Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Акчага мас болгондор


Бүгүнкү баяндамабыз орус тилдүү “Дело № ...” жумалыгына жарыяланган макалалар аркылуу болмокчу.

Гезит ушул айдын үчүндө Бишкектин Ленин райсоту Максим Бакиевдин жакын санаалашы делген Евгений Гуревичтин үй-мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн чыгарганын, түрмөгө кесилди деген аты болгон менен Гуревичке мунун ысыгы да, суугу да жогун, анткени ал эбак эле Кыргызстандан качып жоголуп, издөөдө жүргөнүн кабарлады.

Бул санга саясатчы Аликбек Жешенкуловдун “Мени эмне деп гана күнөөлөшкөн жок” деген ат менен чакан билдирүүсү жарыяланды. Ал анысы аркылуу ушул жылдын 9-мартында өкмөт башчысына Өмүрбек Бабановду кызматынан кетирүү талабын койгонун, бирок "Бабанов айтылган сындан жыйынтык чыгаруунун ордуна Максим Бакиевди туурап, рейдерлик жолго түшкөнүн, кадр саясатында кызматынан кыянаттык менен пайдаланганын, ушак-айыңдарды таратканын" белгилеп, “Мегакомдун” акчасына байланыштуу ага жабылган күнөөнү акташ үчүн сотко кайрыларын айтты.

Ошол эле учурда Жекшенкулов жетектеген “Акыйкат” партиясынын мүчөсү Рашид Коптлеулов аттуу адам УКК тарабынан камакка алынганы маалымдалды. Бул боюнча түшүндүрмө берген Жекшенкулов “Биз Рашидди колдоо үчүн керек болсо тынч митингге чыгууга да даярбыз” деди.

Гезиттин андан кийинки беттеринин бирине “Аликбек Жекшенкуловдун кабинетине так ушундай коробка менен акчаны өз колум менен алып барып бергем” деген ат менен мурдагы милиционер Телен-Аалы Кызалаковдун маеги сүрөтү менен басылды.

Кызалаков маегинде өткөн жылдын 7-апрелинен кийинки “Мегакомдо” болгон окуяларды төкпөй-чачпай баяндап берген, Жекшенкуловдун кишиси Рашид аттуу адам адегенде 200 миң сом сураса, андан кийин 100 миң доллар сураганын, сураган акчаны коробкага салып алып, Токтогул менен Шопоков көчөлөрүнүн бурчундагы үйгө жетиргенин, штабга айлантылган бул квартирадан Жекшенкуловду көргөнүн, Жекшенкулов:

-Дагы кимиси келди? Чыгарып жибергилечи!-дегенин. Анан акча салынган коробканы коюп, чыгып кеткенин, ушундан эки күндөн кийин Эмил Худояров 100 миң доллар талап кылганын кеп кылган...

* * *

“Дело № ...”
гезити журналист Вадим Ночевкиндин “Кыргызстандагы демократияны муунтуп жок кылууга АКШ кандай жардам берген” деген аталыштагы макаласын окурмандарга тартуулады.

Макалада Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын Америка Кошмо Штаттарына жасаган иш сапары, АКШнын мамлекеттик катчысынын колунан эл аралык абройлуу “Каарман аял” сыйлыгын алганы кабарланып, ошол эле Американын мурдагы президент Бакиевдин маалындагы биздин өлкө менен болгон мамилесин окурмандардын эсине салынды.

Июль 2009-жыл.

Кыргызстанды Бакиевдин кландары акыры астын-үстүн кылып тынаары айкын болуп калды. Өлкө кыйрап баратат. Бийлик болсо каратаман калктын канын соруп, жонунан кайыш тилгенге өттү. Суу жок деген шылтоо менен кычыраган кышта жарыкты өчүрө баштады. Эл ичинде ушунун баарына Максим күнөөлүү экен, ал атайылап банкрот кылып, энергетика тармагын сатканы жатыптыр деген сөздөр жүрүп жатат...

Энергетика тармагын сындап жазган журналисттерди Бакиевдин УККдагы дагы бир баласы Максим Бакиев “окутуп” кирди. Кыргызстандын үстүндөгү кара булут күндөн күнгө коюулады. Депутат Руслан Шаботоев менен, дагы бир оппозиционер депутаттын уулу Бактыяр Амиражанов дайынсыз жоголду. Журналист Сыргак Абдылдаевдин 21 жеринен бычакталган денеси жаны менен табылды. Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркулов менен Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы деректири Сергей Слепченко тирүүлөй өрттөлүп, көздөрү тазаланды...

Бакиевдин бийлигине тоскоол болгондордун баарын дал ушундай жырткычтык жаза күтүп турду. Кыргызстандан журналисттер, саясатчылар, коомдук уюмдун өкүлдөрү кача баштады. Президенттик шайлоонун алдында Ишенбай Кадырбеков, Аликбек Жекшенкулов, Эркин Бөлөкбаев, Исмаил Исаковдордун үстүнөн кылмыш иштери козголду. Бакиевдин жакындары менен бир туугандары, балдарынан түзүлгөн мамлекеттик машина баарын жанчып, тепсеп келатты.

Ошол эле учурда Американын дипломаттык чөйрөсү Бакиевдердин колдон чыгып кеткен тизгинин тартып коюунун ордуна кайра Максим Бакиевге жакындай турган жолду издегенге өттү. Америка Кыргызстанда ошол кезде эмне болуп жатканын кантип эле билбей калсын. Тилекке каршы мунун баары майда-барат нерсе болчу, ал үчүн баарыдан мурда Маскөөгө барганда “базаны жоготом” деп убада берген Бакиевди кайрадан “ийге” келтирип, “Манастагы” аскер базасын сактап калуу башкы орунда турган. Чынында эле ошондой болду. Базаны сактап калды. Ага Максим Бакиев жардам берди...

Мына ушуларды кайрадан баяндаган “Дело №...” жумалыгы Бакиев режимин ошол эле убакта Орусия да кош колдоп жөлөп-таяп келгенин, бул жагдайда далай иштерди жасаган ФСБнын генералы Вячеслав Ушаков жакында кызматынан алынганын окурмандардын ой элегине салды.
XS
SM
MD
LG