Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Карыз акча жана кайберендин эти


Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин Москвага жасаган иш сапарын Орусиянын гезиттерида талдашууда.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин Москвага жасаган иш сапарын Орусиянын гезиттерида талдашууда.

Бүгүн Кыргызстандын гезиттери жарыкка чыккан жок. Ошондуктан баяндамабызды интернет булактарынан алынган маалыматтар аркылуу даярдадык.

Өтүп бараткан жылдын акыркы санын эртеңкиге даярдап жаткан гезиттер бүгүн жарыкка чыккан жок. Ошондуктан баяндамабызды интернет булактардан алынган маалыматтар боюнча жасайбыз.

“Россия – Кыргыз Республикасынын стратегиялык башкы өнөктөшү жана бизде андан бөлөк атаандаштык жок” деп айткан Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин сөзүн шилтеме кылган маалымат булактары аны ар кандай өңүттөн талдоого алышууда.

“Кыргызстан Россиясыз жашай албайт", "Бишкек Маскөөнүн финансылык жардамына таянат", "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды кризистен чыгаруунун жолун издөөдө”.

Орусиянын “Независимая газетасы” макаласын ушундай аталыштар менен атап, алгачкы ырасмий сапарын Москөөдөн баштаган кыргыз өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушуусунда Курманбек Бакиевдин убагында токтотулуп салынган кредитти кайрадан Кыргызстанга кайтарып келүү аракетин көргөнүн, эгер бул маселе оңунан чыкпаса жаңыдан түзүлгөн коалициялык өкмөттүн келечеги кыйын болуп каларын жазып чыкты.

Бирок “быча элек тондон кыр, быша элек аштан чыр издеген” оппозициядагы “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун белгилөөсү боюнча “Атамбаевдин министрлер кабинетинде профессионалдар жокко эсе” болсо, “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Равшан Жээнбековдун айтымында, коалиция мүчөлөрү министрлик портфелдерди бөлүшүп эле тим болбой, өлкөнүн аэропорттору менен жолдорун, вокзалдары менен стадиондорун да бөлүп алышты.

Ал эми Гарвард университетинин Борбор Азия боюнча эксперти, профессор Жон Шоберлайн “Саясатка өңчөй бизнесмендер келди. Алар ар кандай мамлекеттик маселелерди өздөрүнүн ишкердик чен өлчөмү аркылуу гана чечкенге көнүп бүткөн эмелер. Бизнесмендер эч качан мамлекеттик деңгэээлде ой жүгүртө албайт” дейт.

Бирок ушуга карабастан орустардын жардамын алууга Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Кремлде аны жакшы билишет. Саясый технологиялар борборунун вице-президенти Сергей Михеевдин ою боюнча, Москва Кыргызстанга финансылык жардам берери анык.

Угармандарыбыздын эсине сала кетели, 2009-жылы Россия Кыргызстанга 2 млрд. доллар жеңилдетилген кредит берсе, Бакиевдин өкмөтү анын 500 миң долларын ”талаага” чачып ийгенден кийин Маскөө калган акчаны бербестен дароо токтотуп койгон. Атамбаев Кремлден бул жолу дал ошол акчаны кайра бербесеңер кыргызга кыйын болгону калды деп сурап баргандагы кербези...

“Назависимая гезити” ушуну жазды.

“24. kg” маалымат агенттиги аркылуу саясый серепчи Аскарбек Мамбеталиев “Намаз окуу деген ар кимдин жеке иши болуп саналат. Ошондуктан намаз окугусу келген депутат анысын колко кылбастан, парламенттин жалпы регламентине зыянын тийгизбегендей кылып өзү чечип алышы керек, эгер намаз маалы депутаттык иш маалына туш келип калса, намазга кетирген сааттарын толтуруш үчүн кийин кошумча иштеп берүүгө тийиш” деп айтты.

* * *


“Жаңырган айдын ортосунда ЕврАзЭШ фондунан Кыргызстан үчүн 200 млн. доллар бөлүп берүү маселеси караларын Алмазбек Атамбаев Москвада жүргөндө билдирди” деп кабарлады “24.kg” маалымат агенттиги.

Өкмөт башчысынын айымында бул каражат казына таңсыктыгын толтурууга жумшалат.

Бишкек басма сөз кызматы Россиянын белгилүү саясый серепчиси Андрей Грозиндин маегин окурмандарга сунуш кылды. Анын айрым бир жерлерине кыскача токтоло кетели.

- Сиздин оюңузча 2011-жыл Борбор Азия үчүн кандай жыл болушу мүмкүн?

- Менин оюмча, кооптуу жагдайлар тилекке каршы күчөшү мүмкүн. Келаткан жылы АКШ менен анын өнөктөштөрү Ооганстандагы катышын кыйла кыскартат. Ошол эле убакта анын ордуна Жамаатык коопсуздук келишими уюмун чыңдоо аракеттери жасалат же Орусиянын Борбор Азия аймагындагы таасири кайрадан калыбына келтирилет. Бирок муну менен бирге эле Россия АКШнын ордун алмаштыруу менен Ооганстандын “баткагына” батууну каалабайт. Тилекке каршы Борбор Азия республикаларынын өз аймактарынын коопсуздугун камсыз кыла ала турган система түзө алчу күчтөрү жок. Эгемендик алгандан бери 20 жыл өттү, бирок бул өлкөлөрдө жалпы коргонуу багытында эч кандай аракеттер жасалган жок. Ошондуктан мурдагыдай эле Борбор Азияга таасир эткилери келген Батыш менен Россиянын, Россия менен Кытайдын атаандаштыктары кала берет.

Саясый серпечи Андрей Грозин ушундай деди.

Бишкек басма сөз кызматына маек курган Кыргызстандын экологиялык кыймылынын төрагасы Эмил Шүкүров жылды жыйынтыктап жатып:

- Өтүп бараткан жыл бир сөз менен айтканда, табиятты калкалоонун жылы эмес талкалоонун жылы болду. Табиятты сөз кылсак эле глобалдык маселерден баштап баш оорута баштайбыз, ошол эле учурда Ала-Тоонун кудай берген жараталышы жайрап баратат. Башкаларын мындай эле коёлу, жадагалса Кызыл китепке кирген айбанаттарыбызды сактай албай калдык. Ырасмий тыюу салынган аркар-кулжаларды көз көрүнөө кырып кирдик. Ата-бабаларыбыз касиетин сактап келген кайберендердин этин кадимкидей базарда сатып калган күнгө жеттик,- деп жаны кашайды.

Эмил Шүкүровдун белгилешинче, табиятты сактай турган эки чоң мамлекеттик кызмат бар. Бири – жаратылышты коргоо боюнча агенттик болсо, бири-андан да кудуреттүү чек ара кызматы.

-Мен,- дейт, Эмил Шүкүров,- көптөгөн мамлекеттик ишмерлер менен сүйлөшүп, аркар-кулжаларды кырганды токтотуу жөнүндө маселе койсом, алар “адегенде элдин курсагын тойгузуп алалычы, жараталыш маселесин андан кийин карайбыз” дешет. Аткаминерлер элдин курсагын дагы эле тойгуза элек, ал эми табият талкалангандан талкаланып баратат...

Эмил Шүкүров Кыргызстандын жаңгак токойлорунун азыркы абалын балдарсыз калган коом менен салыштырып, жаңгактар карып, кыйылып, түгөнүп баратканын, бирок анын ордуна жаш көчөттөр тигилбей калганын какшап, коомчулукка коңгуроо какты...
XS
SM
MD
LG