Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Өзүң түзөлмөйүн, көчүң түзөлбөйт


Аптанын жарыкка чыккан гезиттеринин дээрлик баары “Мегакомдун” айланасындагы талашка көңүлдөрүн бурду...

“Жаңы агым” гезити журналист Алым Токтомушевдин “жолбүгүнү” аркылуу “Бурутчулук” деген макаласын басты. Анда бийлик менен коррупция жөнүндө сөз болот.

Гезит ошону менен бирге эле:

- Бүгүн-эртең коалиция урайт деп атышат. Мунун канчалык чындыгы бар?- деген суроо менен саясый ишмер Мелис Эшимкановго кайрылды.

- Орусия Мамдумасынын депутаттары Бишкекке келип, 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата сын пикир айтышы жөн эле эмес. Менимче коалициянын ыдырашы чечилип калган маселе,-деп,

- Сиздин баамыңызда жаңы коалиция курамы кандай болот?-деген суроого:

- Көпчүлүк жаңы коалиция кеңири болушу керектигин айтып жатат. Мен да ушуну колдойм. Жаңы коалицияга “Ата Мекен”, “Ата Журт”, “Ар-намыс” жана “Республика” партиясынын 70 проценти кирет. Ал эми КСДПнын кирер кирбеси Алмазбек Атамбаевдин позициясына байланыштуу болот. Булардан сырткары Темир Сариевдин “Ак шумкары”, Муктар Өмүракунов жетектеген “Замандаш” сыяктуу партиялар жаңы өкмөттүн өзөгүн түзмөкчү. Ошону менен бирге кийинки президенттикке барчу адам премьер-министр да, спикер да болбошу керек,-деп жооп берди Мелис Эшимканов.

“Фабула” гезитиндеги макаласы аркылуу журналист Баратбай Аракеев Роза Отунбаеванын Америкага жасмаган иш сапарын талдоого алып: “Биз билгенден Роза Отунбаева президенттик кызматка шайлангандан кийин тууган-туушкандарын, куда-сөөктөрүн, өң тааныштарын мерчемдүү кызматтарга койдурган жок. Антмек турсун, профессионал дипломат, бир тууган иниси Болот Отунбаевге Атамбаев суранганына карабастан кызмат бербей көгөрүп койбодубу. Отунбаева мамлекеттүүлүгүбүздүн тагдыры бычак мизинде турганда анын башына келди. Эми президенттик мөөнөтү бүтөрүнө да аз калды. Андыктан туш-туштан жөнү жок ага асыла бербей тынч иштешкениңер, урматтуу саясатчылар, өзүңөргө да жакшы, өлкөбүзгө да жакшы,-деп жазды.

“Мекен шейиттери” мындан ары 24-мартты жокко чыгарып, 87 эр азамат окко учкан 7-апрелди революция күнү катары календарга кызыл дата кылып киргизүүнү талап кылышканы да ушул гезитте кабарланды.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбековдун “Мамлекетти улут, улутту тил сактайт” деген аталыштагы, Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевдин “Балама топурак сала албай калгам” деген маектешүүлөрү жарык көрдү.

“Алиби” гезити жаңы санын “Бабановду ээрден шыпыргысы келген “шылуундарды” ким чакырды?” деген баштема менен ачты.

Баяндамачы Папан Дүйшөнбаев макаласын өлкөнүн экономикасына арнады жана өзүнүн бир катар жүйөлүү сунуштарын айтты.

Улан Мамбетовдун ммкаласы “Эл аралык шылуундардын “десанттары” келди” деп аталып, ушу тапта талаштын бутасына айланып турган “Мегаком” туурасында баяндалат.

“Кыргыз руху” гезити өзөктүү макалаларын “Өмүрбек Бабановго бүткүл фронт аркылуу чабуул коюу” деген рубриканын алдында жарыялады. Анысында Бабановго каршы башталган күрөштүн чоо-жайын кенен түшүндүрүп келип:

- Баары бир коомчулукта Бабанов боюнча үч негизги суроо турганын, 1- рейдердик баскынчылык боюнча Өмүрбек Бабанов канчалык актанбасын эл анын Айдар Акаев, Максим Бакиев менен биргелешип, кантип байлык жыйнаганын, Валерий Хондун ишканасын кантип басып алганын, АКБ “Кыргызстанды” 20 млн. долларга кантип сатып алганын жана “Мегаком” боюнча азыркы “чуусун” көрүп турганын,

2-аба баздагы күйүүчү майларды ташып келүү боюнча да Бабанов бюджетке акча жетпей жатса 700 млн. сом пайда көрүү аракетин издегенин,

3-кадр маселесине кайрылып, ал алкоголдук тармакта иштегенине карабастан тажрыйбасыз адамдарды аэропорттун жетеекчилигине алып барганын мисалга тартты.

Муну менен катар эле “Кыргыз руху” гезити “Республика” фракциясынын мүчөсү, депутат Алтынбек Сулаймановдун Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында сүйлөгөн сөзүн жарыя кылды. Анысында Алтынбек мырза бүгүнкүдөй кадрдык башаламандыкка дал ошол Өмүрбек Текебаев өзү жазып берген Конституция алып келип атканын, Текебаев өзү сындап жаткан коалиция да так ошол өзү жазган Конституциянын негизинде түзүлгөнүн белгилеп: “Өмүрбек Текебаев ким өзү? Акаевди алып келген да ушулар, кетирген да ушулар, Бакиевди алып келген да ушулар, кетирген да ушулар, Отунбаевны алып келген ушулар, эми кетиребиз деп аткан да ушулар. Коалиция урабайт!” деп айтты.

“Кыргыз туусу” гезити президент Роза Отунбаеванын “Кыргызстан: демократия милдеттерин аткарып жатат” деген сөзүн баштема кылды жана анын АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан белгиленген “Эрдиги үчүн эл аралык аялдар сыйлыгы” ыйгарылганын, аны АКШнын Мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон айым тапшырганын, жолугушуулардагы сүйлөнгөн сөздөрдү басып чыкты.

Өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановдун каяшасы “Өмүрбек Чиркешович коалиция бузулса, аны кайра түзүү мүмкүнбү деп ойлогон жок” деген ат менен окурмандарга сунушталды.

“Кыргыздын жана маданиятынын Акуну” аталган макала “Акун Токтосартов 70 жашта” деген рубриканын алдында жарыяланды.

Журналист Абдувахаб Мониев маегин “Эл бир ууч байлардын “жыргалчылык базасы” бойдон кала бериши мүмкүн” деп атады.

Алишер Бекбаевдин макаласы “"Мегаком": кайсы депутат Ата Журт жана Ата Мекен үчүн?” деп аталып: “Орусия Мамдумасынын 2 депутаты Кыргызстандын дөөлөттүү бийлигинин бири болгон – Жогорку Кеңештин куттуу залына кирип алып, биздин депутаттарга, өкмөткө колун кезеп, эгер "Мегаком" боюнча биз каалагандай чечим кабыл албасаңар таарынбагыла деген тариздеги сөздөрүн жаадырганына калкыбыз күбө болду.

Силердин 100 миңдеген балдар-кыздарыңар орус жеринде жүрөт, биз аларга тийишкен жокпуз, демек силер да чебердегиле деген ишаараты жүздөрүнөн кадимкидей окулуп турду. Ошондо атаганат, бир депутатыбыз каяша кыла алган жок. "Орусия ошондой арзан жумушчу күчтүн эсебинен экономикасын кыймылдатып жатат, андыктан кайра силер бизге ыракмат айканыңар жөн болот” дегенге бизден жараганы болбоду. Ал держава болгон үчүн эле же биздин мигранттар жүргөнү үчүн эле көрүнгөн депутаттары, бизнесмендери келе калып эле эгемен мамлектти басынта бергенге, тебелей бергенге акысы жок" деп билдирди.
XS
SM
MD
LG