Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Экинчиси эмне болот?


Гезиттер эл өкүлдөрүнүн экинчи жолку аракетинен деле майнап чыкпай тургандыгын баяндаган макалаларга басым жасады.

“Патологиялык калпычы” деген макала менен бүгүнкү санын ачкан “Алиби” гезити Курманбек Бакиевдин хандык бийлигинин бекемделишине өнтөлөп кызмат өтөгөн “Жаңы ордо” гезитинин, анын башкы редактору Бекен Назаралиевдин Минскиге барып, экс-президенттен алып келген маегин жиликтөөгө алган. Бакиевдин андагы айткандарынын баары калпка жана бурмалоолорго жык толгондугун, жалган айтпаса туралбай калган бул адамга калп айтуу текей тергенден да оңой экендигине бир кыйла мисалдарды келтирген.

“Алиби” андан кийинки майда кабарларында: “Өткөн жуманын аягында Таластан бир топ киши Бабановго атайы келип, Бакиевчилер менен коалиция түзөм деген аракетин катуу сынга алып, “жигит бир сүйлөйт”, “жигиттин өзү өлгөнчө сөзү өлсүн” деген экен, Бабанов “Ата-Журт” менен бирикпейм” деп сөз бериптир” деп;

“Ишенимдүү булактардан угушбузга караганда жаңы жылдан кийин Россия Куловдун “Ар-Намыс”, А. Нифадьевдин “Соодружество”, Т. Асанбековдун “Мекен ынтымагы” жана А. Медетбековдун Элдик демократиялык партияларынын башын бириктирип, бир лидерди президенттик шайлоого аттандырганы жатыптыр” деп;

“Жыл башында Бакиевдердин үй-бүлөлүк бийлигинен коркпой, ачык күрөшкө чыккан нарындыктар “Кумтөрдөн келген 7 млн. сом. менен “Жүрөгүм менин тоолордо” марафонунан түшкөн 3 млн. сомду элге кайтарылсын деп кайрадан нааразылыкка чыкты. Маалыматтарга караганда, аталган акчалар жергиликтүү аткаминерлердин кулкунуна куюлуп кеткен имиш. Нарындыктар мындан тышкары Кум-Бел, Жетим-Тоо, Аксай жана Арпа жайлоолору сатылбасын, мугалимдердин айлыгы көбөйтүлсүн, мурдагы жеңилдиктер сакталсын деп талап коюп жатышат” деп;

“НТВ телеканалынын маалыматы боюнча, А. Лукашенко орустардын “тилин” табуу үчүн Бажы союзу менен Эркин экономикалык айдыңга кирүү үчүн колун коюп эле тим болбостон, Бакиевди өлкөсүнөн кууп чыгуу үчүн убадасын бериптир” деп;

“Кыргыздын кыпындай да кызыкчылыгын ойлобой, канткенде чоң болом деп, жеке амбицияларын мыкчып олтурган депутаттардан тажаган эл парламенттин тарашын күтө баштады” деп;

“Көлдүктөр “жумуртка” ылакабынан качан, кантип арылат?”, “Теңиртоолуктар кайра толкуйбу?” деген макалалар да ушул “Алибиде”.

“Форум” гезити Э. Аттокуровдун “Таластыктардын тамашасы же “гүбүрнатырлардын” резиденция талашы деген макаланы окурмандарга тартуулады.

“Азаттык” радиосунан алынып жарыяланган макала “Коалиция түзүүнүн машакат жолунда” деп аталат.

“Ант” деген ат менен жарык көргөн макаланын автору Сапарбаева Айканыш Керим кызы байыртаан келаткан анттын табият-таржымалына токтолуп, Бакиев бийликке келгенде Башмыйзамга колун койбой туруп, баш кийимсиз ант бергенин, кызуу абалында “Анжыян полькасын” бийлегенин, ошондо анын алдынан кара мышык чуркап өткөнүн, акырында антка каршы иштерди жасагандыгы үчүн анттын кусуру урганын эске салды.

“Форум” гезити 7-апрелде курман болгон Махамаджан Камчиевдин жубайы Асира Жусупованын “Чолпон Жакупованын бетин тытып, чачын жулайын десем жанымдагылар кармап, арачалап калышты” деген ызалуу баянын басты.

Спикердин милдетин убактылуу аткарып жаткан депутат Ташболот Балтабаевдин “Артыков келип кечирим сурагансыды...” деген маеги жарыяланды. Аягында ал:

-Үч күндүн ичинде 5 партия бир үстөлгө олотуруп, телелерди чакырып, ачык сүйлөшүп, “сенин каалаганың эмне?” деп, эл алдында ачык сураш керек. Эл булардын эмнени көздөп аткандарын билсин. Адегенде өкмөт түзүп, өлкө басчу жолду мыйзамдап алып, андан кийин дос, кас дегенди издейли. Азыр бири-бирибиз менен эрегишип, буттан тартып отурчу учур эмес,-деп айтты.

“Улуу инсандын улуулугун унутпасак” деген баштеманын алдындагы ой-пикирлердин топтому айтылуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго арналды.

Кыргыз эл сүрөтчүсү, “Кыял” элдик көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин жетекчиси Султанбек Макашовдун “Кыялга” көзүн арткандар мыйзамсыз иштерин токтотпосо, элдик чеберлер пикет-митингдерге чыгабыз деп турушат...” деген аталыштагы маеги да ушул гезитте.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын президент Роза Отунбаеванын ЖККУ жыйынына катышканын, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин түрк депутаттары менен жолукканын баяндаган макалалар менен ачты.

Саясый илимдердин доктору Жолборс Жоробеков “Эгер чындык бүгүн айтылбаса...” деген ат менен Ош, Жалал-Абадда болгон кандуу окуяларды иликтеген Улуттук Комиссиянын төрагасы, академик Абдыганы Эркебаевге ачык кат жолдоду.

“Бир тууган Салиховдор кыргыз мамлекетин түптөшкөн” деген макалада Кара Кыргыз автоном облусунун, андан кийинки Кыргызстандын түптөлүү тарыхына айрым тактоолор киргизилген. Маслиевдер кантип Салиховдорго айланып калганы айтылган.

Гезит муну менен бирге жер-жерлерден келген каттарга орун берген.

Кара-Суу районундагы Сары-Колот айылындагы жасалып жаткан алгылыктуу аракеттер журналист Төлөнбай Абдыразаковдун “Чакан аймак, ири иштер” деп аталган макаласында кеп болот.

Бул сандагы Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин макаласы “Бакыт кушу казак эине кайра конду” деп аталат.

Журналист Мундузбек Тентимишов “Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Атадагы музейи кароосуз калабы?” деген макаласына окурман көңүлүн бурду.

Улуу жазуучунун: “Эгер мага кайра туулуу бактысы туш келсе, мен баары бир жаным жактырган Ысык-Көлдү тандап алар элем” деген сөзүн камчы сап кылып алган автор, бул үйдүн курулганына 52 жыл болгонун, ал жайгашкан Калинин көчөсүн Мухтар Ауэзов атындагы көчө кылып атап коюу эч кимдин оюна эмдигиче келе электигин, дагы жасай турган көп иштер бар экенин эске салган.

Киночулар Жаныш Кулмамбетов менен Руслан Машраповдун алым-сабагы “Автордук фильм: кинонун келечегиби же аргасыздыктан табылган айлабы” деген суроого жооп издеген.

Бул санда ошондой эле дүйнө чемпиону Данияр Көбөнов менен анын машыктырычуусу Ратбек Мамбетовдун маектери да тартууланды.

“Кыргыз туусунда” акындар С. Байгазиевдин “Абийир соту” аттуу ыры, Б. Бугубаевдин “20 жылдын жыйынтыгы ушундай” деген поэмасынын үзүндү да жарыяланды.
XS
SM
MD
LG