Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

Дин эмес, жин бузуп жатат


Бүгүн “Лозунг” гезити жарык көрдү. Диндин өзөктүү маселелери Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жуманов менен саясый серепчи Орозбек Молдалиевдин маектеринде айтылды.

“Лозунг” гезити жаңы санында Талас эли “Республика” партиясынын өкүлдөрү менен жолугушканын, жолугушууга келгендер түзүлгөн коалицияны колдоорун, жаңы өкмөткө убакыт берип, иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү керектигин баса белгилегенин, ал эми жаңы жыл алдында: “Б=биз Талас элинин атынан келдик. Мындай коалициянын кереги жок” деген 30 чакты адам жалпы таластыктардын оюн билдире албастыгын, аларды эл делегат кылып жөнөтпөгөнүн, бул адамдар белгилүү бир партиянын гана мүчөлөрү экендигин, атүгүл алардын борборго барган жол киресин, тамак-ашы менен жатаканасын кимдир бирөөлөр төлөп бергендигин маалымдады.

Бүгүн айтылуу ырчы Рыспай Абдыкадыров тирүү болсо 70 жашка чыкмак. Кыргыздын салттуу өнөрүнө бурулуш жасап, кыргыз музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон улуу обончу тарыхта Атай, Муса менен үзөнгүлөш айтылууга, даңкталууга акылуу экендигин эске салган уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаевага 10 беренеден турган кайрылуу жолдошту. Анда Рыспайдын ыр жыйнактарын чыгаруудан тартып, фестивалдарды өткөрүү, кинобаяндарды тартуу, “эл артисти” наамын берүү, үй музейин түзүү, көчөлөргө атын коюу өтүнүчтөрү бар.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун маеги “Мугалимдердин талабын этабы менен аткарууга аргасызбыз” деп аталып, бюджеттеги кыйынчылыктарга карабастан мугалимдердин айлыгы ушул жылдын 1-январынан тарта 30 пайыз көбөйтүлгөнүн, бул алгачкы кадам болгонун, эми мындан ары каражат издеп табуу менен айлык маянаны көтөрүү маал-маалы менен жүргүзүлөрүн, азыркы күндө эмгек акы төлөөнүн жаңы концепциясы иштелип чыкканын, бул концепция илгертеден бери келаткан тарифтик торчодон баш тартуу менен кепилдик, дем бере турган мүнөздөгү төлөмдөрдү киргизүүнүн негизинде эмгек акы төлөнөрүн белгиледи.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов ошондой эле каржылоо булактары аныкталгандан кийин ушул жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдерге акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилерин да кошумчалады.

Гезит саясый серепчи Орозбек Молдалиевдин “Экстремисттер сакалчан-дамбалчандар эмес, алар арабыздагы эле илим-билимдүү, акылдуу, кызматтуу адамдар” деген аталыштагы маегин тартуулады.

Орозбек мырза бардык эле нерселерди динге байланыштыра берүүгө болбостугун, мисалы “Хизб-ут Тахрир” уюму диний көз карашты кармангандардын өзүнчө тобу болуп саналганы менен программасында террор жолу менен мамлекеттик төңкөрүш жасоо деген жоктугун, андагы адамдар биздин Улуттук коопсуздук комитети айткандай сакал-мурутту кое берип, кир чапанды жонуна жамынып алып кетип бараткан байкуштар эместигин, алар алда канча билимдүү, акылдуу келишерин, булар негизинен светтик мамлекетти мамлекет деп эсептебестигин, “Хизб-ут Тахрирдин” тактикасы идеологиялык ыкма аркылуу катарын арбытуу болуп саналарын, айрым шайлоо өнөктүктөрүндө саясатчылар ушулар менен байланышып, ушулардын добушун алуу үчүн соодалашып, омурткасы сынчу оюн ойноп келатышканын, бул өңдүү саясый лидерлер бизде бир топ экендигин, демек азыр “Хизб-ут Тахрирге” каршы туруу да кыйындаганын баян кылды.

Орозбек Молдалиев ошону менен бирге эле диний билим дегенде бир гана ислам динин таңуулай бербестен башка диндердин да тарыхын, келип чыгуу себептерин, өзөктүү принциптерин талдап сабак берүү керектигин, дагы бир маселе муфтияттын күчтүү болушуна шарт түзүү зарылдыгын, мына ушундай жол гана террорчулукка каршы күрөшүүнүн бирден бир натыйжалуу жолу болорун айтты.

- Акыркы жылдары муфтиятка криминалдык топтор кысым кыла баштады. Эмне үчүн? Анткени молдокелер да пара алганга өттү. Пара бар жерде, акча бар жерде криминал оюн жүргүзөт. Анын үстүнө экстремизм деген так ушундай саясий-экономикалык кризиске тушуккан жерде күчөйт. Алар элге: “мына, Кыргызстанды Акаев 15 жыл, Бакиев 5 жыл жеди. Азыр дагы эле жеп-ичерлер иштеп атат. Эгер халифат орнотсок мындай болмок эмес, пайгамбардыкындай адилет, жыргал коомдо жашамакпыз” деп кыйналып турган кыргыздын башын айланта беришет,-дейт Орозбек Молдалиев.

Саясый серепчи андан ары кыргыздын карапайым бир үй-бүлөсүн мисалга тартып:

- Атасы, кудайга шүгүр, мусулман. Энеси болсо баптисттерге кошулуп кеткен. Уулу шаарда жүрүп протестант болуп алган. Кызы “Иса машаяк” агымынын мүчөсү. Айткылачы? Анан ушундай үй-бүлөдө каяктагы ынтымак, каяктагы ырыс-кешик болот? Ата-бабадан келаткан кыргыздын жамандык-жакшылыгы кантип уланат? Ушундай үй-бүлөлөрдөн турган мамлекеттин келечеги барбы? Биз демократиянын артынан кууп алып, саясат менен алпурушуп атып, аң-сезимибизди жалаң сырттан келген миссионерлерге уурдатып жатабыз. Алар өлкөгө оңбогондой көп акчасы менен агып кирүүдө,-дейт саясый серепчи.

Ал адегенде эски бийлик намазга уруксат берип, кайра тыюу салып, анан толкуп көчөгө чыкканда камап, алдын 15-20 жыл соттоп жибергенине, 7-апрелден кийин эскинин ордуна келген жаңы бийлик баарын түрмөдөн боштондукка чыгарып (Ноокат окуясы тууралуу сөз болуп жатат) дагы бир жолу жаңылганына, анткени түрмөдөгүлөр күр бошотулбастан, дыкат текшерүүдөн өткөрүлүп, бошосо мунапыс жолу менен бошотуларына, эгер туура эмес соттолгон болсо, аларды соттогон соттор камалышы керектигине токтолгон.
XS
SM
MD
LG