Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Аймакчылык алыска алып барбайт


Бүгүнкү гезиттер түштүк калабасын иликтеп чыккан Улуттук комиссиянын бүтүмүнө карата ой-пикирлердин топтомун, бийлик башында олтургандарга ар кыл маанидеги кайрылууларды, саясат айдыңындагы “уу-дуу” кептерди жазып чыкты.

“Айат” гезити журналист Жылдыз Мусабекованын “Президенттик хит-парад” деп аталган макаласы менен жаңы санын ачты. Макалада 2005-жылдын 24-мартында Акаев качып, жоон топ жигиттери менен түрмөдөн Болот Шер сууруп чыккан Феликс Кулов сынга алынган.

Гезит андан аркы алакандай кабарларында “Ысык-Көлдүн губернатору кызматтан алынарын, анын ордуна “атажуртчу” Садыр Жапаров барат экен деген кеп бар” деп,

“Феликс Кулов менен Өмүрбек Субаналиев элдешип, 2-фронт” ачканы калыптыр” деп кабар таратты.

Ушул эле санга Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Куловдун маеги жарык көрдү.

“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс мырза парламенттик республиканын мүчүлүш жактарын сынга алуу менен, бийликке келген партиялар өлкөнү устукандап бөлүп алган жосунсуз жолго түшкөнүн, азыр алар спирт заводдору менен акимдик кызматтарды бөлүштүргөнгө өтүштү деген сөз тараганын, Батыш өлкөлөрүндөгү президенттик-парламенттик формада мындай жоруктар болбостугун, аларда бийлик вертикалы: муниципалитеттер, мэрлер, район башчылары эл тарабынан шайланарын белгиледи.

-”Ата Мекен” партиясы менен биригесиңерби?-деген суроого:

-Жакын арада экономикалык программабызды “атамекенчилер” менен элге чогуу сунуш кылабыз,-деп,

-Азыркы парламенттин өмүрү кыска болот деп жатышат. Сиздин оюңуз?-деген суроого:

- Менимче, бул өкмөттүн өмүрү кыска. Элдин бүгүнкү бийликке нааразылыгы күн сайын күчөп келет, - деп жооп берди.

“Асман преss” гезити башка өлкөдөн бакыт издеп, зымкарагайдагы “Кореяга күйөөгө” деген кулактандырууну окуп алып, Кореяга кетип, ал жерден өзүнөн 10 жаш улуу Ким Чу деген жигитке күйөөгө тийип, анысы эки ай жашаган соң безип жоголуп, ордуна 2 жигит келип уруп-сабап, сойкуканага алып барып тапшырганын, ошентип “сойкулук” турмушта 8 ай күн өткөргөнүн, андан качып чыгып, бир аялдын үйүндө баш калкалаганын, пол жууп, акча жыйнап, эптеп Кыргызстанга качып келгенин, оорулуу болуп, рак дартына кабылгандыктан жатынын алдырткан кыргыз кызынын айтып берген арманын басты.

Буга байланыштуу “Статус” юридикалык компаниясынын президенти Назаркул Бопоевдин пикирин жарыя кылды. Бопоев мырза кыргыз кыздарынын чет мамлекеттерге иш издеп, турмуш курганга кетип жатканы жакшы көрүнүш эместигин, буга мамлекет да, коомчулук да күнөөлүү экендигин белгиледи.

“Пресс. кg» гезити Түштүк окуясынын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин дептутаты Курсан Асановдун “Түштүк коогалаңына баа берүү азырынча эрте” деген маегин басты. Ушул эле окуянын иликтенишине байланыштуу ойлорун ортого салган депутат Бактыбек Калмаматов: - Жыйынтык туура чыкпаса 20 жылдан кийин кайталанган Ош окуясы дагы 20 жылдан кийин кайрадан кайталанышы мүмкүн,- деп;

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов: - Улуттук комиссия мындан ары эч нерсе кыла албайт. Комиссия “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген чечим чыгарыптыр. Эми мындан ары парламенттик атайын комиссия иш алып барат. Ушундан көбүрөөк үмүт этсе болот, - деп жооп берди.

Ушул эле Улуттук комиссиянын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков нааразы экендигин билдирип, “Пресс.кg” гезитинин бүгүнкү санына басылган элге кайрылуусун жар салды. Бул көлөмдүү кайрылууну гезиттен окуп таанышып алсаңыздар болот.

“Учур” гезити баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Согум” деген макаласын тартуулады. Баяндамачы саясаттагы өткөн-кеткен жагдайларды баяндап келип: “Негизинен азыркы күндөгү саясый нааразылыктар элдик революцияга катышып, Бакиевдин режимин кулатып, жеңишин уурдатып жибергенсип жүргөн мурунку оппозициянын “чулдуктары” тарабынан чыгып жаткандай. Алар “атажуртчулардын” кайрадан бийликке келишине катуу нааразы болуп, “жоготобуз” деген ураанды карманышууда. Мындай маанай Бишкек, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көлдө күч алып турат. Мындай абалдын жаралышына “аймакчылдыкка” басым жасап: “түштүк бийлесин, түндүктүктөргө бербейбиз” дегендей иш алып барган “ататжуртчулар” өздөрү күнөөлүү. Башкача айтканда шайлоо убагында жасаган саясый популизминин азабын “атажуртчулар” эми тарта баштады” деп жазды.

Баяндамачы андан ары Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун акыркы кездеги колдоого аларлык демилгелери же “Замандаш”, “Акшумкар”, “Акыйкат”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын лидерлери менен сүйлөшүүсү, бейөкмөт уюмдар, журналисттер менен жолугушуусу жалаң “атажуртчулардан” турган бийлик түзүмү менен мамлекет башкаруу болбой тургандыгын эми түшүнгөн сыяктуу деп кошумчалады.

“Учур” ушундан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун маегин сунуш кылды.

“Көл толкуну” деген рубриканын алдында “Мугалимсиз өнүгүү мүмкүн эмес” деген кайрылууну бийлик башындагыларга Ысык-Көлдүн Бостери орто мектебинин мугалимдери жолдогон. Мугалимдер бийликке 15 талап койгон. Койгон талаптардын ичинде айлык акыны 15 миң сомго көтөрүү, үйү же жери жок мугалимдердин балдарына жер бөлүп берүү, коммуналдык жеңилдиктерди кайрадан калыбына келтирүү, 25 жылдык эмгек стажысы барларга пенсияга чыгууга мүмкүндүк берүү ж.б. жагдайлар бар.
XS
SM
MD
LG