Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

"Кыргызстан ар бирибиздин алаканыбызда"


Гезиттер жаңы өкмөт, анын мындан аркы өмүрү жөнүндө ойлорго орун берип, “жыл мыктыларын” аныктай башташты.

“Кыргыз руху” гезити “Лукашенкодон куулуп, Максимге корголойбу?” деген макаласында: “Байлыгынын баарын банктары аркылуу чыгарып кетип, бул жакта түрмөдө жаткан Санжар менен Акмат Бакиевдерден кабар алып койгонго жарабаган Бакиевдер ар кими өз алдынча кара баштарын калкалап калды. Өмүр бою жашынып жүрүү капшабына кабылган Бакиевге караганда бакыйган мамлекеттин, бакыйган окуу жайында профессор болуп ачык жүргөн Акаевдин тагдыры өйдө өңдөнбөйбү” деп жазды.

“Жылдын мыкты партиясы” деп “Республиканы” атаган гезит мунун себебин “Бабановдун “барбарос” планы ишке ашты” деген макала менен түшүндүрдү.

Шаар башчысы Иса Өмүркуловдун, белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун маектерин, акын-пародист Азизбек Келдибековдун “Папкестан-пародияларын” да ушул гезиттен окууга болот.

“Жаңы агымдагы” Темирбек Алымбековдун кырдаалды талдоого алган макаласы “Ата Журттун” танкасы, алдында калды канчасы?” деп аталат.

7-апрелдеги кандуу окуяга байланыштуу жүрүп жаткан сот жүрүшүн жиликтөөгө алган юстициянын генерал-майору Кубат Кожоналиевдин, мугалимдердин арманын айтып чыккан мугалимдердин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловдун маектери да ушул санда.

- Көпчүлүк, таза адам кызматка барса эле коррупция болбойт дейт. Таза адам президент же премьер-министр болгон күндө да, система өзгөрмөйүн коррупция азайбайт. Азыр 3 партия коалиция түзүп, экөө оппозицияда болуп, андан сырткары парламентке кирбей калган партиялардын көзөмөлүн күчөтүү керек. Ошондо коррупция азаят,-деп айтты “Жаңы агымдын” жаңы санындагы маегинде “Замандаш” саясый партиясынын лидери Муктар Өмүракунов.

Өлкөнү кризистен алып чыгуу маселесин дүйнөлүк, тарыхый мисалдар менен салыштырып, бүгүнкү кырдаалды талдоого алган Өмүракунов өнүккөн өлкөлөрдө бийликке келгендер ар дайым өз кызыкчылыгынан мамлекет кызыкчылыгын жогору койгонун, а бизде, тескерисинче, ким бийликке келбесин байлык топтоого өтөрүн кеп кылды.

Кайрымдуулук иштерди жасап келаткан “Замандаштын” лидери жайында Соң-Көлдө 40 күн “Манас” айтууга эле миллион сом жумшаганын, азыр Карина аттуу фигуристка кызды Москвага алып барып жайгаштырып, үй-жай жана тренер маселесин чечип келгенин, дагы 2-3 спортчуну каржылай баштаганын айтты. Мындан ары убакыттын көп бөлүгүн экономикага багыттаарын, анткени Кыргызстандын тагдыры ар бирибиздин алаканыбызда турганын, өлкөнүн түбүнө жетиш оп-оңой экендигин, аны эки президент эң сонун далилдегенин, бирок кайра куруш, кубаттуу, гүлдөгөн Кыргызстанга айлантыш оңой болбостугун, анткен менен алакандай эл-журт жашаган бейиштин төрүндөй жерибиздин потенциалы күчтүү экендигин кошумчалады.

“Саясат” гезити “Бакиевчилер кайрадан бийликте. Атамбаев-Келдибеков союзу канчага созулат?” деген баштеманын алдында макала тартуулады. Макала “Алмазбек Атамбаевдин ишенгени ким?”, “Тандемдин өмүрү канча?”, “Марат Султановдун жылдызы жанабы?”, “Үчилтиктин артында ким турат?” деген майда аталыштардан турат.

“Саясаттын” жаңы санында “Борбор Азия оттуу очокко айланабы?” деген ат менен орусчадан которулуп жарыяланган маек, “Орусиядагы көчө шыпырган кыргыздардын өмүрү коркунучта” деген макала ж.б. материалдар да бар.

“Кыргыз туусу”
гезити расмий материалдарды, дайындоолор менен куттуктоолорду, энергетиктердин күнүнө арналган баянды, Жогорку Кеңештеги кызмат бөлүштүрүү аяктаганын маалымдап, Бишкек гуманитардык университетинде Манас таануу кафедраларын ачуу маселесин козголгонун кабарлады.

Гезит ушул эле санына “Жылдын алдыңкы айыл аймактарын” аныктап, айыл башчыларынын сүрөттөрүн жана жасаган иштерин жар салды.

Мугалимдердин көйгөйүн кеп кылган жогорку окуу жайларынын окумуштууларынын ойлоруна орун берди.

Маселен педагогика илимдеринин доктору, профессор Искендер Исамидиновдун макаласы “Мугалимди барктабаган өлкөнүн келечеги жок” деп аталат.

“Алиби” гезити Чокмор Кыдыралиев аттуу автордун “Вечерканын” кезектеги куу тумшук “өрдөгү” же Мануйловага сыйынымыш эткендердин чын ниети” деген макалага окурман көңүлүн бурду. Макалада автор атактуу скульптор, маркум Мануйлованын үй-музейин бетке кармап алып, “Вечерний Бишкек” гезити Кыргызстандын мамлекеттик бийлигине тескери ой-пикир жаратып жатканын, башка дагы "жагымсыз иштерин" сынга алынган.

Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Кел-кели келген Кумтөрдүн кет-кети” деген ат менен басылып чыкты.

“Асман press”
гезити жаңы санын “жыл мыктыларын” атоо менен ачты. “Жылдын саясатчысы” деп депутат Камчыбек Ташиевди атады. Журналист Дайырбек Орунбековдун макаласы “Экстер кетип, эскилер келди” деп аталды.

Гезит узап бараткан жолборс жылы кандай болгонун эске салып, келе жаткан коен жылы эмнелер болорун айтып бергендердин кеп-сөзү менен тааныштырды.

“Форум” гезити бул санын “Чыгыш календарындагы чындыктар” деген макала менен ачып, жолборс жылында төрөлгөн президент Роза Отунбаева үчүн келаткан коен жылы көп түйшүктөн арылган, эс алуу менен тынч эмгектин жылы болорун;

Маймыл жылындагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев үчүн коен жылы мыкты жыл болорун, анын иши бардык жагынан оң түшөрүн;

Жылкы жылындагы спикер Акматбек Келдибеков үчүн да коен жылы жакшы жыл экенин, Жогорку Кеңештин төрагасында сүйүү да, иш да, жоопкерчилик да жетишерлик болорун анан аны саясат да коштоп жүрөрүн көз ачыктардын айтканынан же асмандан түшкөн аян аркылуу эмес, кадимки эле Чыгыш календарынан алып жазганын жар салды.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Өкмөт курамынын тирешүүсүнөн кыйгап өтө албайбыз” деп аталып, өкмөттүн курамы кандай түзүлгөнүнө саресеп салган. Автордун оюнча Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаев бара-бара тымызын араздашууга өтүп алып, өкмөт башчысынын кол алдындагыларга талап коюусун кыйындатып, өкмөт мүчөлөрүнүн тирешүүсү ачыкка чыгып, муну менен эл нааразылыгы күчөп, 2-3 ай аралыгында коалиция өзүн-өзү бийликтен кетирери талашсыз окуяга айланат деген жыйынтыкка келет.

“Форум” гезити ошондой эле коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун “Убактылуу өкмөт 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдин жеңишин Конституциялык жобо аркылуу жокко чыгарды” деген аталыштагы билдирүүсүн жарыялады.
XS
SM
MD
LG