Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

"Башы менен басып жүргөндөрдүн өлкөсү"


Бүгүн жарык көргөн гезиттер бир топтон бери талаш-тартыш туудуруп келаткан коалиция, курултай маселелерин сөз кылды.

“Алиби” гезити аркылуу оюн билдирген генерал Артур Медетбеков, мамлекеттик кызматтагылар декларациясын толтуруп жатканда бир гана тапкан кирешелерин эмес, чыгашаларын да көрсөтө тургандай мыйзам кабыл алынышы керектигин жактады. Себеби аткаминерлер кызматка тургандан көп өтпөй эле заңгыраган хан сарайларды салып, кымбат баалуу машиналарды минип калышат. Иликтей келсең, байлыгынын баарын тууган-туушкандарына каттата салып, өздөрү "итке минген кедей" болуп чыга келишет. Ошондуктан декларация толтурууда чыгаша тууралуу мыйзам кабыл алынса коррупция азаймактыгына ишенет.

Артур Медетбеков муну менен бирге эле, соттордун ооздугун тарта тургандай да мыйзам керектигин, биздин күч органдары “уюшкан кылмыштуулук менен күрөшөбүз” деп жер-суунун баарына жар салып атып, кылмыш башчыларынын баарынын качып кетишине өздөрү өбөлгө түзүп бергенин, мындай чоң иштер адатта жашыруун-жабык жасаларын, тилекке каршы бул жакшы башталыш да акырындап “компанейщинага” айланып барткансыганына өкүндү.

Генерал ошондой эле коомго көп коркунуч келтирбеген адамдарды, айрыкча жеңил уурулук менен колго түшкөн жаштарды кесип жибергенди токтотуп, күнөөлөрүн чоң айып менен алмаштырууну, тоок уурдагандарды деле соттой берген соттордун тизгинин кагып койо турган мыйзам зарылдыгын белгиледи.

Сот тууралуу журналист пикир Улан Мамбетовдун макаласында да сөз болду. “Райондук соттун кызматы 20 миң доллар болсо Жогорку Соттуку канча турат?” деп суроо койгон автор, быйыл судьяларды тандоо кеңешинин катышуусу менен республика боюнча 445 судьяны тандап алуу жана дайындоо милдети турганын эске салды.

Гезит баяндамачы Папан Дүйшөнбаевдин макаласы “Куруганы бараткандар Курултай өткөрүшөт...” деп аталды.

Бардык бийлик түзүмдөрүн чөп башылап бүтүп, эми жалпы элдик курултай институтун түзмөйүнчө болбойт экен, башкарууну курултайлаштырабыз дегенге өткөнүбүздү сынга алган автор кыргыздын кыйын чыкмалары суусар бөрк, кедейлери куур тон кийген Совет мезгилине чейинки курултайлар кандай өткөнүн мисалдап, тарыхка кайрылды.

Кайырчылык деген канында жок кыргыз бүгүн уят менен ар-намысын унутуп, кайыр сурап отурганын, кечээ эле Акаев менен Бакиевди Ак үйдөн кубалаарда бир муштум болуп, ар-намысы бийиктигин дүйнөгө даңазалаган эл, көчөдө кыргыз бөбөктүн кайыр сурап олтурганына намыстанбаганын кейиш менен белгиледи.

“Фабула”
гезити журналист Баратбай Аракеевдин коррупция тууралуу макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Баратбай минтип жазат:

- Президентибиз Роза Отунбаева мамлекетти коррупциядан да, уюшкан кылмыштуулуктан да тазалоого күчүн үрөп жатат. Бирок күрөштүн аягы жемишсиз болуп калат го деп күмөн санагандар да бар, анткени Отунбаеванын президенттик мөөнөтү бүтүп баратат. Ага тилектеш, санаалаш, жөлөк болуп иштейт деген Атамбаевдин кызматы кылтылдап турат...

Бул бийликтин келишине күрөш жүргүзгөндөрдүн бир тобунан эл түңүлүп турат, себеби буларың да коррупциялык жолду басып койгон өңдөнөт. Тургуналиев, Бекназаров, Жекшенкулов, Байболов, Текебаев, Абдрахманов, Булекбаев сыяктуулар акча маселеси менен чалынууда. Президенттик шайлоо болсо жакындап келатат. Ыйманы менен ырысын, бала-бакырасы менен небере-чөбөрөсүнүн келечек-кешигин качан болсо акчага сатып ийгенге даяр турган шайлоочулар бар, буюрса-буюрбаса да мен президент болом деген, акчасы арбын, бирок башында кенедей акылы жок эргулдар кыргызда толтура. Муну сиз эң сонун билесиз, окурманым!

Журналист Б. Аракеев ушинтип коңгуроо какты.

“Фабула”
гезити андан ары “коалицияны ыдыратабыз, өкмөттү таратабыз дегендер 22-мартка чейин өкмөткө убакыт бергенин, “Ынтымак жана биримдик” деген коалициянын тагдыры бүгүн чечилерин эске салып, айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

Генерал саясатчы Абдыгул Чотбаев:
- Менин оюмча бул жөн гана саясий оюн. Булар кетсе башкалары келет, 1-2 айдан кийин алар да ушинтип “таратабыз” деп чыгышат. Андыктан өкмөткө жок дегенде 1 жыл убакыт берүү керек, иштесин,-деп;

Президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев: - Коалицияны таратууну мурда чоң кызматтарда иштеп, жеп-ичип көнүп алган адамдардын эле жасап жатканы,-деп;

Саясатчы Алмамбет Матубраимов: - Депутаттар ынтымакка келсе жакшы болор эле,-деп,

Академик Жамин Акималиев: - Коалициянын таркап кетиши жакшы эмес. Өкмөткө сын айтып жаткан саясатчыларыбыз элдин убалынан корксо болор эле,-деп;

Саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиев: - Коалицияны таратам деген жөн гана кызматка жетүүнүн шылтоосу. Айрым депутаттар “бизге кызмат бербейсиңер” деген жеке таарыныч менен коалицияны таратабыз деп чыгышты. "Мейли, кызмат берели" десе тынчып калышты. Жеке таарынычтан улам коалицияны таркатуунун зарылдыгы жок, -деп жооп берди.

Ушул эле маселе андан ары журналист Эртабылды Аттокуровдун “Мансап кумарынан чыккан тирешүүлөр” деген макаласы менен улантылды.

7-апрелде окко учкан Жалил Нургазиевдин жубайы Айнур Сырдыбаеванын эскерүү маеги жарыяланды.

“Сүймөнкул Чокморов атындагы фонддун башчысы Сагынбек Абдырахманов маек куруп, улуу актердун атындагы фонд эмне максатта түзүлгөнүн, азыр ал эмнелерди жасаганын, эмнелерди жасаганы жатканын баяндап берди.
XS
SM
MD
LG