Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Гезиттер: Соодаланган сот системасы


Бүгүнкү гезиттердин дээрлик баары сотторго байланыштуу нааразылык менен чыккан кечээги митинг жөнүндө, соттор жөнүндө жазып чыкты.

Жарык көргөн “Фабула” гезити бүгүнкү санын да сотторго байланыштуу ой-пкирлердин топтому менен ачты. Кечээ күнкү митингге чыккан “Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” коомунун мүчөлөрүнүн жана укук коргоочулардын сотторго болгон нааразылыктарына токтолгон гезит айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

Алар бир ооздон сот системасы оңолмоюн мамлекет оңолбостугун, 20 жылдан бери мамлекетти иритип-чириткен дал ушул соттор болгонун, эгер койгон талаптар аткарылып, таза соттор шайланбай турган болсо 1-сентябрдан тарта мөөнөтсүз митингдер башталарын, Садыр Жапаров канчалык актанса даы Сотторду тандоо кеңешиндегилер кимден канча акча алганы туурасында фактыларды чогултуп коюшканын айтып чыкты.

Журналист Баратбай Аракеевдин “Төрт Өмүрбек жана Алмазбек” аттуу макаласында президенттикке койгон 90го жакын талапкерлердин арасындагы Алмазбек Атамбаев тууралуу кенен кеп болду.

Атамбаевдин ажолукка аттанганы туурасында Айбек Шамшыкеевдин макаласында да баяндалды.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Анвар Артыков маек куруп, ал мүчө болгон фракцияда Сотторду тандоо кеңешине фракция башчысы Феликс Кулов өзү каалаган адамдарын өткөргөнүн, алардын бири орус жараны болуп чыкканын, Куловдун маселе чечерде башкаларды укпаган жеке базарлыгын ачыкка чыгарды.

Саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоев “Сопусунган соттор, көп сырлуу Кеңеш же революция уланууда!” деген макаласында бийликтин башка бутактарына караганда дал ушул сот бийлиги өлкөгө оңбогондой зыян келтиргенин, маселен качкын президенттердин бийлигин ар тараптан, болгондо да мыйзамсыз жолдор менен чыңдоодо, бийликти энчилөөдө, узурпациялоодо, үй-бүлөлүк жеке бийликти орнотууда даңгыр жолду соттор чаап берип турганын, канчалаган тагдырларды талкалап, күнөөсүздөрдү какшатып күнөөгө жыгып, алардын муң-зары менен көз жашынан көкөлөгөн хан сарайларды куруп, арам акчага туйтунуп турганын баса белгилөө менен кечээ күнү былыгы чыга баштаган сотторду электен өткөрүүнү президент өз колуна алганын, эми Роза Отунбаеванын миссиясы мыйзамсыздыкка, коррупцияга кекиртегине чейин баткан сот бийлигин тазалоо болуп жатканын жазып чыкты.

“Алиби” гезити саясатчы Азимбек Бекназаров менен аңгемелешти. Азимбек түндүк менен түштүктүн бир топ жерин кыдырып келгенин, кайсы жерде болбосун, “саясатчылар кыргызды сай-сайга, уруу-урууга бөлбөй бириктирбейсиңерби?” деген сөздөрдү укканын, демек муну алдын албаса бөлүнүү күч алып баратканын, ошого байланыштуу түндүктөн чыккан бир талапкер менен түштүктөн чыккан бир талапкердин ортосунда тандем түзөлү деген ойго келгенин, кечээ ушул боюнча Келдибеков менен Атамбаевге жолугуп сүйлөшкөнүн, жолуккандардын баары эле “президенттиктен элдин биримдиги артык, биригүүгө даярбыз” деп жаткандыгын айтты.

Кабарчынын “Тандемге кайсы талапкерлер биригип калышы мүмкүн?”деген суроосуна Азимбек Бекназаров, Атамбаев менен Келдибеков болушу толук мүмкүндүгүн, эгер президент түндүктөн болсо, премьерлик түштүккө берилиши керектигин, же тескерисинче болорун, ал эми Марат Султанов менен Нариман Түлеевдин “тандеми” тандем эместигин, ал - эки адамдын гана биригүүсү экендигин, мындай биригүүнү Нурлан Мотуев менен Турсунбай Бакир уулу да түзүшү мүмкүндүгүн жар салды.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун 15 жылдык өмүрүн Акаевге арнаганын, эми калган өмүрүн Ахматбек Келдибеков менен Феликс Куловго арноого даяр экенин билдирди.

“Алиби” гезитине булардан тышкары белгилүү музыка изилдөөчү Балбай Алагушев “Кардым үчүн кейибейм, кадырым үчүн кейийм” деген аталыш менен маек курду.

“Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санына өлкөнүн кадр кызматынын деректири Чолпонкул Арабаев “Жаман иштен сактаса-абийир сактайт” деген ат менен шайлоо өнөктүгү тууралуу жүрөктөгү сөздөрүн ортого салды.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков “Бизге президенттик-парламенттик башкаруу ылайык болмок” деген аталыштагы маегинде ушундай формадагы башкаруу болсо экономикасы турукташа элек мамлекетте көп учурда жеке жоопкерчиликти президент аларын, ал 120 депутаттан турган парламентте жеке жоопкерчилик болушу кыйын экенин көрүп келатканыбызды, анын үстүнө 120 депутаттын баары эле мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн, интеллектуалдык, саясый даярдыгы жагынан мамлекеттин жүгүн көтөрүүгө жөндөмдүү кишилерден эместигин, ошондуктан Бегиш Ааматов зар какшап келаткан 93-жылдагы Конституциянын кээ бир жерлерин гана оңдоп, ошого кайтып келсек жакшы болот эле деген ойду айтты.

Жолборс Жоробеков ошону менен бирге эле Отунбаеванын мөөнөтүн узартып коюш керек деген пикирлерге кошулбастыгын, себеби Роза Исаковна президенттик шайлоону тынч өткөрүп, тизгинди жакшы бир адамга өткөрүп берсе, ансыз деле тарыхта татыктуу каларын кошумчалады.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санына Мамлекеттик сыйлыктар боюнча президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиеванын маегине окурман көңүлүн бурду.

Бүбүкан айым жакында Жогорку Кеңеш “Ардак наамдар жөнүндөгү мыйзамга” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алганын, азыр Кыргыз өкмөтү да мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тармагын реформалоо боюнча аракеттерди көрүп жатканын, буга ылайык комиссия түзүлөрүн, ошондо чет өлкөлөрдүн тажырыйбасы кыргыз менталитетине ылайыкталарын кеп кылды.

Аталган гезит айыл өкмөттөрүнүн иш-аракеттерин чагылдырууну улантып, бүгүнкү санына Сокулуктун Крупская айыл өкмөтүндөгү алгылыктуу иштерди, андагы айыл өкмөтүн башкарган Токтобүбү Рахимбаеванын ишмердигин баяндады.

Журналист Күмөндөр Усуптегин алыскы Ат-Башы районундагы айыл чарба шаймандарынын абалын, Канат Ашырбаев түзгөн “Бай-Булак” балык чарбасын, шаарларда курула элек футбол аянтынын айылда курулганын кеп кылды.

Ушул эле санда “Англис тилсиз ааламга кошула албайбыз” деген ат менен “Кыргыз туусу” гезитинин саясый партияларга, ишкерлерге, аткаминерлерге, айыл өкмөттөрүнө, атуулдарга, ата-энелерге кайрылуу басылып чыкты.

Анда англис тилин үйрөтүүнүн сабактары тууралуу маселе коюлган.
XS
SM
MD
LG