Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Мектеп рэкетчиликтин уясына айландыбы?


Гезиттер өлкөнүн саясый, социалдык, экономикалык турмушундагы окуяларды окурмандарга ар кыл өңүттөн чагылдырып берүүгө аракет кылды.

“Алиби” гезити Болотбек Таштаналиевдин “Мекенди коргоочуну ким коргойт?” деген макаласын тартуулады. Журналист анысында кечээ жакында эле Лейлектеги “Катраң” чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан Абдыразак уулу Назарбек чогуу кызмат өтөгөндөрдүн уставдык эмес, мыкаачылык, жырткычтык мамилесинен улам көз жумганын эске салып, бүгүн кылмыштуулук деген “бешиктен бели чыгалек” мектептен түптөлүп жатканына, кечээ эле билим менен тарбиянын очогу, жакшылыктын башаты болгон мектеп азыр балдар рэкетчилигин уясына айланганына жаны кашайган.

“Мектеп рэкетчилигин тыйыш ошончо эле кыйынбы? Жок. Бирок аны милийсалар да, прокурорлор да, соттор да, бийлик да каалабайт. Бийлик кааласа уюшкан кылмыштуулук менен деле күрөшө алат экен го? Көрүп атпайбызбы. Же кыргыз генералдары мурутунун түгүн кыра элек сары ооз балдарды тартипке салай албайбы?” деп суроо койгон автор андан ары кыргыз армиясындагы “дедовщина” жөнүндө сөз кылды.

Адилет Айтикеевдин макаласы президент Роза Отунбаева менен Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун Ош сапары тууралуу баяндайт.

“Алиби” гезити ошондой эле айрым жарандарга “саясатчылардын ачыктан-ачык тирешүүсү сизге таасирин тийгизип жатабы?” деген суроо менен кайрылып, жообун жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын журналист Жыпар Акунованын “Ош Ноорузду президент менен тосту” деген макаласы менен ачты. Анда президент Роза Отунбаеванын түштүк жергесиндеги жолугушуулары тууралуу баяндалат.

Мамат Сабыровдун макаласы “Түркия Кыргызстан менен тажрыйба бөлүшкүсү келет” деп аталды. Макаланын бир жеринде:

- Биздин кыргыздардын эң бир жаман жери бар: өзүбүздүн колдон келбейт. Бирок бирөөдөн үйрөнгөндөн тартынабыз же намыс кылабыз. Эч нерсе боло электе эле башты чайкай бербей, канча жылдардан бери карай парламенттик республика болуп жашап келаткан түрктөрдүн тажрыйбасын үйрөнүп көрбөйлүбү? Эгер жаман система болсо Түркия дүйнөдө мынчалык өнүккөн мамлекеттердин катарына кирбейт эле да,-деп айткан президентке караштуу башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Акматалиевдин сөзүн мисалга келтирген.

Журналист Жалил Сапаров жалалбаддык ишкерлер Батый Сулайманов менен Тыныбек Ботокараев азыркы каатчылык учурдан чыгуу үчүн бир катар жүйөлүү маселелерди өкмөт башчысына сунуш кылышканын кабарлап, биогаз өндүрүү багытын кеп кылган.

Бермет Маткеримованын макаласы аты эле айтып тургандай “Тамак-аш коопсуздугу өлкө коопсуздугуна тете болуп баратат” деп аталса, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун деректирлер кеңешинин мүчөсү Каныбек Эрбаевдин макаласы “Пирматовдун депутат болуп отурууга моралдык укугу жок” деген ат менен жарык көрдү.

Жумгалдык автор Жаныбек Самүдүнов “Курултай оңойт деген кур кыял” деген макаласында курултайларды өткөрүүнүн жактоочусу Адахан Мадумаровду сынга алган. Автор Мадумаровдун “Ат-Башынын Чеч Дөбө деген жеринде кыргыздын мыкты чыкмалары чогулуп маселе чечишкен. Чеч Дөбөдө чечилген маселе кийинки жылга калтырылбастан аткарылган” дегенине күлкүсү келип, “Адахан мырза ошол Чеч Дөбөдө чечилген мамлекеттик маселелердин бирөөн эле мисалга тартса жарашып калбайт беле” деп, мындай Чеч Дөбө деп аталган жерлер кыргызда толтура экенин, жалаң гана ошондой дөбөлөрдө мамлекеттик маселелер чечилген деп айтуунун өзү жумшартып айтканда байолук болорун” жазды.

“Фабула” гезити саясатчы Азимбек Бекназаровдун маегин сунуш кылды.

Гезиттин бул санында КТРКнын башкы деректири Кубат Оторбаев менен да маек бар.

“Кыргыз руху” гезити улуттук баалуулуктар боюнча өткөндөгү талкуусунун соңку бөлүгүн окурмандарга тартуу кылды.

Журналист Бекен Назаралиевдин маеги “Кыргыз руху” гезитинин басып өткөн жолун эскерүүгө арналган.

Гезит ошону менен бирге эле “Коалиция, “Кыргызгаз”, күзгү шайлоо” деген макаласын окурмандарынын ой элегине салды.
XS
SM
MD
LG