Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Ою бир карыш, тою миң карыш Кыргызстан


Бүгүн жарык көргөн гезиттер Соң Көлдөгү Куйручуктун, Алайдагы Тилеке баатырдын тою тууралуу, ошондой эле саясат, шайлоо тууралуу жазды

Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын майрамдоого байланыштуу борбордук “Ала-Тоо” аянтына Айкөл Манас менен Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат. Манастын айкели Базарбай Сыдыковго, Айтматовдун айкели Саадабек Адиевге таандык” деп сүйүнчүлөгөн “Кыргыз туусу” гезити бул санын гезиттин кабарчысы Бактыгүл Чотурованын Соң-Көл жайлоосунда өткөн Куйручуктун тоюнан жазып келген репортаж менен ачты.

Ушул эле санда Алайдагы айтылуу Чыйырчыктын белинде өткөн дагы бир даңаза, өмүрүн кыргыз элинин тышкы душмандарына каршы күрөшкө арнап өткөн Тилеке баатырдын сөөгүн кайра коюу жана айкелинин ачылыш салтанаты жөнүндө макала, андагы чыгып сүйлөгөн Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун сүйлөгөн сөзүнүн баяны, буга коштолуп “Алай декларациясы” басылып чыкты.

Анда: “Алай декларациясынын негизги максаты – жалпы Кыргызстан калкынын улуттук биримдигин чыңдап, өлкө бүтүндүгүн сактоого багытталган саясатты турмушка ашыруу. Аймактык ажырымга жана уруулук бөлүнүүлөргө бөгөт коюу үчүн биз элибиздин мүдөө-тилегине төп келген “Улуттук биримдик концепциясын” иштеп чыгып сунуштайбыз. Эгерде кимде ким Кыргызстанды түндүк менен түштүккө бөлүүгө аракет кылып, жикчилдик менен жердешчилдик идеясын туу тутса, аны биз кыргыз калкынын чыныгы душманы деп эсептейбиз.

Кыргыз мамлекетин бөлүүнү каалаган жикчилдер, улуттук биримдикке доо кетирген бузукулар карт тарыхтын катаал сурагына кабылат. Айкөл Манас баянында айтылгандай, андайларды “төшү түктүү Жер урат, төбөсү бийик Көк урат!” деп жазылган жалындуу саптар бар.

Жазуучу Ильгиз Талиптин жарык көргөн макаласы “Улуу тоого чыккандай, улар үнүн уккандай Айтматов” деп аталды.

Залкар диктор Аблезим Ниязовду эскерген ойлордун топтому, академик Үсөн Асановдун илимпоз Дүрбөлөң Мамбетовдун окумуштуулугу жөнүндөгү баяны да гезиттин ушул санында.

“Фаубла” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Булгандыңбы, тынч отур!” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, буга чейин бийликте жүргөндөрдүн далайынын арты булганч экендигин, бирок ага карабай эле улам шым которо коюп Малайзияга же дагы ушул сыяктуу алскы өлкөлөргө чейин айылчылап, кенедей пайдасы жок сапарларга калк казынасынан акча коротуп жатканын ачуу сөздөр менен кеп кылды. Аракеев макаласынын аягында “Бакиев жана анын жакындары элди сөздүн түз маанисинде эзип жибергендиги үчүн, Конституциябызды бузуп, системаны диктатурага айландыргандыгы жана эл байлыгы дегендин баарын өздөрүнө алып алгандыгы үчүн куулган. Ал эми ошол Бакиевди колдоп тургандар ким катары бааланышы керек? Туура, алар да элди эзгендер, элди эл дебегендер катары бааланышы керек!” деп жаны кашайып, президенттик жарышка дал ошол бакиевчилер да жутунуп турганын жазды.

Ушул эле гезит “Көлбаев менен Анапияевде көп сыр бар дешет” деген ат менен окурмандарга “Азаттык” радиосунун макаласын тартуулады.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбаевдин дарегине багышталган “Айкөл Ала-Тоо” Апрель элдик революциясынын баатырлары бирикмесинин кайрылуусу жарык көрдү.


Кайрылуу ээлери Жогорку Кеңештин 61 депутаты колун коюп, мурунку коргоо министри, Бакиевдин эң жакын жөкөрлөрүнүн бири Бактыбек Калыевди үй камагына бошотуу жөнүндөгү өтүнүчүнө катуу нааразы болгондугун, Калыев кийин жараттан каза болгон 11 жигитти кошкондо 100дөн ашуун адамдын өлүмүнө кандайдыр бир күнөөсү бардыгын, депутаттардын мына ушул колдоосунан кийин күнөөлүү деп шектелип жаткандар агрессивдүү боло баштаганын, 13-июлдагы сот отурумунда С. Цигельников деген жаран жабыр тарткан У. Бектурсуновдун башын үстөл менен жара чаба жаздаганын белгилеп: “Минтип кылмышкерди колдоп турган парламенттин бизге кереги жок. Майыптарды, алардын жетим-жесир калган бүлөлөрүн коргоп, аларга ар тартаптан жардам берүүнүн ордуна Бакиевдин кылмышкерлерин камактан чыгарабыз деп жаткан депутаттардан эмнени күтүүгө болот?” деп суроо койду.

Бул санга Бакыт Калыевди үй камагына чыгаруу үчүн кам көргөн депутаттардын фракциясы жана алардын аты-жөнү кошо жарыяланды. Тизмеде “Ата Мекен” партиясынан Өмүрбек Абдрахманов, Ширин Айтматова жана башкалар бар.

Бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити журналист Папан Дүйшөнбаевдин “Шайлоого аралашкандын баары “шайтанбы?” деген макаласын сунуш кылды. Автор алдыдагы президенттик шайлоо да өткөн жылдагыдай эле шайтандар менен сапырылган акчалардын жетегинде каларын, шайлоочулардын добушу менен кошо алардын ыйманын, бала-чакасынын ырыскысы менен эртеңки итирейген жашоосун кошо сатып алмай аракети башталарын баяндады.

“Мындай төбө чачты тик тургузган окуялар – дүйөнүн эч бир жеринде эмес, бир гана Кыргызстанда болушу мүмкүн. Бизде акыркы эки жылдан бери “өлүп тирилгендердин” саны экиге жетти” деп жазган “Алиби” гезити былтыр 2010-жылдын 7-апрелинде эски бийликтин киши атарларынын колунан курман болгон, курман болгондугу үчүн 1 млн. сом алгандардын катарына илинген Маралбек Максымбеков арадан бир жыл өткөндөн кийин “тирилип” келсе, Маралбектин “топурагы сууй” электе былтыркы Ош окуясында “каза болгон” Токтокан Жөкеева деген айымдын “өлүп тирилгени” белгилүү болгонун, ушунун баары акча деп жанталашмайдын айынан чыгып жатканын кеп кылды.

Аталган басылма Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун “Эгер бизге чабуул башталса, каршылык көрсөтүүгө күчүбүз жетет” деген ат менен маегин жарыялады.

Төрага Индонезия менен Малайзияга расмий чакыруунун негизинде барганын, делегациянын курамын депутаттар өздөрү тандап бекиткенин, ал баштаган делегация эс алуу үчүн эмес өлкөлөр аралык мамилени чыңдоо үчүн барганын, мындан ары да КМШ, Европа жана Түндүк Чыгыш Азия сыяктуу чет өлкөлөргө Кыргызстанды тааныштырып келүү үчүн кам көрө берерин, ал эми ал жетектеп барган делегацияны жамантты кылган “5-канал” бүгүнкү күнү да анын мурдагы кожоюну Максим Бакиев түзүп кеткен схема менен иш алып барып жатканын айтты.

Төрага ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу бир катар суроолорго жооп берди.
XS
SM
MD
LG