Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Гезиттер: Ала-Тоо аламан “байгеде”


Гезиттердин башкы темалары соттун айланасындагы талкуу, ой-пикирлер, сунуштар жана шайлоого аттанган талапкерлер жөнүндө болууда.

Жаңы жарык көргөн “Айат” гезити Жогорку Соттун судьясы Айжамал Ажыбраимованын “Сот бийликтин буйругун аткарган тейлөөчү кызматкер эмес” деген аталыштагы маеги менен бүгүнкү санын ачты. Айжамал айым онунчу классты бүткөн кезинде Жогорку Сотко кат ташыгыч болуп иштеп, кийин сырттан окуп, катардагы кызматкерден Жогорку Соттун судьялыгына чейинки жолду таман акы, маңдай тери менен басып келгенин, азыр Арча-Бешик конушунда жашарын, тогуз жылдан бери салып келаткан тамын дагы эле бүтүрө албай келатканын, сотторду даярдоо боюнча окуу борборунда лекторлук да кыларын баяндап берди.

Жаштар сот системасын өзгөртүүнү талап кылып жатканы жана өлкөнүн Башкы прокуратурасы “Мегакомдун” чуусуна байланыштуу Раушан Рыкунова аттуу айымдын айрым соттордун доллар менен ири суммадагы пара алды деп берген көрсөтмөлөрүн текшерүүгө алмай болгонун кабарлады.

“Айат” гезитинде ошондой эле КСДПнын курултайында партия лидери Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүнүн баяны, саясатчылар Топчубек Тургуналиев, Аликбек Жекшенкулов, Марат Султановдун маектери бар.

Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аалы Молдоканов менен коомдук ишмер Кубан Мамбеталиевдин алым сабагы Ала-Тоо аянтындагы эстеликтер, кыргыз жерине Орусиянын падышалык бийлиги коюп кеткен жер аталыштарынын эмдигиче өзгөрбөй келатканына арналды.

“Де-факто” гезити газ маселесин козгоп, бул тармактын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин айтып бергени менен жаңы санын ачты.

Гезит “81 адамдын шайлоого аттанганы эмне деген белги?” деп, айрым жарандарга суроо салды.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: - Мыйзамды иштеп атканда кандайдыр бир чек коюп койсок болмок экен,-деп,

Академик Абдыганы Эркебаев: - Талапкерлердин көп чыгышынын себеби мамлекет башындагы чоң кызматкерлердин, саясатчылардын саясый жана укуктук маданиятынын төмөндүгүн, акыл-эс, аң-сезиминин өксүктүгүн, абийири менен уяттарынын жоктугун далилдейт,-деп,

Саясат иликтөөчү Табылды Акеров: - Бул шайлоодо чыныгы кармаш Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаровдун ортосунда болот,-деп,

Саясат иликтөөчү Марс Сариев: - Негизги күрөш Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда болот. Негизи эле Бекназаров айткандай түндүк-түштүк тандемин түзсөк жакшы болмок,-деп,

Укук коргоочу Чолпон Жакупова: - Негизги күрөш кимдердин ортосунда болорун билбейм. Шайлоодо эл бирөөнүн 500 сомун алып добушун берсе, келечеги эртең ошондой болот,- деп жооп берди.

Журналист Айзада Абазованын макаласы “Алдыдагы шайлоодо жаңы “акаев-бакиевдерди” шайлап албаш үчүн эмне кылуу керек?” деген ат менен жарык көрдү.

“Учур” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев өз гезити аркылуу “Орозодо президент Роза Отунбаевадан, орой катачылыгымды эске алып, кечирим сурайм” деп жазды.

“Учурдан” “Мегаком” тууралуу макаланы, депутат Равшан Жээнбековдун, 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун маегин, маданият министри Нурлан Шакиев менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын башчысы Адахан Мадумаровдун кабарчынын суроолоруна жообун, “Кызыл Кыядагы кызылдай коррупция качан тыйылат?” деген макаланы, “Касиеттүү Манастын эстелигин шашылыш жасатуу - саясый оюнбу?” деген суроонун айланасында санжырачы Сыргак Сооронкуловдун, жазуучу Асыкбек Оморовдун, скульптор Байысбек Батырбаевдин, сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин ойлорун окуй аласыздар.

“Айгай” гезитиндеги макаласында Күлчоро Кабылов аттуу автор саясат иликтөөчү Марс Сариевдин "президенттик шайлоодо талапкерлер өтө кылдат болбосо регионалдык картага ойноп жатышып тышкы күчтөрдүн алдында шахмат пешкасы болуп калышы мүмкүн. Алар эң ириде былтыркы түштүк окуясын эске алышы керек" деп айткан сөзүн шилтеме кылып, бул сөздүн чындыгы барын, Марс туура баамдап жатканын, айрыкча Кыргызстан Борбор Азиядагы геосаясаттын талуу жери экендигин белгилеп, аалам алкагында болуп аткан чаң-тополоңдордун бекер жерден чыгып атпаганына басым жасап, ошондуктан Түндүк Африкадагы “Араб революциясы” деген өрттүн оту Борбор Азияга түшүп, жалбырттап кетишинен саясатчыларды сак болууга чакырды.

Жолдошбек Токоевдин шайлоого аттанган кыргыздардын айрымдарынын аракеттерин сүрөттөгөн “Чоң казат” аттуу макаласы жарык көрдү.

“Айгай” гезити “Баракелде” сайтынан алып Аскар Акаевдин “Ким элди бириктире алса мен ошол талапкерди колдойм” деген маегин кыскартып жарыялады.

“Асман преss” гезити шайлоого аттангандар каратаман калктын оозун майлоо этабын башташканын, маселен Камчыбек Ташиев Жалал-Абад тарапта орозо кармагандардын оозун ачырып жүрсө,

Марат Султанов төгөрөктүн төрт бурчунан эл чогултканын, элдин арасында Маратты колдоп “республикачылардан” Роза Акназарова менен Бакыт Төрөбаев, “Замандаш” партиясы жүргөнүн,

Адахан Мадумаровду маалыматтык жана каржылык колдоодон “улутчулдук” жагы бар экен деп Орусия сылык баш тартып койгонун,

“Ата Журттан” чыккан депутат Нариман Түлеевдин таскагы катуулай баштаганын, аны болгондо да “7-апрель жаштар кыймылы” колдоп чыкканын, карт саясатчылар Чолпон Баекова менен Турдакун Усубалиевдер да Түлеевге кол сунуп калганын маалымдады.
XS
SM
MD
LG