Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Кенендигиң - тереңдигиң...


Гезиттер бийлик адамдарынын жана алардын атаандаштарынын маектерине, айткан ойлоруна, сын-пикирлерине кеңири орун берди.

“Мамлекеттеги саясат элдин кызыкчылыган карата жүргүзүлүшү керек”.

Мына ушундай аталыш менен бүгүн жарык көргөн “Кыргыз руху” гезитине президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаевдин маеги басылды.

Буга чейинки эки президент жүргүзгөн саясат менен азыркы саясаттын асман-жердей айырмасы барын, ал кездеги администрациялардын башкы милдети президенттердин былык саясатын жымсалдоо, алардын жеп-ичкендерин камсыз кылуу болгонун, ошол эле Карыпкулов, Садыркулов же Сыдыков ар кандай иштерди жасаганга барышканын, бирөөлөрдү коркутуп, бирөөлөрдү сатып алуу менен иш жүргүзгөндөрүн айтты президенттин администрация башчысы.

Роза Отунбаеванын иштөө ыкмасына токтолгон Эмил Каптагаев, президенттин көз карашынын кенендигин, чыдамкайлагын, эл аралык алкакта тажырыйбасынын молдугун, мамлекет башчылары менен мамлекеттик деңгээлде мамиле түзө билгендигин, демек бир эмес 2 президентти кууп чыккан элдин келечеги буюрса кенен экендигин, кытай менен жапон калкына окшоп биз да өнүгөрүбүздү, өсөрүбүздү белгиледи.

Буга удаа эле журналист Азизбек Келдибековдун Мисир Ашыркулов, Үсөн Сыдыков, Данияр Үсөнов өңдүү аткаминерлердин ишмердүүлүгүн эске салган макаласы сунушталды.

Нарындын экс-губернатору Адылбек Эсенбаевдин маеги “Элдик көзөмөл орнотуу үчүн кайрадан күрөшкө аттандым” деген ат менен жарык көрдү.

“Алиби” гезити баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Карышкыр сай” деген макаласына орун берди. Автор коалиция маселесин талдоого алып: “атажуртчулар” айтканына көнбөсө, 3-айлампа башталып, талаада каларын сезген Атамбаев УККны, Прокуратураны, айтор болгон жылтырактын баарын берүүгө мажбур болгону айтылууда. “Жаш карышкырларга” алданып калган “арнамысчылар” болсо, өткөндө “Ата Мекен” ойт берсе, эми “Ата Журт” алдап баса берди деп отурат” деп жазды.

Зулпукаар Сапанов бул жолку макаласын “Авторитаризмдин жана сепаратизмдин азабын тарттык, эми экстремизмден оолак бололу!” деп атады.

“Саясат”
гезити “сүрдүүгө сүртүмдөр” деп аталган жаңы рубриканын алдында мындан ары аты таанымал саясатчылар тууралуу баяндап турарын түшүндүрүп, бу жолу “Ар-намыстын” башчысы Феликс Куловдун саясый ишмердүүлүгүн жиликтөөгө алган.

Макаладагы айрым бир кичи темалар: “Кыргыз тилин билбеген мэр, кунары учкан борбор”, “Түрмө”, “Кыргызстанды ХИПИКке кошуу аракети”, “Бакиевдин куурчагы”, “Элди алдаган Кулов”, “Саясый өлүккө айланган саясатчы”, “Кайрадан саясатта” деп аталат.

Бул санга ошондой эле мугалимдерге арналган ой-пикирлер, Искак Масалиевдин “Мыйзамсыздык, куугунтук боюнча кимге кайрыларымыды билбей турам”, Бакыт Бешимовдун “Жакынкы келечекте биз каалайбызбы, жокпу, аларда элита алмашат” деген аталыштагы маектери жарыяланды.

И. Масалиев “жаңы бийлик революциядан кийин ачык коом түзүш керек болчу, бирөөнү түрмөгө камабай. Мага окшогон миңдеген кишилер бар. Беш айдан бери күбөлөрдү таппай, сот улам артка жылдырылып келатат” деди.

“Форум”
гезити журналист Эртабылды Аттокуровдун мугалимдердин эмне үчүн баркы жоктугун талдоого алган макаласын элдин элегине салды.

7-апрелде ок тийип, балдак таянып, майып болуп калган Мээрбек Мискенбаевдин маегинин аты: “Тирүүнүн өлүгү болуп жашагыча, өлүп калсам эмне?...” деп аталып, жамбашынан операция болгондон бери деле биротоло оңолуп кетпегенин, ар жума сайын 2500 сомго дары алып турарын, дарынын айынан акча сурай берип карызга белчесинен батканын, мамлекет башында берген 100 миң сом эбак түгөнгөнүн, абалы оор экенин сыздап айтып берген.

“Жаңы агым” гезити жаңы жылдан тартып Россиянын өкмөтү соода тармагындагы мигранттардын эмгегин пайдаланууга тыюу салуу менен жыл сайын Москвадан 5 миң кыргызды депортациялоону пландап турарын билдирди” деген кабар менен бүгүнкү санын ачты.

Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун “Террорчулукка куралды эмес, коомду каршы коюушубуз керек” деген маеги тарууланды.

- Азыр эл саясаттан да, кан төгүүлөрдөн да тажап турат. Эгер биз туура саясат жүргүзүп, калкты карөзгөйлүккө каршы көтөрө алсак, эл террорчуну да өзү кармап, ачыкка алып чыгат. Оштун эли согуш көргөн эл. Алар согушту же жаңжалды уккандан коркуп кетпейт. Ошондуктан баары жакшы деп жымсалдай бербей, болгонун болгондой айтуу зарыл,-деп айтты.

Ошто жаш келиндер уурдалып, кордолуп жатыптыр деген кеп-сөздөрдүн баары чагымчыл ушак-айыңдар экенин, мындай кептерди дал ошол радикалдык исламдын, сепаратчыл күчтөрдүн өкүлдөрү атайылап бийлик менен элдин ортосундагы жараканы тереңдетиш үчүн таратып жатканын белгилген Мелисбек Мырзакматов:

- Туруктуулук орнош үчүн Ош шаарын өнүктүрүүнүн башкы концепциясын кабыл алуу керек. Кудай буйруса, ошол концепцияны жаңы парламентке алып чыгам. Өлкө бүтүндүгүн ойлогон парламент, өкмөт муну колдойт деп ойлойм. Кырдаалды түп тамырынан бери өзгөртүү керек. Борбордук бийликтин айрым бутактарын - Коргоо Министрлигин, Конституциялык сотту, Миграция жана жумуштуулук боюнча министрликти жана Дин иштери боюнча комиссияны Ошко көчүрүү зарыл. Болбосо биз сепаратчыл оорудан таптакыр арыла албайбыз,-деди Ош шаарынын мэри.

“Кыргыз туусу”
гезити башкы макалаларын мугалимдердин азыркы жагдайына арнады. Республика боюнча 71 миң мугалим барын, андыктан саясатчылар так талашуу кумарынан чыгып, мугалимдердин койгон талабын чечүүнүн үстүндө иштөөсү зарылдыгын баса белгиледи.

Буга улай эле Кыргыз Республикасынын эл мугалимдери Мукаш Базаркулов, Исак Бекбоев, Асан Заркунов, Бектур Исаковдун «Улуттун акыл-эси, ар-намысы силерсиңер!” деген каты, “Ата Мекен” партиясынын билим берүү тармагынын кызматкерлерине кайрылуусу, “Алганыбыз 200 сом, көмүрдүн тоннасы 3500 сом” деген чакан кабар менен коштолуп басылып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезитинин бул санына ошондой эле “Бекназаровду коргоп калууга кудуретибиз жетет” деген ат менен президентке, башкы прокурор менен Жогорку Соттун төрайымына багышталган кат жарыяланды. Ага 18 киши кол койгон.
XS
SM
MD
LG