Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Көлөкөдөгү бийлик күзгө даярданат


25-февралда “Эркин тоо”, “Жаңы агым”, “Кыргыз Руху”, “Кыргыз туусу”, “Фабула”, “Алиби”, “Саясат”, “Жаңы ордо” жана башка гезиттер жарык көрүп, өлкөнүн саясий-социалдык жана экономикалык турмушунун күнгөй-тескейин баяндаган макалалар жарыяланды.

“Кыргыз туусу” гезити “Уюшкан кылмыштуу топтун 80 мүчөсү кармалды” деген макала менен жүзүн ачты. Коомдогу ири жана өтө коркунучтуу кылмыштардын дээрлик баары жаштар тарабынан жасалып келет. “Жасалган кылмыштын 80 пайызы жумушсуз жүргөн жаштарга тийиштүү” деп жыйынтыктайт макаласын журналист Нарынгүл Назаралиева.

“Эне тилге мамилени казактардан үйрөнсөк” деген жүйөлү пикирин айткан педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов. Атүгүл казакча жазуусу жок товарлар чек арадан өткөрүлбөйт. Мамлекеттик кызматкерлер жана эл менен иштеген өкүлдөрү ушул тапта казак тилин жапырт окуп жатышат деп каңырыгы түтөйт Абдыкерим Муратовдун. “Кыргыз туусу” эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдык мааракесине арнап, “Шаханов казакта бирөө болсо, Шайлообек да кыргызда бирөө эле” деген замандаштарынын пикирлерин жарыялады.

Ал эми “Кыргыз руху” гезити “Чабан көп болсо кой арам өлөт дечү беле, көлөкө бийлик кимдин көлөкөсүндө турат?” деп суроо коюп, ага жооп издеген. Кризистик кырдаалда өлкөнү башкарууга даяр жана жакынкы айдан баштап улуттук конгресс президенттик шайлоого бир талапкерди таптай баштайт. Ошондуктан көлөкө бийлик күздө президенттик шайлоого чейин ар кандай тармактан болбосун эл көзүнө көрүнүп, аброй топтоого аракет жасаары турган иш, деп жыйынтыктайт макаласын Гүлмайрам Турусбекова.

Улуттук конгресс көмүскө өкмөт, көмүскө парламент түзгөнү белгилүү. Көмүскө парламенттин төрагасы Муктарбек Өмүракуновдун пикири боюнча, кыргыз өкмөтү 2-3 аптанын аралыгында баа саясатын оң жолго коюшу талапка ылайык. "Бул маселенин тегерегинде күзүндө ойлонуш керек эле, сыртка ташылып жаткан продуктыларга бажы төлөмүн киргизүү туура болмок. Натыйжада кирешенин жаңы булагы пайда болмок",-дейт Муктарбек Өмүракунов.

Ушул гезитке курган маегинде саясат таануучу Марс Сариев кымбатчылык мындан дагы күчөп, өлкөнү ачарчылык каптаса, эл жапырт көтөрүлөрүн айтып, президенттик шайлоо алдында коалиция чачырашы мүмкүн деп божомолдойт. Мунун артында саясий кырдаал курчуп, мамлекетте кайрадан башаламандык болушу ыктымал. "Көтөрүлгөн элди ким баштайт, менин баамымда эч ким, азыркы оппозицияда артынан элди эрчитүүчү барандуу лидер жок" деген пикирин “Жаңы агым” аркылуу Марс Сариев билдирген.

“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов ушул гезитке курган маегинде, карапайым калктын социалдык-экономикалык абалы оор, элдин маанайы начар экенин айтып, бийликке элдин ишеними жоктугун билдирген. Эгерде мурунку режимдин кадр жана экономикалык саясатын кайталап, криминал, коррупция менен жеткиликтүү күрөшө албаса, азыркы бийлик алыска узабайт, буга эл да чыдабайт, үчүнчү революция болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, дейт Аликбек Жекшенкулов.

25-февралдагы “Фабула” гезити апрель окуясынын бир жылдыгына карата журналист Эртабылды Аттокуровдун “Өткөндүн сабактарынын жыйынтыгы чыгарылууга тийиш” деген макаласын басты. Анда ыңкылап жасоого былтыр эл мажбур болгону, элдин толкундоосуна бийлик себепкер болгону, эки ыңкылаптын өзгөчөлүктөрү туурасында кеп болгон. Эски бийликтин өкүлдөрү менен жаңы бийликтегилердин күрөшү тымызын жүрө берет, бул жай жарылуучу бомбадай, эртеби-кечпи элдин ынтымагына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, деп жазды Эртабылды Аттокуров.

“Алиби” гезити журналист Папан Дүйшөнбиевдин «Коалициялык өкмөттөн кайсы партия чыга качат» деген аталыштагы макаласын окурмандардын талкуусуна таштады. Автор коалиция түзүү аргасыз никелешүүгө барабар болгонун, акыры аргасыз нике баары бир бузуларын талдоого алган. Бири президенттик шайлоого өз талапкери өтсө, андан кийин парламентти жасалма саясий кризис аркылуу таратып, референдум уюштура коюп, президенттик башкарууну кайра ордуна келтирүүнү каалайт, экинчиси парламенттик-президенттик башкаруунун ордунда калуусун, өздөрү каалаган чиновникти өкмөт башчылыгына келтирүүгө умтулат. Үчүнчүсүнүн көздөгөнү кандай жолдор менен болбосун реванш алуу. Демек азыркы коалиция эң узак турду дегенде президенттик шайлоого старт берилгенге чейин жашайт деп жазат, Папан Дүйшөнбиев.

“Фабула” гезитине президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев интервью куруп, айрым саясатчылар ар кандай ушактарды гезиттерге акча төлөп бастырып жатышканын, жетекчилердин балдарына чейин көө жаап, кайрадан тополоң чыгарууга аракет кылып жаткандыгын айткан. “Фабула” гезити Борис Березовский баалуу металдар чыкчу Ак-Түз кени менен Жер үй» алтын кенин ээлеп алууга аракет кылганын, ага Бакиевдер өнөктөш болгонун, мындай документтер табылганын ачыкка чыгарды.

“Алиби” гезити «Ау, Акбаралы кайдасың?» деп суроо коюп, анын бейнесине сүртүмдөрүн жазды. “Айтикеев башкаларчылап депутаттыкка, министрликке, же акимдикке аракет кылып майдаланбайт, “жыгылсаң нардан жыгыл” дегендей президенттикке гана ат салышат. Азыр эмне кылып жатканы, кайда жүргөнү белгисиз болсо дагы күзүндө президенттик шайлоого катыша тургандыгынан шек санабасак болот” деп жазат «Алиби» гезити.

Аталган гезит өлкөнүн сейсмология институтунун жетекчиси Канатбек Абдрахматовдун интервьюсун басты. Анда ал жылына 3 миңге жакын майда жер титирөө болуп турарын, өлкөдө сейсмологиялык лаборатория жоктугун, жаныбарлар жер титирөөнү алдын ала сезерин, корейлер, түрктөр, казактар чампалап үй куруп сейсмологиялык эрежелерди сактабай жатышканын коңгуроо катары какты.

“Алиби” гезити Кыргызстандын бир эле күлүгү 50 миң долларга сатылып кеткенине кабатыр болгон Улуттук аргымак ат федерациясынын башкы катчысы Айнура Эргешованын маегин да жарыя кылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG