Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Гезиттер: Тынчтыктан өткөн тынчтык жок


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары өткөндөгү түштүк окуясы тууралуу парламенттик талкуудан алынган макалаларды, комиссия жетекчилеринин айткандарын, күч орган жетекчилеринин маектерин басты.

“Кыргыз руху” гезити ислам изилдөөчү, акын Турдукан Ибрагим кызынын макаласын жарыялады.

Орто Азия элдеринин тарыхына кайрылган автор канатташ жашаган кыргыз-өзбек элдеринин эезелтен берки бир туугандыгына айныгыс далилдерди келтирген. “...34-35-жылдары ачарчылыктын кыяматынан казакты, ...90-жылы граждандык согуштан тажикти, 2005-жылы Анжиян көтөрүлүшүнөн өзбекти калкалап калган айкөл кыргыз 7-апрелде Казакстан да, Өзбекстан да, Тажикстан да чек араларын жаап, жүзүн буруп кеткенде да таарынган жок. Анан кантип кыргызды улутчул дей аласың? Мен коогалаңдуу ошол күндөрдө кан жутуп отурган өзбек-кыргыз бир боорлорума пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа саллоху-алейхис саламдын өлөр алдында момун мусулмандарга калтырып кеткен осуятын айтайын, пайгамбарыбыз: “мен жашоого келгенге чейин араб элдеринде “канга кан” деген эң жаман адат бар экен, өмүрүмдүн аягына чейин күрөшүп, ушул жаман адатка чекит койдум. Кун куугандан алыс болгула! Бул чоң күнөө!” деп айткан” деп жазды.

“Жаңы агым” гезити түштүктөгү абал боюнча ИИМдин түштүк региону боюнча орун басары Курсан Асановдун суроо-жообун басты.

Курсан Асанов түштүк аймагында кайрадан ызы-чуу кылууга кызыккан күчтөр барын, ал эми эл арасында “андай экен”, “мындай экен” деген кептердин баары такталбаган, айың сөздөр экенин, сырттан бүгүн 1 адам кирсе да, 5 адам кирсе да кылдат текшерүүгө алынып атканын, шектүү катары кармалгандар өзбек-кыргыз экенине карабастан мыйзамдуу жоопкерчиликке тартыларын айтты.

“Жаңы агым” басылмасынан мындан тышкары “Бабанов Кочкор-Атага эмнеге барбайт?”, “Эки улуттун чатагы кыз талаштан чыккан” деген маектерди, журналист Темирбек Акматалиевдин Адахан Мадумаров, Кубатбек Байболов, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов жөнүндө “Калбырларын кантээр экен?” деген аталыштагы макаласын окуйсуздар.

“Деньги и власть” гезити Коомдук каналдын телеберүүсү аркылуу алып баруучунун суроолоруна берген депутат Өмүрбек Абдрахмановдун жообун көчүрүп жарыялады.

Аталган гезит окурман көңүлүн бийликтин жер-жердеги таасири жетпей жаткан кемчилигине бурду. Маселен ушу тапта Балыкчы шаар кеңешинин депутаттары нааразы болуп өзүн өзү таратып жибергиси келип жатса, Токмок менен Кочкор-Ата шаар башчыларынын милдетин аткарып жаткандарды шаар кеңеши кабыл албай, тааныбай жатканын, ал эми жергиликтүү башкаруу мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып бүтсө, анан президент колун койорун, бирок социалдык-экономикалык көйгөйлөр жогорудагы зарыл маселени улам артка жылдыра берип, мыйзамды кабыл алуу кечеңдеп, нааразылык болсо топтоло берип, ушунун баары президенттик шайлоонун алдында болуп жатканын эскертти.

“Деньги и власть” гезити “Жекшенкулов өз ханын тапты” деген макаласында Бириккен улуттук конгресс партиясынын башчысы Аликбек Жекшенкулов бийликке бара турган жолдун экинчи этабына кадам таштаганын, көлөкөдөгү премьер-министр Жекшенкулов так талаш учурунда Казакстанга үмүт байларын айтканын, алтургай жакында эле Назарбаевге кат жолдогонун, ошону менен бирге эле Жекшенкулов туура эмес команда топтоп алганын, маселен басма сөз жыйынында бир үстөлдө чогуу отурган “7-апрель” жаштар кыймылынын лидери Мирлан Бекитаев “Манас” аэропортундагы кудуреттүү державалардын аскер базасын 2 саат 45 мүнөттүн ичинде күч менен чыгарып жиберүүгө берген убадасын сынга алуу менен жазып чыкты.

“Фабула” гезити акыркы айлары ич-ара чырдашып аткан “Ата Мекен” партиясындагы араздашуу өз апогейине жеткенин, Өмүрбек Абдрахманов, Өмүрбек Текебаев, Карганбек Самаков менен болгон кайым айтыштан кийин партиянын ичи тынч эместигин, мына ошол “Ата Мекен” аталган партиянын баш көзүрү, кадимки Болот Шердин да чыдамы түгөнгөнүн, кечээ ал парламент жыйынында партиядан чыгуу арызын Текебаевге тапшырганын белгиледи.

“Кыргыз үчүн өлүмдөн кайра тартпаган Болот Шер чынында эле элибиздин саналуу кыраандарынын бири. Бакиевдин бандасы кутуруп турганда Болот калк намысын талашып, Каркыра үчүн кармашып, ур-тепкиге алынып, өткөн жылдын 7-апрелине чейин Бакиев режими менен эр жигитче кармашып келди. Балким дал ушул Болот Шер болбогондо, Болоттой бекем жигиттер болбогондо Бакиевдер дагы эле тайраңдап, кыргыз элин баш көтөртпөй тебелеп, Максими эмгиче Кыргызстанды сатып бүтүп коймок” деп жазды.

Ушул эле “Фабула” гезити Бишкек шаар мэри Иса Өмүркуловдун шаар үчүн жасап келаткан жакшы иштери жөнүндө Дүйшөн Маматовдун макаласын тартуу кылды. Шаар тургуну макаласында Бакиев президент кезинде агездеги шаар башчысы Арстанбек Ногоев экөө биригип, калп эле “ормон опуза” кылып, натыйжасында "Ата Түрк" паркындагы хан сарайлардын кыгына куурай саялбаганын, эми ошол маселеге чекит коюу үчүн жаңы башкы прокурор Аида Салянова кришип жатканын, Иса Өмүркуловдун жакшы иштерине ушундай жаш, өткүр күчтөр, шаардыктар таяныч болуп атканын белгилеп, ишине ийгилик каалады.

“Алиби” гезити майда маалыматтарынан тышкары Бек Алымбековдун коррупция тууралуу ойлорун, Дани Сары Бекмырза аттуу автордун коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун бейнесин сүрөттөгөнүн, баяндамачы Папан Дүйшөнбаевдин мамлекеттин эн белгилери тууралуу көз карашын, “Кыргызалтын” ишканасынын төрагасы Осмонбек Артыкбаевдин “Кен байлыктары коммерцияга айланып кетти” деген, депутат Жылдыз Жолдошеванын “Бакиев өзбекче гана сүйлөбөстөн, Кыргызстандын эгемендүүлүгүндө өзбекче бийлеген” деген аталыштагы маектерин элдин элегине салды.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин макаласы Бишкектеги “№12 мектеп-гимназияда окуу акысы 10 миң сом” деп аталып, мектеп деректиринин орун басары Чугунова Светлана балдарын 1-класска бергиси келген ата-энелерден 10 миң сомдон төлөгулө дептир деген сөздүн чоо-жайын иликтөөгө алган.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын акын Манап Алиевдин “Экөө тең- кыргыз-өзбек мага бирдей, өрүктүн кошмок эки данегиндей” деген ыр саптарын баштема кылуу менен ачып, журналист Жыпар Акунованын “Сулайман тоо дүйнөлүк мурастардын тизмесине кошулду” деген ат менен президент Роза Отунбаеванын Ош шаарында жана облуста болгонун, ЮНЕСКОнун Сулайман тоону дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизген сертификатын Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовго тапшырганын, андан кийин президент өзү окуган Киров атындагы орто мектепте болгонун, балдарды майрамы менен куттуктаганын кенен кеп кылды.

Ушул эле санда Нарынкүл Назаралиеванын “Куранды кармап, куралсыз баргандар элди коргогон” деген макаласында Ош окуясын иликтеп чыккан комиссиялардын документтерин талдоого алган.

Бул санда ошону менен бирге эле Коомдук телерадиокорпорациясынын деректири Кубат Оторбаевдин телефон аркылуу берилген суроолорго жообу эки бетке басылып чыкты. “Кыргыз туусу” гезити токойчулук боюнча өлкөдөгү эң алгачкы профессионал адис, ушул тармак боюнча илимдин доктору, академик Биймырза Токторалиев менен гезит кабарчысынын маегин да ушул санга тартуулады.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин деректири Кыргызстандын керемет байлыгы болгон тоолору менен токойлору, аны коргоо, сактоо тууралуу баалуу ойлорун ортого салган.
XS
SM
MD
LG