Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

“Мыктылар” эмес, мыйзам башында туруш керек


Бүгүн жарык көргөн гезиттер учурдагы күчөп турган саясый кырдаал, кылмыштуулук, курултай ж.б. жөнүндө макалаларды, маектерди, ой-пикирлердин топтомун басып чыкты.

“Айат” гезити журналист Жыргалбек Касаболотовдун “Чокуңду билесиңби же чоочундарга бересиңби?” деген макаласын тартуу кылды.

Кыргыз-орус мамилелерин кепке алган автор: “Кыргыз эли өз өлкөсүнүн ээси экенин сезмейинче эч качан тынч заман болбойт. Көчөгө чыксаң жазуусу орусча, кайсы бир кызматтарга телефон чалсаң алган кишисинин жообу орусча, дүкөн тейлеген кыргыз сатуучулардын сөзү орусча, өкмөттүн жыйындары орусча, иш кагаздары бүт орусча, жер-суу аттарынын жарымы орусча, телеканалдардын теңинен көбү орусча, кийген кийимибиз менен жеген тамак-ашыбыз Кытайдыкы, Конституциябыз Батыштыкы. Ошон үчүн Максимдин схемаларынан тартып, Гуревичтин пландарына чейинки чоочун афералардын баарын кыргыз эли белинен кайрып сындырып келди. Өз элинин ар-намысы жана кызыкчылыгы менен эсептешпеген бийликтин күнү кыска болору азыркы төбөлдөргө сабак болууга тийиш” деп жазды.

Бул санда Жалал-Абад шаарынын тургуну, 76 жаштагы Абдували ажы Каримовдун “Бакиевдер менен Ташиев убагында ымалаш болгон” деген, экс-президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшованын: “Курманбек Салиевич тун сүйүүм” деген аталыштагы маектери да бар.

“Айгай”
гезити Жолдошбек Токоевдин “Бабанов Отунбаеванын мураскорубу?” же Бакиевдин “Ынтымак курултайына” катышкан “дүжүрлөрдүн” 60 пайызы азыркылардын “аксакалдар курултайына баратат” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, өткөндө бийлик жыйнап алып өткөргөн чогулушту сынга алган. “Айгай” гезитиндеги Мамбет Кожогелдиевдин макаласы “Кулмурзаевдин жек-жааттары “Кыргызгазды” басып алды” деген ат менен жарык көрүп, ишкананын ичиндеги кызматкерлердин көбүн Кулмурзаев өзүнүн куда-сөөктөрү менен тууган-туушкандарына “толтуруп” алды деп күнөөлөп чыккан.

Мамат Раимжановдун макаласы “Түндүк-Түштүк” бөлүнүүсү же Ташиевден колуңарды тарткыла!” деп аталат.

“Айгай”
гезити жакында Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиевдин жетекчилиги менен “Маданият” аттуу маданий журналдын жаңы саны чыкканын кабарлап, журналист Мундузбек Тентимишовдун Кыргыз эл баатыры Күлүйпа Кондучалова тууралуу “Жүрөгүндө оту бар адам” деген баянын тартуу кылды.

“Асман press” гезити бүгүнкү санын “Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун “Өкмөт портфель бөлүштүрүп атат” деген интервьюсу менен ачты.

Кабарчынын:
Эл арасында 3-революция болот деген сөз жүрүүдө. Дагы революция болсо өлкөбүздү биротоло жоготуп албайбызбы?- деген суроосуна Аликбек Жекшенкулов:

- Биздин Улуттук конгресс революцияны эмес, өлкөнүн жакшы жакты көздөй өзгөрүшүн каалайт. Коррупция токтоп, криминалдык күчтөр жоюлуп, темирдей тартип болсо экен деп тилейт. Элдин бийликке болгон ишеними жоголуп жатат. Биз Улуттук Конгресстин мүчөлөрү бир топ идеяларды сунуштдык. Мугалимдердин айлыгын майда эмес, мартта чечилсин деп билдирдик,-деп айтты.

“Асман kg инфо” гезити президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаевдин “Күрөш айыгышкан формада жүрүп жатат” деген маегин ортого салып, мындан ары карай Эмил мырза маалымат айкындуулугун камсыздоо максатында ай сайын суроолорго жооп берип турууну убада кылганын белгиледи.

Президенттин аппарат жетекчиси алгачкы маегинде, азыркы учурда айкындыкка, сөз эркиндигине таянуу менен саясый күрөштүн эң ыплас ыкмалары ишке киргенине, ар кандай куру жалаа, жалган ушактарга жол ачылганына, коом бүгүн ушундай илдеттер менен ооруп жатканына токтолду.

“Эң биринчи коркунуч криминал. Криминал менен күч органдарынын, ал тургай саясатчылардын айырмасын ажыратуу кыйын болуп калды. Криминал менен күрөшүп, анын тамырын кыркпасак, эртең баягы таз кейпибизге кайрадан келебиз” деди ал.

Ушул эле маекке улай коомдук ишмер Болот Жанузаков “Үчүнчү революция түбүбүзгө жетет” деген ат менен кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып:

- Эгер 3-революция болорун алдын ала билген саясатчылар же саясат иликтөөчүлөр болсо, “революция болгон атат!” деп кыйкыра бербей, аны болтурбай коюуга аракет кылуулары керек. Революциянын кесепетин жетишинче эле көрдүк. Экономикабыз 10-20 жыл артка сүрүлүп, турмушубуз оорлоп кетти. Эгер дагы ошондой окуя болсо биз анда таш үңкүрлөрдө жашап калчу акыбалга түшөбүз, - деп айтты.

“Учур”
гезити башмакала ордуна “Московский комсомолец Азия” гезитинин кабарчысы Улугбек Бабакулов менен кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Рустем деп аталган киши менен маегин кыргызчага которуп тартуулады.

Кабарчынын суроосуна ал: Эмне себептен бийлик капыстан эле криминалдык республикага таралышына кабатыр боло баштады? Биринчиден, криминалдык авторитеттерди, анын ичинен Анапияев менен Көлбаевди жок кылуу баарынан мурда Келдибеков менен Ташиевге керек. Көлбаевди Суталинов менен Марат Бакиев өстүргөн. Көлбаевдин тобуна кирген адамдар Ташиев менен Келдибековдун адамдары. Эгер Көлбаев тирүү кармалса тигилер тууралуу көп кызыктарды айтып бериши мүмкүн. Ошондой эле Көлбаевде бардык чиновниктер үчүн компроматтар болушу ыктымал. Айрым гезиттерге чыккан “Анапияев Келдибековго Эмираттан чалып, “бизди колдойсуңарбы же жокпу?” деп “наезд жасаптыр” деген маалыматтар да жөн жерден чыккан жок. Саясатчылар “черныйлардын” арасынан өздөрүнүн адамдары болушун каалайт. Ошондуктан бийлик менен криминалдын байланышы эч качан жок болбойт, болгону оюндагы таасирдүү адамдар алмашышы мүмкүн, - деген жоопту берди.

Ушул эле “Учур” гезити баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Шантаж” деген макаласына окурман назарын бурду. Анда парламенттик жолдун алгачкы кадамы, алдыда боло турган президенттик шайлоо тууралуу ой бөлүшкөн.
XS
SM
MD
LG