Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Туруктуулук туура иштегенден болот


Кыргыз тилдүү гезиттердин саны барган сайын арбып барат. Басылмалардын катарын өткөн жылы чыгып келатып токтоп калган “Айгай” гезити толуктады.

“Айат” гезити айрым атуулдарга “Жогорку Кеңештин ишине кандай баа бересиз?” деген суроо менен кайрылганда коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: - Эң жөнөкөй мисал, парламент “резиденция Жогорку Кеңештин карамагына өтүшү керек” деген маселени кароодо. Айланайындар, күн санап кымбатчылык басып, эл турмушу оордоп турган ушундай убакта резиденция бөлүштүрө турган убакытпы?-деп,

Президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев: - Көйгөйлүү маселелер каралбай, популизм күч алууда. Айрым айымдар оозуна келгенин оттоодо. Айрыкча Жылдыз Жолдошева деген депутат далилсиз, болбогон нерселерди айтууда,-деп,

Компартия лидери Клара Ажыбекова: - Жогорку Кеңештин иштөөсүнө мүмкүндүк беришибиз керек,-деп,

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: - Баа берүү өтө кыйынга турууда, иштегени 100 күнгө жакындап калды,-деп жооп берди.

“Ата Мекен” партиясынын аппарат башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун “Элди өмүр бою алдаганга мүмкүн эмес” деген маеги да “Айат” гезитинин бүгүнкү санында.

“Асман press” гезити вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун “Ушинтип өкмөттү уят кыласыңар” деген маеги менен жаңы санын ачты.

Мугалимдердин жашоо-турмушун, көйгөйүн жакшы билген вице-премьер-министр айлык маселесин айтып келип, жакында көл тарапка баратып, мектеп окуучуларынын Балыкчыдан – Чолпон-Атага чейинки жолду тазалап жүргөнүн көрүп токтоп, сураса “Бишкектен чоңдор келет” деп тазалап жатканын айтканын, анан жыйында ал мындай куру жазакерликти маскарачылык деп баалап, тезинен токтотууну талап кылып, уюштургандарды катуу уяткарганын кеп кылды.

"Бир эле мисал, мурда пол жууган аял айына 800 сом маяна алса, сентябрдан тарта 3000 сом алат. Ал эми маданият кызматкерлеринин айлыгын 3 жарым эсеге көтөрдүк",-деди вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов. Сөзүнүн аягында саясый туруктуулукка коалиция түзгөн партиялар гана эмес, башка партиялар да, эл өзү да көмөктөш болушу керектигин баса белгиледи.

“Асман. Инфо” деген аталыштагы гезитке экс-депутат Улугбек Ормонов маек курду.

“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун “Конституциялык карама-каршылык же азыркы башкаруудагы системанын жоктугу” деген ат менен макаласы окурмандардын ой элегине салынды. Макалада автор Баш мыйзамды жана парламенттик башкаруу системасын талдоого алуу аркылуу сынга алган.

Экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун маеги “Демократия деп жатып анархияга өткөнүбүздү байкабай калдык” деген ат менен тартууланды.

Парламенттик башкаруу системасына макул эместигин билдирген Жусупжан Жээнбеков күчтүү президенттик башкарууну колдоорун, анткени беш манжаны билек бириктирип турарын билдирди.

Ушул эле “Асман инфо” гезити Өзбекстанда “Жан-жан ай” деген кыргыз фольклордук ансамбли ийгиликтүү иштеп келатканынан да кабар берген.

Өткөн жылы чыгып келатып токтоп калган “Айгай” аттуу гезит кайрадан күркөлөргө түштү. Гезит өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен “Эркин тоо” гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониев кызматынан алынганын, аны өз ыктыяры менен кызматтан кетүүнү коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү сунуштаганын, Атамбаевдин дагы бир жарлыгына ылайык “Эркин тоо” гезитинин башкы редакторлугуна буга чейин “Жаңырык апта” гезитинин башкы редактору болуп иштеп келген журналист, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун жээни Манас Осмонов дайындалганын маалымдады.

Профессор Ибраимов Осмонакундун орус тилдүү макаласы жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу ой-толгоолордон турат.

Жолдошбек Токоевдин “Чоку” деген макаласында саясаттагы жана турмуштагы шылуундар жана өткөн доордун манаптары менен элди эзгендерди, бийлик башындагыларды ашкере идеалдаштыруу жагы сынга алынат.

“Учур” гезити ар түрдүү майда кабарларга орун берди.

Баяндамачы Сабыр Муканбетовдун макаласы “Сабантуй” деген ат менен жарыкка чыкса, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун маеги “Үчүнчү революцияга жакындадык” деп аталып, азыркы бийликтин жасап жаткандарын сынга алган. Анын айтымында, адегенде бийликтин өзүндөгү коррупция жоюлмайынча криминал менен күрөшүү мүмкүн эмес. Саясатчынын ою боюнча биз бүгүн президенттик башкарууга эмес, элдик башкарууга барышыбыз керек.
XS
SM
MD
LG