Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Тарыхта калууга эркиң жетеби, өкмөт?


“Дело №...” гезитинин жаңы жылдан кийинки жаңы саны жарык көрдү. Бүгүн ошондой эле кыргыз тилдүү “Лозунг” гезити да күркөлөргө түштү.

“Кыргызстандыктарды алдап жүрүшөт. Алар жакшы жашашы керек эле”. Аталган жумалык бүгүндөн баштап “Эмне үчүн керемет байлыгы бар Кыргызстандын эли кедей жашайт?” деген маселенин айланасында кеп козгорун окурмандардын эсине салып, Эсеп палатасынын мамлекеттик башкы инспектору Абдималик Кудайбергеновду сөзгө тартты.

Экономист Кыргызстан кедей өлкө деген болбогон жомок экенин, аны дал ошол бийлик башына келгендер жер алдындагы баалуу кендерди башка колдорго сатып, чет өлкөлөрдөн акча алыш үчүн ойлоп табышканын, биздин өлкө дүйнөдөгү эң бай деген өлкөлөрдүн катарына кирерин, маселен нааразылык акциясына чыккан мугалимдердин айлыгын 1-январдан баштап 30 пайызга көбөйтүү деген жөн эле шылдың кылгандыкка жатарын, анткени алардын айлыгын айына 15-20 миң сомго көтөргөнгө мамлекеттин кудурети толук жетерин билдирди.

- Финансист катары муну кантип далилдейсиз?

- Далилдеп көрөйүн. Келгиле, Кыргызстан менен Грузияны салыштыралы. Грузиянын жери Кыргызстандан 3 эсеге аз, эли 5,4 млн. Бирок мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү – 4 млрд. долларды түзөт. А биздики болгону – 1 млрд. доллар. Кыргызстанда баары бар, Грузияда андай эмес,- деген Кудайбергенов Кыргызстанда бюджетке түшө турган акчанын эң зор бөлүгү көмүскө жакта айланып жүрөрүн, көмүскө экономиканын бюджетине жыл сайын 1 млрд. 800 миң доллар кетип турарын, анын бюджети мамлекеттин бюджетинен алда канча чоң экендигин, мамлекеттик системанын өзү коррпуциялашкан өлкөлөрдө ушундай болорун айтты.

“Кыргызгаз” менен “Кыргызтелеком” жөнүндө “кызыктуу” фактыларды ачыкка чыгарган Абдималик мырза, 20 жыл ичинде Кыргызстандын салык системасы дүйнөдөгү эң эле коррупциялашкан системалардын бирине айланганын, бизде: “Баарын кедейлер төлөп, байлар байыш керек” деген принцип иштеп келатканын, башы менен эмес буту менен баскан өлкөлөрдө байлар салыктын 45-50 пайызын төлөрүн, ал эми Кыргызстанда 100 пайыз салыктын 10-15 пайызын гана байлар төлөп, калган 80-90 пайызын кедей-кембагалдар төлөп келатканын кеп кылды.

Сөз арасында Эсеп палатасынын мамлекеттик башкы инспектору, ушу кезде сокур ичегиге окшогон, пайдасынан зыяны көп мекемелер бир топ экенин, алардын бирине Айыл чарба министрлиги кирерин мисалга тартып, Грузия дал ушул өңдүү артыкбаш министрликтерди жана кыйыр түрдөгү салыктарды жоюунун эсебинен дүйнөдөгү коррупциялашкан 122-орундан коррупциясы дээрлик жоюлуп бараткан 7-орунга түшкөнүн, Кыргызстан болсо дүйнөдөгү коррупциялашкан 183 өлкөнүн ичинде дагы эле 169-орунда турганын, Грузияда революция бир жолу болсо, бизде эки жолу революция болгонун, Кыргызстан бейиштин төрү болсо, Грузия табияты, жер-суу байлыгы жагынан бизге жетпестигин, ошого карабай грузин бийлигинин чечкиндүүлүгүнөн кыска убакыт ичинде дүркүрөп өлкөсү өсүп кеткенин, демек өлкө башына эл жегендер эмес, эл дегендер келип, Грузиядагыдай өз өлкөсүн уурдап-тоногондордун, жеп-ичкендердин кулкунуна кум толтурганда гана өсүш болорун баяндап, Грузиядагыдай болуш үчүн эң биринчи иретте Кыргыз жетекчилигинин саясий баатырдыгы, эрки керектигин кошумчалады.

“Камчы Көлбаевге жолугуп арак ичкен эмесмин”. Мына ушундай аталыш менен “Лозунг” гезитинин бүгүнкү санына Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков маек курду.

“Эмне себептен элдин баары саясатташып кетти? Эмне үчүн бүгүн өнүгө албай жатабыз?” Мына ушул суроолорго жооп издеген Келдибеков, анын тамыры экономиканын начардыгында, жумушсуздукта, бекерчиликте жатканынан көрөрүн белгиледи. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Өкмөт түзүмүн азыркы шартка ылайык кайрадан түзүп келерин билдиргенин, ошол түзүм каралганда Нарын жана Көл аймактарындагы эске алынбай калган кадрлар эске алынарын эстетти.

Кабарчынын: Жаңы жыл алдында Караколдогу “Каприз” ресторанында кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаевге жолугуп, майрамдады” деп жазып ийдик эле. Жолукканыңыз чын беле?-деген суроосуна Келдибеков:

- “Каприз” деген ресторан эмес, лыжа тепчү база. Ошого лыжа тепкени баргам. Бирок силер жазгандай Камчы Көлбаевге жолугуп, арак ичкен эмесмин. Ошондой эле Эмиратка барып Бакиевге жолугуп келди деп да жазышты. Балдарым менен 3 күнгө эс алганы баргам. Мени менен 5-6 депутат барган. Эч ким менен жолуккан жокмун,-деп жооп берди.

“Замандаш” ассоциасынын ардактуу төрагасы Муктар Өмүракуновдун маеги “Мигранттарды кете элегинде ойлонушубуз керек...” деген ат менен жарык көрдү.

Орус өкмөтүнүн жаңы жылдан тартып мигранттарды базар, соода түйүндөрү менен дарыканаларга ишке албоо жөнүндөгү чечими миңдеген кыргыздарды начар абалга салганына, анткени кыргыздардын 40 пайызы жалаң ушул иштерде иштеп келатканына, “Замандаштын” маалыматы боюнча ал жакта кооптонбой иштей бере тургандардын же орус жарандыгын алгандардын саны 50-60 миңге жетерине токтолду.

Муктар Өмүракунов андан ары кыргыз өкмөтү мигранттар менен конкреттүү иш жүргүзүүгө келгенде алсыздык кылып келатканын, өкмөт маселе чыкса эле Орусиядагы диаспораларга жүктөй салганга көнүп алганын, ошондуктан кыргыз өкмөтү: “Орусиядагы мигранттарды кантип бул жакка келтирбей кармап калыш керек” деп ойлонгондон мурун: “кыргыз жаштарын Орусияга кетирбей Кыргызстанга кантип алып калабыз” деп ойлонушу керектигин, ал үчүн чакан жана орто ишкерликтин тамырын өлкөнүн бүтүндөй аймактарына чейин кеңири жайылтуу зарылдыгын жана анын жолдорун көрсөттү.

“Лозунг” гезитине маек курган экономист Айылчы Сарыбаев азык-түлүктүн кутургандай кымбатташынын себептерин айтып берди. Азыр парламент даярдаган мамлекеттик түзүлүш чабал болуп, өз күчүнө кире албай, ишти эмнеден баштарын билбей турганын, ошондуктан соодагерлер өз каалаган бааларын коюп алып сатып жатканын, экономикасы бир калыпта болбогон өлкөдө азык-түлүк баасы эртең кандай болорун болжош кыйынга турарын сөз кылды. 20 жылдан бери талкаланып калган өлкөнү кайрадан жөлөп-таяп, бутуна тургузуу өтө зор проблема экенин, тилекке каршы буга өкмөттүн алы жетпей жатканын, бирок чечкиндүү аракеттерди көрүүдөн башка жол жок экендигин белгиледи.
XS
SM
MD
LG