Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Кайрадан...


Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010
Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010

Гезиттер мамлекетке кайтарылат деген менчиктердин кайрадан бакиевдердин колуна өтө баштаганы, Жогорку Кеңештин “жолу”, соттордун калкка жасаган карөзгөйлүгү жөнүндө жазып чыкты.

“Айат” гезити майда маалыматтар менен бүгүнкү санын ачып, “Эртең 8-июлда өтүүчү кезексиз сессияда учурдагы коалицияны кулатуу үчүн дагы бир аракет болот. Ага ылайык, адегенде “Республика” жана КСДП коалициядан чыгуусун жарыялайт да, жаңы бийлик курамы түзүлүп, Атамбаев - өкмөт башчысы, Текебаев - спикер, Канат Исаев-1-вице-премьер, Кулов коалициялык көпчүлүктүн башчысы болот” деп,

“Ата Мекен” партиясынын Бишкек шаар бөлүмүнүн 1-Май райондук уюмунун чогулушу болуп, Өмүрбек Абдрахмановду партиядан чыгарып эле тим болбой депутаттык мандатын алып салуу талабын койду” деп кабар таратты.

Ушул эле гезит аркылуу берген маегинде “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев коалициялык өкмөт тууралуу суроого жообунда Грузия менен Латвияны мисалга тартып, буларда 50 пайыз партиялык тизме, 50 пайыз можаритардык тизме менен депутат болуп шайланып, бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгын камтый тургандыгын” айтты.

“Айгай пресс” гезити Марат Султановдун “Шайлоодо негизги атаандашым Атамбаев” деген аталыштагы маегин,

Жолдошбек Токоевдин “Жогорку Кеңеш Ахматбектин үйүбү?” деген макаласын жарыялап, анын алдындагы “Ширшов, Чудинов, Келдибеков. Менчиктештирүү” деген тема алдындагы маалыматта элдин энчисине тийчү байлыкты кайра эле Максим Бакиевдин жакын адамдарына кайтаруу жүрүп жатканын, коомчулук буга каршы чечкиндүү каршы туруп, тезинен “Токтот!” дебесе, мамлекетти талап-тоноп көнгөн немелердин кечээкиден сабак алчудай түрү жоктугун белгилеп, сотко өткөрүлгөн объектилердин тизмесин шардана кылды.

Эсиңиздерге сала кетели “Аврора плюс” эс алуу борбору жана Булан-Сөгөттү айылындагы 10 гектар жер, “Аврора грин” туристтик борбору 31 коттеджи жана мейманканасы менен, 91 кыймылсыз мүлк менен Чок-Тал айлындагы 9,3 гектар жер, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айлындагы кыймылсыз объектилер, “Нарынгидроэнергокурулуш” ачык акционердик коомунун 90 процент акциясы, “Нарынгидроспецэнергомонтаж” акционердик коомунун 75 пайызга жакын акциясы, “Континент принт” басма-комплексинин 65 процент акциясы, ЯК-40 самолету, “Чакан ГЭСтин” 100 процент акциясы жана башка мүлк ээликтери жалаң Ширшов менен Максим Бакиевдин, Чудиновдун жана Келдибековдун менчигинде экендигин, кыргыз эли Бакиевден кутулганы менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнөн, өлкөнү кошо тоногон жакындарынан кутула электигин, Максимдин куйруктары кыргызга дагы далай оюндарды көрсөтөрүн, эми буга коомчулуктун өзү үн катпаса болбой калганын жазды.

“Де-факто” гезити шайлоого карата айрым жарандардын пикирин укту.

Эки пикирди угуза кетели.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев: - Авторитардык режим менен жашаган коңшулар эмитен келип эле шайлоого аттанчулардын эл арасындагы салмагын таразалай баштаганга өттү. Булар шайлооого түз кийлигишпесе да “жардам бергиле, улак тартыш болуп, тытыша берсин” деп, бай адамдары аркылуу 1-2 миллионду жөн эле ыргытып коёт. Алардын кимге ставка жасап жатканын оңой эле билсеңер болот. “Россиясыз өлөбүз. АКШ базасы кетсин!” дегендердин баары ошолордун тыйынын алып аткандар, - деп,

Саясат талдоочу Марс Сариев: - Россия бул ирет башка тактика менен ойнойт. Дароо эле бир талапкерге токтолбойт. Баары менен сүйлөшүп, тамырын тартып көрөт. Азыр Россия баары менен иштеп атат. Бирок негизги ставка Алмаз Атамбаевге түшүп калат го. Байкасаңар, ал жакында Путин менен, Назарбаев менен жолугуп келди. Ал эми АКШ ачык түрдө шайлоого кийлигишпейт. Эгер Америка “Ата Мекен” партиясын колдой турганын ачык билдирсе эле ал партия жеңиле баштайт, - деп жооп берди.

Ушул эле “Де-факто” гезити “Куйруктары али тирүү экен го, ыя?” деген рубриканын алдында “Улутташтырылган мүлктөр кайра эле Бакиевдин бала-чака, катындарынын колуна өткөнү калды” деген баштема менен Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров менен мамлекеттик мүлк минстри Даир Кенекеевдин маектерин тартуулады.

Кенекеев маалымат жыйынындагы сүйлөгөн сөзүндө улутташтырылган 20 объекттин мурдагы ээлери Кыргыз мамлекетинин ээлигине кайтарылып берсин деген “Убактылуу Өкмөттүн декреттерин жокко чыгарып, мүлктү кайра колубузга бергиле” деп сотко кайрылганын, мамлекеттик кызыкчылыкка каршы иштеген сотторго да тарых өз жазасын акыры берерин белгилеп: “Бул объктилердин тагдырын таз арада чечпесек, 6 айдан кийин алардын баары кайрадан мурунку ээлерине, тагыраак айтканда Бакиевдердин жакындарына кайтат” деп айтканын басты.

Ушул эле маселе жөнүндө сөз кылган Азимбек Бекназаров Убактылуу Өкмөттүн ошол кездеги экинчи адамы болгон Алмаз Атамбаевдин 17 объектини сотко кароого жөнөтүлсүн дегенди колдоп жаткандыгын, ал 17 объект болгондо да Бакиевге жана анын көздөй адамдарына таандыктыгын, азыркы Жогорку Кеңеш дал ушул объектилерди Бакиевдерге мыйзамдаштырып берип жатканын, эгер акыр аягына чейин ушундай болсо, 7-апрелдеги революция жокко чыгарын айтып кейиди.

“Учур” гезити Бишкек райондор аралык сотунун судьясы Бермет Карагулова менен салык кызматынын төрагасы Бактыбек Аширов гезиттин салык кызматындагы айрым кызматкерлерди сындагандыгы үчүн 1 млн. сом айыпка жыкканын, гезит жамаатынын Жогорку Кеңешке кайрылардан башка аргасы калбай калганын кабарлады.

Бул санга депутат Равшан Жээнбековдун өлкөнүн экономикалык абалын талдоого алган макаласы, депутат Алтынбек Сулаймановдун “Мен эми мушташтан алысмын” деген маеги жрык көрдү.

“Пресс.Kg” гезити Талант Токоев аттуу автордун “Президенттик шайлоо- президенттик башкарууга алып барышы мүмкүн” деген макаласына окурмандардын көңүлүн бурду. Макалада саясый тең салмактуулукту, парламентаризм демократиясы бар системаны тандап алган Кыргызстандын сяасый турмушу тууралуу сөз болот.

Ушул эле гезит коомчулукка мыйзам бузуу менен чечим чыгарган соттордун тизмесин жарыя кылды. Тизме “Келдибеков “жеп-ичкич” сотторго эмне үчүн жан тартууда?” деген ат менен жарыкка чыкты.

Ушул эле теманы андан ары “Кыргызстанда таза сот калганбы, деги?” деп аталган макала улантып, кайсыл соттордун канчаларды какшатканы далилдер менен айтылган.

Бүгүнкү жарык көргөн гезиттердин арасында биз баяндоого үлгүрө албай калган “Асман преss” жана “Параграф” гезиттери да бар.
XS
SM
MD
LG