Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:17

Муштум боло албаган колду кесип салышат


Кыргыз парламентинин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.
Кыргыз парламентинин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.

Бүгүн жарык көргөн гезиттер үч партиядан түзүлгөн коалиция үч күн жашабай туруп, “о-мийин!” болгонун, “бакиевчил” күчтөр башкарууга өтө баштаганын жазып чыгышты...

“Бакиевдин бийлегени аз келгенсип, “бакиевчилер” бийлей баштады” деген баштема менен жарык көргөн “Алиби” гезити өткөн жумада өйдөлөнүп калган коалиция тууралуу ар кандай маанидеги кабарларды таратты. Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин атасындай болгон Ташполот Балтабаевге сөөмөй кезеп, “кет эле, кет” деп зекип турганын, акыл менен эмес акча менен добуш бергендин жыйынтыгы акыры ушундай болорун, көрө турган көйгөйлөр дагы көп болорун, Максим Бакиев менен табакташ болгондор жаңы жашоого бут тосууларын муну менен эле токтото койбостугун баса белгиледи.

Журналист Үсөн Касыбеков фракциялардын таржымалын талдоого алды.

Күнболот Момоконов “Эл башкарам” десең этегиңди жап!” деп аталган макаласында: “...революциянын локомотивдери болгон партиялардын ити чөп жебей тургандан кийин анда бул парламентти акчалуу бакиевчилердин үстөмдүгү орногон парламент деп кесе айта берүүгө болот. “Ата-Журт” партиясы алдыга чыкканда эле айттым эле, Кыргызстанга Бакиев бутун салды деп. Мунун чындыгын биз бир аз күндөн бери жонтерибиз менен сезип жатабыз. Алыста жатып алып Бакиев азыркы жетекчилерди шылдыңдай баштады. Саясатында салмактуу жүрүш баштай албагандардын айынан өлкөдө болуп көрбөгөндөй башаламандык башыбызга чыкты” деп жаны кашайды.

“Досум дегендер, токоч алдап жегендер” деген макаласын тартуулаган Болотбек Таштаналиев: “Парламент төрагалыгына Текебаевди колдобой коюу - “Ата Мекенди” эле эмес, Атамбаевди колдобой коюу дегендик. Бул каршылык - Кыргызстанда жаңы бийлик системасынын орношуна, өлкөдө өзгөрүүлөр болушуна, мамлекеттин туруктуу жашашына жасалган каршылык. Кыргызстандагы кландар жана криминалдарга дал ушундай туруксуздук, башаламандык керек. Парламент башына да, өкмөт башына да күчтүү лидерлер, 7-апрелдеги элдик революцияга түздөн түз салым кошкондор келүүгө тийиш эле. Эгер “Республика” түзө турган коалицияга КСДП менен “Ата Мекен” фракциялары кирбей калса, эгер паламент башына Текебаев келбесе, өкмөт башына Атамбаев келбесе, анда 7-апрелдеги элдик революция жеңилгендигин, эл революцияны ууруларга дагы бир жолу уурдаткандыгын түшүндүрөт. 7-апрелди башынан кечирген эл дагы бир революцияга чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт” деп жазды.

Үч партиядан куралган коалиция 3 күнгө жетпей кулаганын, тилекке каршы Алмазбек Атамбаев “төрөткө” даярдаган коалициянын “ымыркайы” аборт жолу менен алынганын жана “өлүү” түшкөнүн белгилеген “Форум” гезити Бабанов да мурункудай эле Атамбаевди өкмөт башчылыгына, Текебаевди спикерликке, өзүн вицеликке сунуштаган форма менен барса, эми өткөндөгү “чыккынчылар” гана эмес, аларды азгырган оппозициядагылар дагы добушун берүүгө мажбур болот. Парламенттин таркап кетүүсүнөн КСДП менен “Ата Мекен” коркпойт, оболу ошол оппозициядагылар коркот” деген ойду айтты.

Нарынбек Касымалиев менен Алмаз Темирбек уулунун өткөн санда жарыяланып, бүгүнкү санда корутунду бөлүгү жарык көргөн маеги “Советтик чыккынчы, генерал-майор Соколовскийди аткан Эмил Факирдинов ким? “ деп аталып, союз убагында Ооганстанда укмуштай эрдик жасаган эр жүрөк адамдын турмушу бүгүн өтө оор абалда калганына коомчулуктун көңүлүн бурган.

“Абийрсизди Мекенинен ажыратса да жүзү ошол” деген макала экс-президент Бакиевге арналып, аны журналист Баратбай Аракеев жиликтеп чыккан.

“Кыргыз туусу”
гезити акыры коалиция түзүлбөй койбостугун, эгер партия лидерлеринде өзүн өзү сактоо айласы үстөмдүк кылып кетсе анда өкмөттү жетектөө Феликс Куловго берилиши мүмкүн экендигин белгиледи жана буга байланыштуу Минскиде жатып алып “Жаңы ордо” гезитине берген экс-президент Курманбек Бакиевдин интервьюсундагы мына бул сөзүн: “Кыргызстанда мени колдогон адамдар “Ата-Журт”, “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-Намыс” саясый партияларына өз добуштарын беришти” деп айтканын шилтеме кылды.

“Кыргыз туусу” гезитиндеги бул макаланын автору Бакиевдин ошол сөзүнө сөзүнө сереп салуу менен: “Демек Өмүрбек Бабановдун буга чейин “атамекенчилер” жана социал-демократтар менен коалиция түзүүгө макул болгондугу жана ал үчүн башкы кызмат орундардан баш тарткандыгы жөнүндөгү билдирүүлөрү Минскидеги Курманбек Бакиев аттуу “режиссердун” оюнун ойноп бергени болуп жатпайбы?” деген бүтүмгө келди.

Макаласынын аягында ал: “Эгер мындай болгон учурда бул кадам өлкөдө кайрадан бакиевчил күчтөрдүн бийлиги толук орногонун далилдеп турган жокпу? Буга революциячыл күчтөр макул болушабы? Же өлкө кайрадан революциянын капшабына кабылабы? Окуянын ушул өңүттө өнүкпөшүнө ким кепилдик бере алат?” деген суроо менен аяктады.

Гезит жаңы санында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исках Раззаков жөнүндө эскерүүлөрдү бул ирет да уланткан.

“Кулатовдуктарга кулак салчу адам барбы? Же Данияр Үсөнов бизди жаш баладай алдаган экен” деген кат президент Роза Отунбаевага багышталып, Ноокаттын Кулатов айыл округунда курулган “Түштүк кыргыз цементи” деп аталган жабык типтеги акционердик коом менен аймак тургундарынын талаш-тартыштарынын чоо-жайын баяндаган. 17 миңден ашуун адам нааразы болуп жазган доо арыз Жогорку Соттун кароосунда турганын эске салган.

“ХХI кылымдын жылдыздары теледолбоорунун автору Сагын Ниязалиеванын маеги “Быйыл 60-70-80-жылдардын шлягер ырлары аткарылат” деп аталат. Өткөн доордун жылдыздарынын концерти ушул жылдын 16-17-декабрында Токтогул атындагы филармонияда боло тургандыгын кеп кылган.

Гезитте ошондой эле Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев менен адабиятчы Кадыркул Даутовго арналган макталдар жана “Манасчы Жусуп Мамайдан колуңарды тарткыла!” деген макала да жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG