Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:59

Ырыс ачкычы – ынтымакта


Бүгүнкү гезиттерден өлкөбүздүн саясый, социалдык жана экономикалык турмушунун ар кыл жактарын баяндаган маалыматтарды окууга болот.

Учурда президент Роза Отунбаева Кыргызстандын түндүк-түштүгүн түрө кыдырып, кылмыш дүйнөсүн кырдан ары түртүп ийүүгө үндөп турганын, сот системасын түп тамырынан бери өзгөртүү жагын парламент көтөрүп жатканын, бирок мыйзамдын сакталышын көздүн карегиндей көзөмөлдөөгө милдеттүү болгон прокуратураны реформалоо боюнча ушул күнгө чейин бир ооз сөз боло электигин, президент мына ушул органдын кызматкерлери менен өткөндөгү жолугушуусунда апрель окуясын эстерине салып, жарга такаганын жана бир жолу эскертти “Жаңы агым” гезити.

“Элдик курултайлар элдик бийлик боло алабы?” Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мына ушул суроого жооп издеген макаласын жарыялай баштады.

Журналист Зайырбек Ажыматов таланттуу ырчы жигит Токтобек Асаналиев менен маегин “Эмне үчүн “Манас” таануу факультети жок” деп атады.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Президент айыл башы эмес!” деген макаласын басты.

“Биздин бир катар мырзалар менен мырзайымдар, азырынча Токтайым Үмөталиева буга кошула элек, президенттик кызматты айыл башчысындай эле көрүп калды. Президент деген терең түшүнүгү бар саясатчы, билимдүү, акылы башкаларга үлгү, эл кызыкчылыгы үчүн дилинен күйгөн, мурунку турмушунда булганбаган адам болуш керек эмеспи. А биздечи, бизде болсо мурун өлөрчө жеп-ичкендер, криминалга аралашкандар, баары-баары дүрбөй баштады” деп жазды Баратбай Аракеев.

“Фабула” гезитинин дагы бир “Ирина идиректүү идея айтты” деген чакан кабарында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина аалам мейкининдеги бир жылдызга Манастын атын ыйгарууну, ал түгүл аны түрмөлөргө чейин мажбурлап окутууну сунуш кылганын, айрым “Манас” орденин алган атуулдарга караганда улуту орус депутатыбыздын “Манас” тууралуу жакшы маанайдагы маселе козгоп жатышынын өзү да жакшы жышаан экендигин белгиледи.

“Алиби” гезити Борбор Азиядагы эркин базар институтунун деректири Сейитбек Усмановдун “Жоопкерчиликтүү өкмөт бизде качан болот?” деп аталган макаласын окурмандардын талкуусуна таштады. Автор өкмөткө 5 министрликти гана сунуш кылган, ошондой эле алардын жоопкерчилиги менен кандай иштерди аткарарын аныктап берген.

Гезитке коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев маек куруп, кечээ эле Акаев менен Бакиевди баатырга теңеп, мактап-жактап жүргөн аксакалдар дагы эле акыл үйрөтө баштаганын, учурда абалыбыз оор болуп турганын, ошондой болсо дагы эркек дегендерибиз бири биринен кызганып, бири бирине ыраа көрбөй жатып, араң дегенде 1 жылга президенттик тизгинди берип, президент болуп иштеп жаткан Отунбаеванын акылы тунуктугун, коңшуларда да, эл аралык чөйрөдө да кадыр-баркы күчтүү экендигин белгилеп: “азыр бизге шайлоонун, ызы-чуунун кереги жок эле, ансыз деле жаңы мыйзамга ылайык, президенттин деле жыргаткан ыйгарым укуктары жок экен, ошондуктан Отунбаеваны өлкөбүз жерден боорун көтөргөнчө мөөнөтүн узартып койсок деген пикирлерге кошулар элем, келгенине бир жыл боло элек, жок дегенде мөөнөтүн бир жылга узартуу керек” деген ойду айтты.

“Кыргыз руху” гезити “Мамлекеттик машина криминалга согуш баштады” деген баш макала менен бүгүнкү санын ачты. Уюшкан кылмыштуу топтун ана башыларынын аттарын атап, балыкты тазалоо бу жолу башынан башталганын белгилеп, эми ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болорун, демек Батукаев менен Анапияевдин өкүм зордугунан коркпой эле иш улантыла берсе майнап чыгарын, анткени кандай болгон күндө дагы мамлекеттик машина деген өтө кубаттуу күч экендигин, кокус мына ушул күчтү оппозицияга эмес, криминалга каршы чындап багыттай турган болсо кылмышкерлердин тамырын 24 сааттын ичинде кыркып коюуга болорун кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Ынтымагың бар болсо, айылың менен журтка тең болорсуң, ынтымагың болбосо, ит менен кушка жем болорсуң” деген накыл сөз менен ачып: “Улуттар аралык араздашууну болтурбоого элдик дипломатиянын орду барбы?” деген суроонун алдында Улуттук университетте болуп өткөн кереге кеңештеги ойлорду жарыя кылды.

“Жумушсуздук кылмыштуулукка алып барууда”, “Инвесторлорду сырттан издейбиз, а өзүбүздөгү мүмкүнчүлүктөрдү неге иштете албайбыз”, “Тоок жумуртка басып жатса жөжө чыгат, а мамлекет акцияларды басып жатса, зыяндан башка пайда жок” деген макалалар да “Кыргыз туусу” гезитинин жаңы санында.

Гезит президент Роза Отунбаевага Эл аралык “Руханият” биримдигинин “Курманжан датка” сыйлыгы ыйгарылганын кабарлады.

Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, профессор Сыртбай Мусаевдин “Чыркыраган чындык айтылбады” аттуу өткөн сандагы макаласынын соңку бөлүгү тартууланды.

ИИМ министри Зарылбек Ирсалиевдин “түз байланыш” аркылуу берген жооптору да ушул санда.

Академик Бектемир Мурзубраимовдун окумуштуулук бейнесин сүрөттөгөн макала журналист Бактыгүл Чотурованын калемине таандык.

Эл акыны Анатай Өмүркановдун маегин, окумуштуу тарыхчы Т. Асановдун “Кочкор Башы” деп аталган иликтөөсүн, айтылуу обончу, Кыргыз эл артисти Сардарбек Жумалиевдин 70 жылдыгына багышталган “Ободо толкуган обондор” атуу баянын да ушул сандан окууга болот.
XS
SM
MD
LG