Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Кылмыштар таржымалы


“Дело №...” гезити менен “Чоң казат” гезити Кыргызстандын кылмыштуу дүйнөсүн баяндады...

Бүгүн жарыкка чыккан “Дело №...” жумалыгы жаңы санын Роза Качиеванын соту башталалек жатып чырга айланганын, соттогу прокурор айыпталып жаткан айымдардын дагы бири, Качиеванын сиңдиси Айнура Симдин күйөөсү менен дос болгондуктан кылмыш ишин алып баруудан баш тартканын, буга байланыштуу сот 13-сентябрга жылдырылганын кабарлады.

Гезит андан кийин “Кыргыз президентин шайлоо жаман күнү өтөт” деген аталыш менен нумеролог Назира Орозалиеванын кабарчыга айтып берген божомолдоруна орун берди.

Буга удаа эле “Эмне үчүн Кулов Жапаровго байланып калган?” деген аталышта депутат Анвар Артыковдун маеги жарыяланды.

“Жаныш Бакиевдин балдарын чек арадан кармашты” деген теманын алдындагы маалыматта Улуттук Коопсуздук Комитети Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев өзүнүн 12 жаштагы бир тууганы Нурсултан Жаныбекович Бакиевди Нурсултан Шүкүрбекович Акматов деген ысымга жазылган туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен чек арадан алып өтүп бараткан жеринен кармаганын, Жаныштын улуу баласына айып тагылып, ал үй камагына алынганын маалымдады.

Бүтүндөй кыргыз элинин “күйөө баласы” атыккан Адил Тойгонбаев Кыргызстандын күч органдарынын өтүнүчү менен Алматыдан кармалып, Алматы шаардык прокуратурасына алынып баргандан кийин тез эле бошотулуп жиберилгенин кабарлаган “Дело №..” гезити Адил Тойгонбаев Кыргызстанга 15 млн. 492 миң доллар зыян келтирген деген айып менен эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири экендигин кошумчалады.

Полковник Чыныбек Алиевди өлтүргөндөрдүн ичинен жападан жалгыз тирүү калып, издөөдө жүргөн Керезбек Бейшетаев Алматыдан колго түшүрүлгөнүн, ошол кездери Рыспек Акматбаевдин бандасынын бетин ачкандыгы үчүн полковниктен өч алуу максатында Рыспектин өзү, анын “штаттагы” киллери Айбек Нарматов, Рыспек менен кызматташып жүргөн Ички иштер министрлигинин кызматкери Мурат Жумагулов жана БМВ-525тин айдоочусу Керезбек Бейшетаев төртөө күүгүмдө Чыныбек Алиев олтурган “Апшерон” кафесин курчоого алып, полковник кафеден узап чыгары менен Бейшетаев БМВны анын жанына жакын айдап барып, Акматбаев Калашников автоматы менен Алиевди 24 ок менен чайкап салганын эске салды.

Кийин сот башталган... Бирок Чыныбек Алиевди өлтүргөндөрдүн баары биринин артынан бири, белгисиз бирөөлөр тарабынан Акматбаев 2006-жылы, Жумагулов 2007-жылы атылып өлтүрүлүп, Нарматов спецназчыларга каршылык көрсөтүү учурунда өлтүрүлгөн. Ошентип, мурдагы “рыспекчилердин” арасынан тирүү калганы жалгыз Керезбек Бейшетаев болгон. Ал эбак эле Казакстандын жарандыгын алып, үйлөнүп, үч балалуу болуп жашап турган. Бейшетаев эми минтип Кыргызстандын күч органдары тарабынан Алыматыдан колго түшүрүлдү.

Ушул эле маалыматтын катарында Зикирбаевдин бандасынын мүчөсү болгон сузактык Замир Камбаралиев Россия Федерациясынын Москва обулусунда колго түшүрүлгөнүн, ал базаркоргондук Болот Ашировду адегенде кыйноого алып, буту-колдорун арматура менен бирден чагып чыгып, аягында пистолет менен 6 жолу аткылап өлтүрүп, качып кеткен 2006-жылдан бери издөөдө жүргөнүн, анын колундагы пистолет үч жылдан кийин Бишкектен чыкканын, милиция аны 2009-жылы атылып өлтүрүлгөн депутат Санжар Кыдыралиевдин жансакчысынын колунан алганын, бул сырдуу курал депутатты кайтарган адамдын колуна кандай жол менен тийип калганы эмдигиче белгисиз экендигин жазып чыкты.

Жарык көргөн кыргыз тилдүү “Чоң казат” гезити “Фергана” маалымат агенттигинин “Кыргыз баңгитрафигин Ташиев ээлейби?” деген темадагы маекти кыргыз тилине которуп басты.

Аталган гезит “Фергана” маалымат агенттигинин саясый серепчиси Николай Левин Россиялык күч түзүмдөрүнүн биринин атын атагысы келбеген өкүлү менен аңгемелешкенин кыргызчга которуп жарыя кылды.

Россиялык өкүл жакында Кыргызстанда болуп кайтканын, алынган маалымат боюнча Ооганстандан Кыргызстан аркылуу 20-25 тонна өлчөмүндө героин жана апийим ташылып өтүп турарын, көлөмү көбөйгөнүн, Бакиевдин тушунда жоюлуп кеткен баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча комитет кайрадан түзүлгөнүн, бир нече ири колго түшүрүүлөр – ишке ашырылганын, алардын эң ириси жакынкы эле күндөрү Екатеринбург шаарында болгонун, бирок баңги заттын негизги агымы дагы эле токтобой жатканын айтты.

-Эмне себептен?

- Бул “бизнести” мамлекеттик жана күч түзүмдөрүндө олтурган ири адамдар калкалап, баңгибарондорду кууп чыгаралбай жатат. Героин адегенде Тоолуу Бадахшанга, андан кийин Кыргызстанга - Чоң Алайга келип, ал жактан Ош менен Жалал-Абаддагы базаларга жеткирилет. Андан эки багытты көздөй, бири - Өзбекстанга, экинчи багыты - Чүйгө кетет. Бул жактан Кара-Балтага келип, Казакстанга жана Россияга жеткирилет, - деп жооп берди Россиянын күч түзүмүнүн өкүлү.

Андан ары ал баңгизат “бизнесине” байланышкан бир топ ысымдарды, анын ичинен тажикстандык Салимшо деген адамды, убагында баңгизаттарга абдан катуу таасир этип турган Бакиевдин туугандарын, Бакиев менен кошо качып, азыр дайнын таптырбай жүргөн Ички иштер министрлигинин мурдагы биринчи орунбасары Шеркозу Мирзакаримовдун атын атады. Баңгибизнестин саясый түрткүчтөрү алтургай парламентте олтурганын айтуу менен, алардын президенттикке талапкер экенин белгилеген. Ал адам тажикстандык Салимшо менен бир нече жолу жолугушканын документтештирип коюшканын шардана кылды.

"Фергана" маалымат агенттигинин саясый серепчиси Николай Левиндин бул маегин “Чоң казат” гезитинин бүгүнкү санынан толугу менен окуп алсаңыздар болот.

Гезитке мындан тышкары сандан-санга жарык көрүп келаткан “Генерал Скоблевдин Алайга жүрүшү” жана кара сөз чебери Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манасы” такай басылууда.
XS
SM
MD
LG