрым атуулдардын ойлорун ортого салган.

Гезит муну менен бирге “президент Роза Отунбаева эл өкүлдөрүнүн айрымдары криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта экенин кыйытты. Мындай пикирге кошуласызбы?” деген суроо таштады.

Коомдук ишмер Д. Сарыгулов: Азыркы парламентттин курамын карап көрүңүз, басымдуу бөлүгү Акаев менен Бакиев заманында жеп ичкендер,-деп;

Генерал М. Ниязов: Криминал менен байланышкан эл өкүлдөрүнүн жүзүн коомчулукка жарыялоо зарыл,-деп;

Укукчу Д. Ошурахунова: Криминалдын өкүлдөрү парламентке шайланып келсе анда неге аларга убагында кылмыш иши ачылган жок? Эмне үчүн мандат алышына шарт түзүп беришти?-деп;

Коммунист И. Масалиев: Бүгүнкүдөй заманда криминалдарга караганда криминал эместерди табуу кыйын,-деп;

Саясатчы Эдил Байсалов: Президенттин сөзүнүн чындыгы бар,-деп;

Саясый серепчи Т. Какчекеев: Эгемендиктин алгачкы жылдарында эле саясый элита менен криминалдык чөйрө бир табактан тамактанып келет. Маркум Рысбек Акматбаевди Курманбек Бакиев өзү баш, калгандары төш болуп тосуп алган. Ошол жөрөлгө дагы эле уланууда. Учурда айрым эл өкүлдөрүнүн криминалдык дүйнөдө “ынак достору” бар экени жашыруун эмес,-деп;

Депутат К. Ташиев: - Президенттин айтканына таптакыр кошулбайм,-деп;

Депутат Ч. Турсунбеков: - Ооба, андайлар бар,-деп;

Депутат К. Иманалиев: - Ким кылмышкер экенин түпкүлүгүндө сот гана аныктайт,-деп жооп берди.

Аталган гезит булардан сырткары “Сот ушундай болсо кайдан тынчтык болот?” деген макаланы басты. Парламенттик шайлоого катышып, эл көзүнө илине түшкөн Темирбек Асанбеков аттуу жигит менен маектешти. Ал:

-Бул парламент жарым жыл, бир жыл ичинде өз программаларын ишке ашыра албаса, бизге окшогон жаңы муун өлкөнүн саясый жетекчилигине саясый элита түзүү сунушу менен чыгат,-деп айтты.

“Курама өкмөт түзүлдү. Келечекке ишеним аз. Коалиция бийлиги канчага созулат?” деген суроону койгон “Саясат” гезити бюджеттин таңсыктыгы 28 млрд. сомго жеткенин, өндөрүш иштебей, өлкө казынасына түшчү салык азайганын, эң башкысы түзүлгөн коалиция туруктуу иштеши керектигин, антпей талаш-тартыштын уюгуна айлана берсе, түбөлүгү түз болбосун белгиледи.

Гезит коалициянын келечеги жок дегендердин жүйөсүн мисалга тартты.

1-Россия менен Казакстан парламенттик башкарууга каршы. Ошол эле Россия Кытай менен бир пикирде туруп, ырасмий Бишкектен АКШ аскерлерин алып чыгууну талап кылат. Бийликтин иштешине бут тосуп, чек араларын жаап салып, атайылап экономикалык кысым көрсөтөт.

2-Алдыда президенттик шайлоо. Атамбаев да, Текебаев да ажолукка ат салышам деп атып бийликти кайрадан алдырышат.

3-Түзүлгөн өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен аймагында кадыры жок, буга дейре да болгон эмес. Ошондуктан жаңы бийлик ушул аймакка мамилесин кескин өзгөртпөсө кадыр-барк табышы кыйын.

4-Жаңы өкмөттүн даяр экономикалык программасы жок.

5-Парламенттеги түштүкчүл “Ата Журт” жана орусчул “Ар-намыс” партиялары парламенттик демократиядан пайдаланып жаңы бийликке болушунча тоскоолдук кылат.

“Саясат” гезити жаңы туулган коалициянын өмүрү канча болору тууралуу ойлорго да орун берген.

“Алиби” гезити “ЕККУнун Астанада өткөн саммитине макала арнады. “Террорчулукка каршы шартты түзүп берген бийлик күнөөлүү” деген ат менен саясатчы генерал Мирослав Ниязов маек курду.

Ушул эле гезит ажылыктан түшкөн 3 жарым миллиондон ашуун доллар кайда кеткенин санап чыккан мусулмандар конгрессинин коомдук бирикмесинин төрагасы Бакыт Нурдиновдун макаласын басты.

Кара-Буурада Чыңгыз Айтматовго эстелик орнотуу боюнча марафон өтүп, ага ким канчадан кошумча кошкону кабарланды.

50 жашка толгон белгилүү акын Кожогелди Култегиндин жаңы ыр топтому жарыяланды.

“Алибинин” жаңы санына “Манас”- киноэпопея эл аралык коомдук фонддун демилге тобу даярдаган “Манас” мыйзам долбоору басылып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун: “Кыргызстандын демократияга өтүү аракетине суктанам” деген сөзү менен ачып, кепти андан ары кыргыз президенти Роза Отунбаеванын “Кыргызстан: “Демократияга кайтып келүү программасы ишке ашат” деген сөзү менен улаган.

Аталган басылма чындык издеп, гезит аркылуу талашып-тартышкан жарандардын, уюмдардын каттарын, ырасмий материалдарды, Искак Раззаков тууралуу эскерүүлөрдү, Чаткалдын азыркы абалы тууралуу баянды, Кара-Кужурда коомдук малды элдин кантип талап алгандыгы жана Таластагы төө буурчак жөнүндө макалаларды, ошону менен бирге эле Ош коогалаңында атылып өлтүрүлгөн Аскар Шакиров жөнүндө баянды жана “Күнөө чагымчылар да, өзүбүздө да” деп аталган теология доктору Самаган Мырзаибраимовдун макаласын тартуулады.

“Форум” гезити ордуна олтура элек жатып “оюн” салган парламенттин кечээ күнкү жыйындагы ойку-кайкы жоругунан маалымат берип, бүтпөй келаткан мунайзат чатагы жөнүндө “Кыргызнефтегаз” кечээ жана бүгүн” деп аталган макаланы тартуулады.

Айбек Шамшыкеев өз макаласында Ош менен Бишкектеги жардырууну талдоого алды. “Унутулган каарман” деген рубрика алдында жарык көргөн макалада СССР маалындагы Ооганстанда диверсанттык топту башкарган кыргыздын кыйын азаматынын бири, чыккынчы генерал-майор Соколовскийди аткан Эмил Факирдиновдун эрдиги даңазаланган.
XS
SM
MD
LG