Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

"Эл багабыз дегендерди эл багып жаткан жокпу?"


4-мартта жарык көргөн гезиттер көктөм коштогон асылзаада айымдардын майрамдык маанайында чыкты.

"Кыргыз туусу"

«Ак куу жок жерде көл көрксүз, аял жок жерде эр көрксүз» деп айымдарга 6 бетин арнады.

"Кыргыз аялдарына эң мыкты касиеттер таандык. Аларда үй-бүлөнү, никени кадырлоо, социалдык жана коомдогу активдүүлүк, эркиндик жана көзкарандысыздык духу күчтүү. Сиздерди чын жүрөктөн Жаз майрамыңыздар менен куттуктайм",-деген президент Р.Отунбаева.
Гезитке өкмөт башчы А.Атамбаев, спикер А.Келдибеков, мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Ч.Арабаевдин аялзатына арнаган куттуктоолору басылды.

"Кыздары кыйын кыргыздын" деген темада Каныкей, Жаңыл мырза, Кыз Сайкал, Айчүрөк, Ак байбиче, ханыша Жаркын айым, Алай ханышасы Курманжан даткага чейинки чыгаан аялзатын баяндаган кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору Дөөлөтбек Сапаралиевдин макаласы чыкты.

"Эркин тоо"

Элдик курултайды жиликтеп, курултайдын артында эмне болушу мүмкүн?-деп иликтөө жүргүзгөн.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: курултай ата-бабадан келаткан кыргыздын баалуулуктарын сактап, элдин мүнөзүн, аң-сезимин жогорулатуу максатында,-деген.

Философия илимдеринин доктору Кусейин Исаев курултайдын үч түрүн айтып, биринчиси, Кыргызстан илгертен эле уруу-урууларды бириктирип, курултайда өздөрүн өздөрү көтөрүп келген.

Экинчиси, элдик курултайды парламенттик шайлоодон утулуп калган партиялар уюштуруп, артынан митинг кылып, Жогорку Кеңешти алсыратып, экинчи палатаны түзүүгө аракет кылууда.

Үчүнчүсү, чыныгы элдик курултай болуш керек. Курултай Баш мыйзамга киргизилип, атайын берене жазылышы зарыл. Баш мыйзамга кирген Курултай ыйык жана зор күчкө ээ болуп, спикер, өкмөт, президентти көзөмөлдөп, отчет алып турган уюм болушу шарт.

"Жаңы агым"

"Жаңы агым" гезитинин баш редактору Аскер Сакыбаева "эгерде элдик курултайларды өткөрбөй бут тосуп, алардын сөзүнө назар салбаса, үчүнчү революция болушу мүмкүн" деген пикирин билдирген.

Коомдук ишмер Накен Касиев "ушундай учурда курултайы жок эле тынч жашай берсек" десе, белгилүү куудул Келдибек Ниязов курултайдын артында «төңкөрүш кылабыз» деген адамдар турганын, элдик курултайга каршы экенин айткан.

Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов Орусиянын жараны болгону аз келгенсип, коррупцияга жол бергенин жазды.

Бир эле кичинекей мисал: Араб Эмираттарынан айына 40 миңден ашуун даана уюлдук телефон ташылса, анын 10 миң даанасы расмий каттоодон өтөт. Калган 30 миңи контрабанда болуп саналат. Бир ууч топтун чөнтөгүнө түшүп жатпайбы?-деп жазат.

Гезит А.Атамбаев күзгү президенттик шайлоого аттанып, Ф.Кулов- өкмөт башчылыгына, Т.Сариев - 1-вице-премьер-министрликке секирик жасай турганын жазып, "лидер чыкмалардын амбициясы буга жол берээр бекен!",-деп суроо койгон.

бул гезит башкы прокурор Кубатбек Байболовдун кызматынан жылмышаарын каңкуулап, түйүнчөгүн түйүп, адатынча АКШны көздөй сызганга камданып жатканын, Америкада ага таандык такси кызматынын өрүшү кеңейип, күжүлдөп иштеп жатканын жазды.

"Алиби"

"Кадыржан Батыров - кыргыздардын эмес, өзбектердин душманы" деген макаласы менен жүзүн ачты. "Ал өзбектерди да «өз» жана «өгөй» деп экиге бөлгөн. Бул боюнча Жалал-Абад тургуну, өзбек улутундагы жаран Исламжан Ишанжанов канча жолу айтып, далилдеди. Жалал-Абаддагы өзбек маданий борбору да экиге бөлүнүп, Кадыржан Батыровду колдобогондор «Давр» деген өзбек маданий борборун түзүшкөн", -деп иликтөө жүргүзгөн журналист О.Карасартов.

"Эл багабыз дегендерди эл багып жаткан жокпу?",-деп суроо коюп, кабарчы Б.Таштаналиев жооп издейт.

"Мындан 20 жыл илгери белгилүү адабият сынчысы Салижан Жигитов: 1 миллиарддан ашкан Кытайда болгону 350дой акын-жазуучу бар экен. 3 миллионго жетпеген кыргызда деле ошончо акын-жазуучу бар. Бул - парадокс. Эсил кайран Салижан агай тирүү болгондо парламенттеги 120 депутатты, 30-40тай министр, губернаторду, ондогон аким, төрага, алардын орун басарларын бир сөз менен айтканда мамлекеттик чиновниктердин 15 миңге жакын зор армиясын карап туруп, эмне деп айтмак эле деп ойлоп кетесиң! Миңдеген чиновниктер эл бакпай эле, аларды эл багып жатканы да - парадокс" деп жазат автор.

"Фабула"

"Сыдыков Усөн ака 90го чыкканда түрмөдөн чыгабы, же..." «70тен ашкан курагына байланыштуу мамлекеттик айыптоочулар ага 18 жыл, Искак Масалиевге 14 жылдык абак «тартуулоону» соттон суранышууда» деп жазды.

"Мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаев 2008-жылдын апрель айынан баштап 2011-жылдын 11-январына чейинки убакыттарда «Манас» аэропортунан 50 ирет чек арадан ары-бери өткөнү расмий катталып, Ташкент, Москва, Стамбул, Дубай шаарларына бир нече ирет Бишкектен учкан. Ал түгүл Лондонго эки жолу Бишкектен учканы катталганын, алар Ирландиядан баш паанек алган С.Балкыбековду Англияга чейин узаткан акысына 20 млн. АКШ долларын алганын, экс-губернатор К. Исаевди океандын ары жагына ушулар узаткандыгын, Дубайда жашырыган Ж.Бакиев менен. А. Анапияевге да Камчы Көлбаев байма-бай жолугуп турганын жазды.

"Кыргыз руху"

Гезит "Аялдар мамлекет жүгүн көтөрө алабы?" деген тегерек үстөл талкуу уюштурган.

Парламент депутаты Роза Акназарова: "жетекчиликке начар аялды атайын алып келип, мына аялдын колунан келгени" дешет деп, бийлик төбөлдөрүнө нааразы болгон. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева болсо "иштей албаган эркек министрлерди, жетекчилерди мыкты аялдар менен алмаштырабыз. Мыйзам боюнча ар бир өкмөт ишинде 30 пайызы аял болушу керек",-деген чечкиндүү.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова: "аялдарды базар ОБОН кылса, эркектер базары жок эле ичкич, кумарчы, наркоман болууда" дейт.

"Айкын саясат"

Бакиевдин мүлктөрүн улутташтыруу маселеси унутта калганын, Бакиевдерге тиешелүү Бишкектеги Темиркул Уметалиев көчөсүндөгү 41-үйдүн 31-батиринде Акмат Бакиевдин уулу Курсан Бакиев бейкапар жашап жатканын, ал өкмөткө коммуналдык кызмат үчүн олчойгон карыздарды төлөбөй жатканын ачыктады.

Журналист Касыбеков Курманбек Бакиев баштаган иш аман-соо жеңиштерге жетишип жатканын айтып, "Ата Журт" партиясы күзгү президенттик шайлоого активдүү камылга көрүп жатканын кеп кылат.
"Алар шайлоодо жеңишке жетишээрин алдын ала ачык эле жарыя кылышты. «Ата Журт» фракциясынын колунда жетишээрлик түрдө административдик, финансылык жана медиа ресурстары топтолгон. Келечекте реванш алууга эки көзү төрт болуп турат. Кыскасы бакиевчил партиянын кайрадан бийликке келиши, бакиевчил режимдин калыбына келтирилиши – реалдуу нерсе",-деп жыйынтыктайт макаласын автор.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын адистеринин профессионалдык деңгээли төмөн деген пикирлерди коомдук ишмерлер Ишенбай Абдуразаков менен Мукар Чолпонбаев, "Журналисттер" бирикмесинин төрагасы Марат Токоев билдирген.

"Жаңы Ордо"

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун «Манас интернейшнл сервис» компаниясы 1,5 млрд. сом, же 20 млн. АКШ долларына барабар салыкты мамлекеттен кандайча жашырганын иликтеген макала, фактыларды жарыялады. Бул фактылардын чын-бышыгын билүү максатында редакция кызматкерлери Бабановго кайрылганда, ал убактысы жоктугун айткан. Ошондой эле экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров бул темада сүйлөшүүдөн баш тарткан. "Ошондуктан үтүр-чекитине чейин тийбей Салык инспекцияларынын каттарын, фактыларын жарыяладык. ММКдын мыйзамына ылайык экинчи тараптын жообу болсо гезиттин кийинки сандарынан орун даяр",-деп жазат.
XS
SM
MD
LG