Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Гезиттер: Мансап камчысы


Бүгүн орус тилдүү “Дело №...” жумалыгы жана кыргыз тилдүү “Чоң казат” гезити окурмандардын колуна тийди.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити “Апрель” деп аталган кыймылдын лидери Бакыт Бакетаев менен учурдагы ызы-чуулуу окуянын айланасында аңгеме курду.

"Ташиевге жасалган прокурордук чабуулду өлкөдө президенттик жарыштын башталашы деп атасак болобу" деген кабарчынын суроосуна эксперт Бакетаев, болорун, мына ушул кылмыш ишине байланыштуу бийликке президенттик жарышка түшө турган башкы талапкерлердин бирөөн жарыштан сүрүп чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун, түштүктө президенттикке талапкерлигин койот дегендерден Адахан Мадумаровдун, Исках Масалиевдин, Турсунбай Бакир уулунун, Камчыбек Ташиевдин, Ахматбек Келдибеков менен Марат Султановдун аттары аталып атса, түндүктөн негизинен Алмазбек Атамбаевдин аты аталып жатканын, Аликбек Жекшенкулов да талапкерлигин коюп калышы ыктымалдыгын айтты.

Эксперт андан ары президенттик жарыш ушул сценарий менен жүрүп отурса биринчи эле турдан Алмаз Атамбаев утуп чыгарын, анткени түштүк аймактын лидерлери шайлоочулардын добуштарын бөлүп кетээрин, кокустук болуп экинчи турга түндүк менен түштүктүн талапкерлери чыгып калса, анда өлкөнүн бүтүндүгүнө өтө чоң коркунуч келерин, Кыргызстан экиге бөлүнүп кетээрин, мансап талаштын айынан ушундай болот деп ойлоонун өзү да опурталдуу экендигин белгиледи.

Кармаштын катаал оюндары башталганын, айрым депутаттар Ташиевдин олуттуу талапкер болорун билип, ага карата чокту башка бирөөлөрдүн колу шилеп, оюндан сүрүп салып, ошол эле учурда Ташиев менен мамилелерин да бузбай сактап калуу аракетин көрүп атышканын, ушу тапта Ташиевге жасалган прокурордук чабуулдун баары тескерисинче Камчыбектин гана пайдасына иштээрин, непадам иши сотко чейин жете турган болсо, ансыз да саясый маданияты кокуй калкыбыз дагы бир оттун жалынында каларын, Ташиевди жактагандар Бахадыр Сулеймановду жактагандардан да арбындыгын, тиреш күчөп кетсе этникалык жаңжалга чейин өсүп отуруп, анын өртү бүтүндөй Чүй өрөөнүн каптаарын, ошондуктан депутаттар эсине келип, эки тараптын чатагын сотко жеткирбей туруп эле парламенттин ичинде чечип коюшу керектигин белгиледи.

Гезит буга улай эле Ташиевдин чуусу боюнча депутаттар кандай позицияны карманып жатканын да баяндады. Мисалы “Ар-намыс” партиясы “Ата Журттун” лидерин колдой тургандыгы дайын болуп калганын, анткени “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү, вице-спикер Бөдөш Мамырова, Ташиевди сабырдуулукка, кол тийбестигин тапшырбай күтө турууга чакырса, оппозициялык “Ата Мекен” партиясы да Камчыбек Ташиевди коргоого ала турган ниетин анын депутаттарынын бири Өмүрбек Абдрахманов билдиргенин айткан сөздөрүнө шилтеме кылуу менен белгиледи.

Ал эми КСДП партиясы иликтөө иштеринин таза жана адилеттүү болушун каалап, Башкы прокуратура тарапка ыктап турганы депутат Чыныбай Турсунбековдун сөзүнөн анык болгонун маалымдаган “Дело №...” “Республика” партиясынын депутаттары да азырынча так ойлорун билдирише электигине, парламенттин чечим чыгара турган сааты барган сайын аз калып баратканына, анткени депутаттар 1-июлда каникулга тарап кетиши мүмкүн экендигине токтолду.

Ушул эле чуу боюнча Бахадыр Сулеймановдун да маеги жарык көрдү.

“Сатылма соттор иштеринен кетсин!” Бишкек шаардык сотунун кире берчү каалгасына мына ушундай плакаттарды чаптап салган жаштардын кыймылы өткөн жумада кыргыз кызы Чолпон Орзубаеваны сабап салып, кыргыз сотторунун колунан “оңой” эл суурулуп чыгып, өз өлкөсүнө “житип” кеткен түрк жаранына каршы нааразы болгон жаштар бирикмелеринин билдирүүлөрүн жана койгон талаптарын шардана кылды.

Бүгүн кыргыз тилдүү “Чоң казат” гезити да жарык көрдү. Гезит биринчи эле бетине президенттик шайлоо 30-октябрда же 20-ноябрда болорун кабарлап, Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы башка киши болушу мүмкүндүгүн Акылбек Сариев өзү билдиргенин маалымдады.

Ушул эле гезит “22 Банктын 20сы соо эмес” деген макала басты.

Макала Кыргызстандын Башкы прокуротурасы Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен акчалардын так суммасын аныктаганын, үй-бүлө баш-аягы болуп чет өлкөлөрдөгү банктардын эсебине 240 миллион доллар которуп кеткенин, Кыргызстандын өзүндөгү коммерциялык банктардын бокчолорунан 21 млн. доллар, 2 млн. сом жана 635 евро табылганын, Бакиевдер акчаларын сактаган 3 коммерциялык банктын эң чоңу “АзияУниверсалБанк” болгонун, дал ушул банк Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарынын арам акчаларын “адалдап” турганын баяндады.

Кыргызстандын финчалгындоо кызматынын кызматкерлери акчаларды Кыргызстандан алып чыгып кетүүнүн жолдорун гана эмес, алардын кайсыл мамлекеттерге жөнөтүлгөнүнө чейин тактап чыкканын, акчаларды алып чыгып кетүү өткөн жылдын май-июнь айларына туура келгенин, Бакиевдер сөз болуп аткан 240 миллиондон ашуун долларды жасалма фирмалар аркылуу “сиңирип” кеткенин кейиш менен кеп кылып, тилекке каршы аталган “АзияУниверсалБанктагы” коррупциялык түзүмдөр жоюлмак тургай дагы деле иштеп келатканын эстетти.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстандын негизги көйгөйү мына ушуларга окшогон коррупциялык жаңжалдардан эч кандай сабак албай жатканы болууда. Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканованын айтымында, Курманбек Бакиевди бийликке алып келген 2005-жылдагы март революциясынан кийин деле мыйзамсыз финансы түзүмдөр тууралуу эчен ирет кеп болгону менен бул багытта иштер ошол эле бойдон кала берүүдө, таң калыштуусу мыйзамсыз иштер үчүн эч ким жооп бербейт, коммерциялык уюмдардын ишин көзөмөлдүккө алуучу Улуттук банк чалгындоо кызматына шылтаса, чалгындоо кызматы аналитикалык борборго шылтайт. Көз карандысыз эксперттердин иликтөөлөрүнүн маалыматтары боюнча бүгүн Кыргызстандагы 22 банктын 20сы соо эмес, шектүү.

Муканованын айтымында, азыр Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен акчаларды кайтарууга аракет кылуу менен буга жардам берүүсүн өтүнүп, бир катар Европа мамлекттерине, тактап айтканда Швейцария өлкөсүнө кайрылды.

“Чоң казат” гезити ошондой эле “Атаңдын көрү!” деген рубрика алдында “ЖоКЕ” билмексенге салат, Жер үйдү "Центерра" кайрадан казат...” деген макала басты. Анда алтын кени жөнүндө сөз болот.

Жерүйдөгү алтын кенинин запасы таза иштетилип чыккан алтын куймалары боюнча эсептегенде 97 тоннаны түзөт. Азыркы баа менен алганда алтындын 1 граммынын орточо наркы 50 доллар экенин эске алсак, түшкөн пайданын жалпы көлөмү 5 млрд. АКШ долларына барабар болот. Анын 40 проценти Кыргызстандыкы, 60 проценти инвесторлордуку десек, Кыргызстандын мамлекеттик бюджети кен иштетилген 8 жыл ичинде, кыйыр кирешелерди эсепке албаганда эле 2 млрд. АКШ доллары көлөмүндө пайда көрмөкчү.

Ошентип кенден түшө турган пайда жылына 350 млн. доллардан кем болбойт. Салыштыруу үчүн айтсак Кыргызстан “Кумтөр” кенинен жылына 120 млн. доллар пайда көрөт.
XS
SM
MD
LG