Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Керегедеги кеп-сөздөр


Бүгүн гезиттердин кербенине кечээ жакында эле кошулган “Кереге” гезитинин алтынчы саны жарыкка чыкты.

“Кереге” гезити “Элиме” коомдук бирикмесинин төрагасы Жаркынбек Касымбековдун “БШКнын жаңы курамы ээрге кыйшык отурду” деген маеги менен жаңы санын ачты. Маегинде ал БШКнын жаңы курамынын шайланышы кийин чатакка айланышы ачык эле көрүнүп калганын, бул боюнча президент Роза Отунбаеванын айткандарында жүйө барын, чынында эле шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясый топ же талапкер кийин сөзсүз дал ушул маселени көтөрүп чыгып шайлоонун жыйынтыгын тааныбай койорун, анткени бир эле курам эки башка мыйзам менен шайланып келгенин, шайлоо принцибиндеги теңдик бузулганын, ошондуктан 8-июлда боло турган кезексиз сессияда БШКнын мурунку жана кийинки мүчөлөрүнүн баары кайра шайланышы керектигин, ал эми курулай тиреше бергенден эч ким утпастыгын, башкы максат- алдыдагы президенттик шайлоо тынч өтүп, Кыргызстандын келечегинде жаңы этаптын башаты болуп калышы маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кереге” гезитине маек курган депутат Садыр Жапаров 9-июлда “Ата Журт” партиясынын курултайы өтөрүн, анда президенттикке талапкер көрсөтүлөрүн, ага бир гана Камчыбек Ташиев ылайыктуу боло аларын, өзү жарышка түшпөй тургандыгын, анткени жок эле дегенде 1-2 жыл мурун даярдануу керектигин жана көп каражат керектелерин кеп кылды.

Ушул эле санга Чек ара кызматынын колбашчысынын биринчи орунбасары, полковник Чолпонбек Турусбековду колдоо комитетинин атынан президент Роза Отунбаевага, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго, өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевге билдирүү жарыяланды.

Билдирүүдө акыркы мезгилдерде демократиянын тонун жамынып алып “бөрк ал десе, баш алгандар” көбөйгөнүн, мыкты кадрларга ыксыз асылып, кызматынан кетирүү аракеттери башаламан көчө топтору же “обончулар” деген ат менен белгилүү болгон “кабаанак катындардын” кыйкырыгы менен коштолуп атканын, өкүнүчтүүсү мына ушунун кесепети өз ишин мыкты билген жакшы адамдарга тийип, тийип эле тим болбой карапайым калктын жогорку бийликке болгон ишенимин азайтып жатканын айтты. Бийлик башчыларын Чолпонбек Турусбековдун айланасындагы окуяга калыс баа берүүгө чакырды.

Аталган басылма андан ары 2-3-июлда Орусиянын Сибирь аймагында 12 кыргыз диаспорасы Хакасияда чогулуп жыйын куруп, анда “Мекендештер” деп аталган аймактык конгресс түзүлгөнүн, максаты - Сибирь аймагындагы кыргыздардын башын бириктирип, мигранттардын укугун коргоо, социалдык көмөк көрсөтүү экендигин кабарлады.

Мамлекет тизгинин мыкчыган аткаминерлердин "эрке талтаң уулдары" да аталарына жардамдашып, иштин бир четин чоюп келатканын эскерткен гезит, маселен Кыргызстанга ташылып келинген канттын 90 пайызы депутат Өмүрбек Абдрахмановдун уулуна тиешелүү экендигин, ал тууралуу буга чейин эч ким билбесе, “Республика” партиясынын депутаты Нурбек Мурашев билгизгенин, депутаттын айтымында, Абдрахмановдун уулу кантты тияктан 40 сомдон алып келип, быяктагы элге 70 сомдон сатарын, мисалы Кыргызстанга 100 вагон кант келсе, анын 90 вагону Абдрахмановдорго таандык экенин маалымдады.

“Кереге” гезити ошону менен бирге эле президенттик жарышка түшчү саясатчыларга мындан ары карай элдин пикирин жарыялап турарын кабарлап, алгачкы сурамжылоону президенттикке башкы талапкер Алмазбек Атамбаевден баштады.

Коомдук ишмер Исках Масалиев: Алмазбек Атамбаев жакшы адам, мүнөзү жумшак, ишенчээк. Саясатчы катары жана жеке адамдык сапатына жакшы баа берем. Болгону туруксуздугу, жеңил мүнөзү анын кемчилиги,-деп,

Юрист Мукар Чолпонбаев: Атамбаев саясатчы катары ички жана тышкы ресурстарын жеп бүттү. Ак пейил, адамгерчиликтүү экенин билем, бирок саясатчы катары сыйлай албайм,-деп,

Экс-депутат Мелис Эшимканов: Атамбаевдин жакшылыгын көп көрдүм. “Бир жолу туз таткан жериңе миң жолу салам бер” дегендей аны жамандап ушак деңгээлине түшкүм келбейт. Ошентсе да баарынан чындык кымбат. Учурда бийликтин кадрдык жана экономикалык саясатына ичим толбой турат. Атамбаевдин жана анын командасынын бүгүнкү саясаты элдин купулуна толбой жаткандыгы чындык,-деп,

Акыйкатчы Турсунбек Акун: Атамбаев ак көңүл, кудайды оозунан түшүрбөт. Бийликке өтө оор кырдаалда келди. Бирок бардык саясый күчтөр, бардык партиялар менен иштеши керек эле. Ушул жагынан аксап жатат. Ошондой эле айрым саясатчылардын дарегине такталбаган сын айтып жибермейлери бар, өкмөт башында турган соң абайлап сүйлөшү керек. Ал эми адамгерчилик жагынан ак пейил, маданияттуу киши. Мени менен эсептешип, дайыма колдоо көрсөтүп турат. Спикерге окшоп залдан айдап чыкмай оройлугу жок,-деп,

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев: Атамбаев оор учурда бийликке келди. Колдон келгенин жасап жатат. Түркияга барып Кыргызстандын 50 млн. доллар тышкы карызын жоюп, грант алып келди. Өкмөт катары жакшы иштерди жасоодо,-деп,

Журналист Алым Токтомушев: Атамбаев табияты боюнча саясатчы эмес, ал адабиятчы, акын. Көбүнчө прагматикага эмес, аң-сезимге, эмоцияга ылайык иштейт. Маселен, өткөн президенттик шайлоодо “Мен президент болсом, Нуракенин астына чөгөлөсөм да Каркыраны кайра алып келип берем” деп убада берген. Бирок колунда Конституция, бийлик турганда ал убадасын эстеп да койбоду. Премьер-министр болуп турганда "Түркмөнстандан Кытайга тартылган газ түтүгү Кыргызстан аркылуу өтмөй болду. Мен сүйлөшүп койдум” деп элди кубантты эле. Бирок ал Казакстан аркылуу өтүп кетти. Ушул өңдүү ишке ашпаган сөздөрдү сүйлөй берет. Ал эми адамгерчилиги боюнча мыкты инсан. Адамды туура түшүнө билет жана жардамын аябайт,-деп,

Журналист Шерназар Шүкүров: Азыркы бийликтеги көп саясатчыларга караганда Атамбаевдин орду өзгөчө. Эл арасында кадыр-баркы жакшы. Мурдагы президенттер какшытып кеткен казынаны толтуруу үчүн чын дилинен иштеп жатат. Аны сынга алгандарга кошулгум келбейт,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG