Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:04

"Атаандаштыктын арымы"


30-октябрдагы добуш берүү, Бишкек.
30-октябрдагы добуш берүү, Бишкек.

Бүгүн жарык көргөн гезиттер “Эл күткөн күн келди”, “Атаандаштыктын арымы”, “Кыргызстан өз лидерин тапты” деген баштемалар менен жаңы санын ачты.

“Фабула” гезити аркылуу ойлорун билдирген ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев шайлоонун мыйзам чегинде өтүшүн көзөмөлдөө үчүн бир топ күн Жалал-Абадда болгонун, аталган дубандын эли шайлоого активдүү катышканын, эч кандай коркутуп-үркүтүү, мыйзам бузуу бул ирет болбогонун, ошондуктан жеңилүү ызасын тарткан талапкерлер митинг уюштуруп, элдин тынчын алат деген ойлордон алыс экендигин айткан.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев бул шайлоонун башкы өзгөчөлүгү - биринчиден, мамлекет башчысы шайлоого катышпаганын, экинчиден, БШКдан тартып, участкалык шайлоо комиссиясына чейин ар бир партиянын өкүлдөрү киргенин, үчүнчүдөн, мурдагыдай кошумча тизме болбогонун белгиледи.

Саясый серепчи Орозбек Молдалиев шайлоо таза өткөнүн ачык эле айтып койсо болорун, бирок аны уюштурууда бир катар катачылыктар кеткенин, айрымдар тизмеден өздөрүн таппай калганын, бирок эң башкысы Атамбаевдин жеңиши таза болгонун, ал эми жеңилгендер жеңишти моюнга алып, жигитчилик кылышы парз экендигин, кокус элди көчөгө алып чыгабыз десе 300-400 кишиден башкасы чыкпастыгын, анткени эл акчага таянуудан майнап чыкпай калганын дал ушул шайлоо аркылуу далилдегенин айтты.

Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов кыргыз эли мындай шайлоону 20 жылдан бери эңсеп келгенин, бул жеңиш Алмазбек Атамбаевдин эле жеңиши эмес, бүтүндөй кыргыз элинин жеңиши экендигин, ал ушунусу менен тарыхта каларын, ал эми жеңилгендер элдин тынчын алып, адамдык сапаттан ажырабай жеңиш жалпы элдин жеңиши болгондугун сезиши керектигин айтты.

Шайлоо таза өткөнүн ушул “Фабула” гезити аркылуу саясат иликтөөчү Марс Сариев, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, Динара Ошурахунова башында турган бейөкмөттүк уюмдардын бир катар жетекчилери билдиришти.

“Алиби” гезитине түрк туугандардын “Энтес” деген компаниясы Гаагадагы эл аралык сотко кайрылып, Кыргызстандан 26 млн. доллар төлөп берүүсүн талап кылып аткандыгын, ал эмне деген доо экендигин, кыргыз тарап эмне үчүн доого жыгылып жаткандыгын иликтөөгө алган журналист Болотбек Таштаналиевдин “Энтести” эсирткендер кимдер?” деген макаласы басылып чыкты.

“Алиби” андан ары президенттик шайлоо тарыхый тандоо болгонун белгилеп, жарышка түшкөн талапкерлердин кимиси канча добуш менен марага келгенин тизмеге алды.

Кечээ Жалал-Абаддын губернатору Азиз Турсунбаев “ташиевчил” тарапты кабыл алып, эч кандай административдик ресурс колдонулбаганын, маселен ал өзү эч кимге эч кандай көрсөтмө бербегенин, эгер ал ресурсту иштеткенде, башкасын айтпаганда да өзүнүн кичи мекени болгон Ала-Бука районунан Атамбаевге арбын добуш алып бермегин, бирок ал шайлоого аралашпагандыктан эл өзү каалагандай чечим кабыл алганын, жыйынтыгында Атамбаевге Ала-Букадан 15 пайыз, Чаткалдан 8 пайыз бергенин, облус боюнча деле 25 пайыздан ашпаганын, Ала-Букадан тескерисинче арбын добушту Ташиев алганын айткандан кийин жаалданып жаткандар тарап кеткенин жазып чыкты.

Шайлоочулардын кимге добуш бергендери сүрөттөрү менен басылды.

Тынчтык Алтымышевдин финдердин өлкөсүндө жашап жүргөн журналист Асран Айдаралиевдин Медет Садыркуловдун өлөргө аз калган күндөгү аракеттерин баяндаган маегине орун берди.

“Кыргыз туусу” гезити шайлоонун алдында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын азыркы саясый тарыхы. Саясат жана инсандар. Топчубек Тургуналиев” аттуу республикалык конференция өткөнүн, сүйлөгөндөр эгемендүү мамлекеттин түптөлүшүнө, демократиялык баалуулуктардын жайылышына Топчукенин кошкон зор салымын белгилеп, авторитардык режимге каршы күрөштө анын ролу зор болгонун маалымдап, конференция тууралуу кенен материал гезиттин эмдиги санына басыларын кабарлады.

“Кыргыз туусу” гезити ошондой эле алгачкы барагын болуп өткөн шайлоонун жүрүшүнө арналган маалыматтар менен ачып, эл аралык коомчулук Кыргызстандагы президенттик шайлоо эл аралык демократиянын негизинде, ачык жана таза өткөндүгүн билдиргендигин маалымдады.

Аталган басылма аркылуу өз пикирин билдирген Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев мындай деди:

- Эми Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Темирбек Асанбеков сыяктуу жарышка чыккан азаматтарга айта турган сөзүм бар. Касиеттүү Ала-Тоо койнуна биротоло бейпилдикти, тынчтыкты, биримдикти орнотуу силерге жараша болот. Атамбаев жарышка түшкөндөрдү кызматка тартууга аракеттенип, тажырыйбаларын пайдалануу керек. Ал эми уттургандар болсо ичтерине ат батырган кенендик, айкөлдүк менен жеңген атаандашынын колун кысып, шайлоо маданиятынын үлгүсүн көрсөткөн бийиктикке жетиши керек. Анткени 1 миллиондон ашуун жаран Атамбаевди колдоп реалдуу добушун берди. Биз жазуучу, өндүрүшчү, чыгаан дипломат президентке ээ болгондугубузга кубанып турабыз.

Ардактуу аксакал Сооронбай Жусуевдин пикирин Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаев колдоп, Атамбаев өндүрүшчү гана болбостон ири державалар менен теңата сүйлөшө билген эл аралык аренадагы калыптанып келе жаткан саясатчы экендигин, мурдагы бийлик салкындатып жиберген Орусия менен мамилени кайра калыбына келтиргенин, өрттөнүп бүлүнгөн Ош менен Жалал-Абадды кайра куруу үчүн кеминде 25 жыл керек деген пессимисттик пикирлер айтылганын, бирок шаарлар курулуп, жапа чеккендер үйлүү болуп, пенсия көбөйүп жатканын, ырас шайлоонун болуп өткөнүнө көлөкө түшүрө албаган айрым катачылыктар кеткенин, бирок 16 талапкердин ар биринин бирден байкоочусу, жактоочулары, алардан тышкары чет элдик байкоочулар урнаны көз албай карап турушканын, мындай шайлоодо административдик ресурстарды колдонуу дегеле мүмкүн эместигин, эми мындан ары коомдун бейпил, тынч болушун Атамбаевдин атаандаштары да сезүүлөрү керектигин баса белгиледи.

Ушул эле гезит Жалал-Абад облусундагы шайлоо жүрүшүн баяндаган журналист Орозалы Карасартовдун “Эгер мен ресурсту иштетсем натыйжа башкача болмок” деген, Ош обулусундагы шайлоо жүрүшүн баяндаган журналист Төлөнбай Абдыразаковдун “Мурдагыдай көз көрүнөө бурмалоо байкалбады” деген макалаларына, айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

Өмүрлүк жары Албина Эралиева менен БГУнун профессору Санарбек Карымшаковдун Кыргыз эл баатыры. Кыргыз поэзиясынын тирүү классиги Сүйүнбай Эралиев тууралуу айткандары да ушул санда.

Таланттуу акын кыздарыбыздын бири Бактыгүл Сейитбекованын жаңы ырлары да гезиттин ушул санына жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG