Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Аттанар алдында


Бүгүн жарык көргөн гезиттер шайлоого аттанар алдындагы өлкөнүн саясый “аба ырайына” көз чаптырып, саясый айдыңдагы “ат жүрүштөрдү” талдоого алган макалаларды жазып чыкты.

“Айат” гезити жаңы санын майда маалыматтардан баштап, Айдин Асманов аттуу автордун “Марат Султанов менен Акылбек Жапаров эмне үчүн генерал Субаналиевден коркушат?” деген, Балбак Түлөбаевдин “Сокур саясат” деген, Маадабай Эшкожонун “Бабанов Атамбаевди неге жаманатты кылды?” деген макалаларды жарыялады.

“Соттор жаңы системаны кулатууда” деген макалада “Мегакомдун” ишин караган соттор Максимбекова, Осмоналиев, Алыбаева тууралуу сөз болуп: “Өкмөттү көрүнгөн жерден жалдыратып жардам суратпай, акча алып келе турган “Мегакомду” кайра мурунку карөзгөй ээлерине кайтарып берип койду. Соттор элдин жаалынан коркпой калды. Эл “эгер сатылма, чөнтөк сотторго мамлекеттин күчү жетпесе биз ташбараңга алабыз” деген сөздөрдү айта баштады. Бул өтө опурталдуу” деп белгилеп, сотторго акыры ойлоно турган мезгил келгенин эскертти.

Депутат Каныбек Иманалиевдин маеги “Күзгүдөн караганда корккудай күчтүү оппозиция жок, кызмат сурагандар бар” деген ат менен тартууланды.

“Айат” бул санына түгөнбөй келаткан “түндүк-түштүк” маселесине кайрылып, айрым ой-пикирлерге орун берди.

Талкууга Россиянын Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу Турдалы Орозбаев менен саясат талдоочу Уран Ботобеков катышып, алдыдагы шайлоону элди экиге бөлө турган өнөктүккө эмес, кыргыз элин бириктире турган күчкө айлантуу керек деген ойлорун ортого салды.

“Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова “Миллиондорду соргон өлүмтүк мекемелер жана ныксыраган чиновниктер” аттуу макаласында кайсы министрлик казынадан канча акча алганын, кайда жумшаганын, кандай жумшаганын эсептеп чыкты.

Журналист Жолдошбек Зарлыкбеков депутат Мыктыбек Абдылдаевдин ишмердүүлүгүн жиликтеген макаласын алдыга тартты.

“Де-факто” гезити ошондой эле “Бакиевчилер баш көтөрүп атабы?” деген рубрика аркылуу “Мегаком” ишканасынын тагдырын Максим Бакиевдин пайдасына чечкен Осмоналиева, Максимбекова, Алыбаева өңдүү соттордун буга чейинки ишмердигин баяндаган макаланы басты.

Гезит Максимдин жан досу болгон Елисеевдин жардамчысы болуп иштеген, ишкананын сотуна өкүл болуп катышкан Марзия Исаева деген жаран менен судья Максимбекованын соттун чечиминен кийин бир кафеде чайлашып олтурганын көрүшкөн күбөлөр бар экенин, алар сотто аны далилдеп берүүгө даяр турганын, ушул үчилтиктеги дагы бир судья Алыбаева убагында мыйзамдарды одоно бузгандыгы үчүн жумушунан четтетилгенин, бирок адвокат апасынын жардамы менен “аман” калып, кийин Курманбек Бакиев депутат болгондо анын жардамчысы болуп иштеп, президент болгондо карьерасы космостук темп менен жогорулап, түз эле Жогорку Соттко келип олтуруп калганын, ошентип Бакиев кеткен менен бакиевчилер бардык жерге тамырын жайып жатканын, карапайым калк адилеттикти күткөн Жогорку Сотто олтурган мына ушул бакиевчил соттордон болушкан Осмоналиевге козголгон кылмыш ишин, Максимбекова менен Алыбаеванын төбө чачты тик тургузган соттук чечимдерин жакында окурмандарга ачык жарыя кыларын убада кылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып, Келдибеков менен Марат Султанов бөлө болушарын, эгер Марат Султанов президенттикке чыкса, анда Келдибеков төрагалыктан кетиши керектигин, ошондо калыстык болорун, ал эми Түлеевдин өзүнө бийлик эмес, элдин жашоосу жакшы болсо, ошондон өтөрү жоктугун айтты.

Журналист Дилбар Алимова “Чет өлкөдө камакта жаткан кыргызстандыктардын саны көбөйүүдө” деген макаласында 22 жаштагы Жибек Сакеева Индонезияда 10 жылга кесилип, шорлоп олтурганын, дагы бир мекендешибиз, 28 жаштагы Улмас Маматханов Иранга соода кыла коём деп барып кармалганын, аны шпиондук кылдың деген күнөө менен түрмөгө салганын, бир туугандар Тилек менен Чынарбек аттуу эки жигит 7 айдан бери Маскөөнүн түрмөсүндө олтурса, дагы бир 3 жигит бирөөнүн буюртмасы менен кытай ишкерин мыкаачылык менен өлтүрүп салгандыгы үчүн камалып, үчөө тең атууга кесилип, азыр кытайдын түрмөсүндө өлүмүн күтүп олтурганын жазды.

“Учур” гезитинин баяндамачысы Сабыр Муканбетов шайлоого ой калчаган макаласында: “Башкаруучу коалициядан президенттикке бирдиктүү талапкер катары чыгуу мүмкүнчүлүгү жогунан, “атажуртчулардын” аппетити менен шантажынан тажап-түңүлгөн Алмазбек Атамбаев акыры бир чечимге келип, Феликс Куловдун варианты боюнча, “атажуртсуз” коалиция түзүлчүдөй. КСДП, “Ар-Намыс”, “Ата Мекен”, “Республика” фракцияларынан түзүлүп жаткан жаңы бирикме жана азыркы коалициянын таркатылышы тууралуу маалымат 1-июлда жарыя болору болжолдонууда” деп жазды.

“Шайлоону жылдыруу жоопкерчиликсиз саясат” деген ат менен депутат Өмүрбек Текебаев ушул “Учур” гезитине маек курду.

Текебаев маегинде Борбордук шайлоо комиссиясынын легитимдүүлүгү жөнүндө кеңири түшүндүрмө берди, азыркы президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2010-жылдын 30-декабрынан 31ине оогон түнү бүтөрүн, анын азыркы шайлоого катышуу укугу жоктугун, эгер шайлоо 2012-жылга жылып кетсе анда Роза Отунбаеванын кайра шайланууга укугу болуп каларын кеп кылды.

Текебаев шайлоо мөөнөтүн атайылап артка жылдырууну көздөгөндөрдүн максатын чечмелеп, айрым бирөөлөр шайлоо мөөнөтү канчалык артка жылса, учурда президенттикке “потенциалдуу” талапкер эсептелген Алмазбек Атамбаевдин абалы ошончолук оордойт деген принципти карманып жатканын белгиледи. Өзүнүн президентикке барар-барбасын Бишкекте 9-июлда өтө турган партиянын саясый кеңешинин 120 адамдан турган кеңейтилген курамынын жыйынында белгилүү болорун кошумчалады.
XS
SM
MD
LG