Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

"Үйрөткүчтөр" үйрөтө баштаганда...


Дээрлик жарык көргөн гезиттердин баары түштүктөгү коогалаңды иликтеп чыккан Эл аралык көз карандысыз комиссиянын чыгарган жыйынтыгына макалаларын арнады.

“Кыргыз туусу” гезити тил илиминин доктору, профессор Сыртбай Мусаевдин түштүк окуясын иликтеп чыккан эл аралык комиссиянын отчетуна карата пикирин жарыялады.

Автор шайлоодо өзбектердин добушун алуу үчүн Конституцияны өзбек тилине котортуп, Кадыржан Батыровдон жалдырап жардам сурагандыгы үчүн “Ата Мекен” партиясынын жетекчилигин айыптап, кыргыздар шайлоодо ошон үчүн “Ата Мекен” партиясынан жүз буруп кеткенин, качан болсо эл ишенген азаматтар аз болгондун азабын эл тартып келатканын, бүгүн да өкмөт башчысы Аламз Атамбаевге жардам берүүнүн ордуна Текебаев түбөлүк оппозиционер болуп кыйшайып турганын, Атамбаевге үзөңгүлөш 3-4 эле адамды көрүп турганын, алар - Ахматбек Келдибеков, Темир Сариев, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов экенин, ушулар бириксе эле, кыргыз мамлекетин эл аралык караниет күчтөрдөн сактап калууга боло тургандыгын айтты.

Доктор Сыртбай Мусаев эл аралык комиссиянын жыйынтыгын Кадыржан Батыровго “көз карандылык”, ага адвокаттык кылгандык деп баалап, “Чөөнүн сааты” деген китептин Финляндиядан басылып чыгышы да ушул отчеттун уландысы катары ой калтырарын белгилөө менен саясат таануучуларды бул боюнча ойлорун ачык айтууга чакырды.

Ушул эле комиссиянын отчету тууралуу “Алиби” гезити да атайын макала басты.

Гезит аркылуу оюн билдирген генерал Мирослав Ниязов “НАТО менен ойногонубуз Кыргызстанды жакшылыкка алып барбайт. Биз НАТОнун да өкүлчүлүгүн ачып жатабыз, бирок ШОС менен ЖККУнун мүчөсү экендигибизди унутпашыбыз керек. Бул деген Кыргызстандын ишенимдүү ички саясатынын жоктугунан кабар берет. Бүгүн Чыгыш менен Батыш улак тартыш ойноп жатса, биз алардын ортосунда улак өңдүү ары-бери тепселип жатабыз” деди.

АКШнын жогорку даражадагы мурдагы чиновниктеринин бири, Дүйнөлүк банктын өкүлү Пол Вулфовицтин Бишкекке келишинен шек санаган журналист Улан Мамбетов макаласында бул адам учурунда АКШнын Коргоо министринин 1-орун басары болуп туруп Ирак менен Ооганстан согушунун операцияларын ойлоп тапканынан маалымат берди.

“Кыргыз руху” гезитине июнь окуясын иликтөө боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеевдин “Батыров оюна келгенди оттой берет” деген маеги жарык көрдү.

Жекшеев эл аралык комиссия Кыргызстандагы регионалдык курч маселелерди жакындан билбестигин, калыстык кылабыз деп жатып, окуяга терезенин тешиги аркылуу карагандыгы үчүн сынга алды..

Ушул эле гезит журналист Назира Саалиеванын “Мухтар Өмүракуновдун сөөгү туулуп-өскөн жерине коюлду. Эмнеге?” деген макаласында: “Кыргыздын каада-салтын бекем сактайт деген Ат-Башыда динге өтө берилип, аялдарга кошок коштурбай, эркектерди өкүртпөй койгону, өлүктү узатууга келген көп сандаган элди таң калтырып, нааразылыгын туудурганын, жандарын кейиткенин баса белгилеп: “Кыргыз деген ар кандай динден, ошонун ичинен ислам дининен мурда жаралган эл. Сакалчан, жылаңач бутуна сандал кийген молдолор арабдардын дамбал, юбкасын кийип алып, маркумга ыйлаганы келгендердин кайгысын, көз жашын бууп, ыйлатпай койгондору туура болгон жок. Кылымды карытып, кыргызды кыргыз кылып сактап келаткан салтыбызды жокко чыгарганбыз кудайга жакпайт” деп жазып, “Замандаш” партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча төрайымы Нуркан Койчуманованын “Манас доорунан бери келаткан салтыбызды бир күндө жокко чыгарып койгонго эмне үчүн атбашылыктар жол берип койдуңар?” деген суроосун жүйөгө тартты.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Бизди үйрөткөндөн кетесиңби?” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, кылымдар бою тарыхка изин калтырып, тулпар минип, шумкар таптап, уул үйлөп, кыз узатып, мухиттей терең күүлөрүн чыгарып, жүрөктү эзген обонун созуп, Асман менен Жерди ашташтырган куну жок кооз оймо-саймаларын сайып, ак мөңгүдөй как калпагын алчылантып, теңдешсиз көркөм кийимдерин тигип, карыларын сыйлап, жакшыларын туу тутуп, жашына тарбия берип, бала багып, бутактап, шактап келгенин, бүгүн эми ошол кыргызды Батыш менен Чыгыштан каптап келген “үйрөткүчтөр” үйрөтүп киргенин, бир ирет КТРдын алып баргыч кызы англичанды тилмечи менен телевизорго чакырып келип берүү алып барганын, англичан экран аркылуу жалпы кыргызга кантип бүлө күтүп, кантип бала багыш керектигин үйрөтүп киргенин, алып баруучу кыргыз кыз анда-санда суроо берип коюп, анын оозун аңырайып тиктеп отурганын мисалга тартты.

Баратбай Аракеев андан ары мына ушул ар кайдан агып кирген коомдук уюмдар өздөрүнүн бузуп-жаргыч идеяларын таңуулай берип, эне сүтү оозунан кетелек жаштардын башын “жашоо ушундай турбайбы?” дедиртип, маңкурт кылып бүтүргөнүн, чет элдик “киши үйрөткүчтөр” эми байыркы кыргызга картөшкө сепкенди, бак тиккенди, суу сугарганды, ал тургай койду кантип кыркып, малды кантип бакканды үйрөтүп киргенине жаны кашайып, кыргызды ар кимдердин оозун тиктей бербей, кайратына келүүгө, намысына келүүгө, каада-салтын сактоого катуу турууга чакырды.

“Фабуланын” бул санында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Карганбек Самаковдун “Догдурга мен эмес, Текебаев көрүнсүн!” деген, айтылуу куудул Күмөндөр Абыловдун “Наам берүүнү такыр эле жоюп салса деле каршы эмесмин” деген маектери бар.

“Жаңы агым” гезити эл аралык комиссиянын отчетун талдоого алган Алым Токтомушевдин “Дөшү” деген баяндамасын басып, комиссиянын ишинин жыйынтыгына баасын берген айрым жарандардын пикирин ортого салды.

Депутат И. Исаков: Комиссия кимдир бирөөлөрдүн заказын аткарганы көрүнүп турат,-деп;

Депутат М. Абдылдаев: Жакында депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыгат. Ошондо үч комиссиянын отчетун анализдеп, бир чечимге келишибиз керек,-деп,

Генерал М. Ниязов: Корутунду негизинен өтө аша чаппай, калыс эле жазылгандай,-деп;

Саясатчы Б. Наргозуев: Комиссиянын “Июнь коогалаңы - геноцид эмес, ага 3-күчтөр аралашкан жок” дегени мага өзгөчө жакты,-деп,

Саясатчы Д. Сарыгулов: Мамлекетке абдан коркунуч туудурган отчет деп баалайм. Бир тараптуу жазылып калган,-деп,

Депутат Ө. Абдрахманов: Биз алардын отчетун 100 процент чындык деп кабыл алышыбыз керек,-деп,

Укук коргоочу Д. Ошурахунова:
Отчетту алиге окуй элекмин,-деп,

Академик А. Эркебаев: Депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы жарыялансын. Ошондо үчөөнү бириктирип түшүндүрмө берем,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG