Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Жол


Гезиттер шайлоонун өтүшү, ал жөнүндө ар кандай көз караштагы ой-пикирлерди жарыялоону улантууда.

“Атамбаевге 7 осуят” деген баш макала менен жарык көргөн “Де-факто” гезити болочок президентке кайрылып, “кошоматчылардын калпына ишенсеңиз, алар эки көзүңүздү сокур кылып тынат”, жомоктогу кайырчынын кийимин кийбесеңиз да айылдагы карапайым элди көп аралаңыз”, “казынаны какшытып, миллиондорду жутуп келген карышкыр саясатчыларды жаштар менен алмаштырыңыз”, “үй-бүлөңүздү саясатка аралаштырбаңыз!”, “мөөнөтүңүз аз калганда тактыда калам деп жанталашпаңыз”, "азыркы президент Роза Отунбаевадан үлгү алып, бийликти өз убагында өткөрүп бериңиз", “жеп-ичкендерди кустуруңуз, бизди союп келген сотторду тазалаңыз” деп собол таштады.

Акын жана журналист Жыргалбек Касаболотовдун “Жол буугандарга” деген ыры жарык көрдү.

Көчмөн кыргыз эли байыртан эле жолду ыйык, улук көрүп, жол бууган жорук жакшылыкка алып келбестигин, жолду эзелтен душман, пейили түз эмес адамдар бууганын элдин эсине салып келип:

Мантаңдашып ар кимге кашынгандар,
Мансап үчүн жол тосуп ашынгандар.
Калыстыкты карманып чыгалбастан,
Катындардын артына жашынгандар.

Жолдо жүрүп өмүрлөр тамам болгон,
Жол сыйлаган улуу журт аман болгон.
“Жолуң болсун!” деп бабам бата берип,
Жол буугандын акыры жаман болгон.

Жарандар эй, жарандар токтогула,
Жашообузга жаман салт кошпогула.
Кызмат үчүн кырылып кетсеңер да,
Кыргыздардын кан жолун тоспогула!- деп жазды “Де-факто” гезитине.

“Кереге” гезити: “Ыйманды саттык дейбиз. Ынсап, пейил кетти дейбиз. Чын эле бири-бирибиздин жакшылыгыбызды көрө албай, жалаң гана жаман жагыбызды какшап калдык. Бейиштей жаркын Мекенибизде чындыктын курун моюнга салып, жок дегенде бир кишиге ыракмат ыроолоп койбойлубу. Өлкө канга чыланып, ак менен кара, калп менен чын алпурушуп, кырчындай жигиттерибиз атылган октон чым жазданып, кырылып жатканда “мен кыйын” деген жигиттерибиз Роза Отунбаеванын этегине баш калкалап келгенин эстегилечи? Ырас, Роза Отунбаева эч бир кошоматка муктаж эмес, бирок тарых адилеттиги анын бир эмес, эки кандуу капсалаңдан өлкөнү камырдан кыл суургандай сууруп чыкканын, дүйнөнү таң калтырып, КМШ өлкөлөрү үчүн үлгү боло турган иш жасап, түшпөс ханга айланган Борбор Азияда биринчи жолу өз бийлигин тынч жол менен өткөрүп берсе болоруна жол салганын тана албайт! Бул келечек үчүн мыкты жөрөлгө. Ылайым эле мындан ары кыргыздын уюткусу уланып, президенттер өз өлкөсүндө кубаланбай, кубанып турушун каалайбыз жана дагы бир жолу сизге ырахмат, Роза Исаковна! Сиз чапкан жол ар дайым болочокко үлгү болсун” деп жазып чыкты.

“Кереге” гезити “Президенттик шайлоо кандай өттү?” деп суроо салды.

Коммунист Исках Масалиев:- Административдик ресурстар колдонулду, жыйынтык бурмаланды деп жатышат. Менин оюмча кандай болгон күндө деле жыйынтык көпчүлүк күткөндөй, болжогондой чыкты. Атамбаевдин эң көп добуш алганы реалдуу эле болуш керек деп ойлойм. Ал эми шайлоону уюштуруу жагы өтө начар. Керек болсо Акаев, Бакиев доорундагы шайлоолордон төмөн болду,-деп,

Мурдагы спикер Мукар Чолпонбаев: - Бишкек боюнча 45 пайыз добуш болгон эмес, 60 пайыз деген көрсөткүч таптакыр чындыкка коошпойт. Мындай бурмалоолор Бишкек шаары гана эмес, республика боюнча болду. Тизмеде үйүбүздөн менин гана атым бар, калган үчөөнүкү жок болду,-деп,

Райкеңештин депутаты Нурболот Кожобергенов:- Шайлоо жыйынтыгы элди канааттандырган жок. Токтогул районундагы электр ишканасынын бүт техникасы Атамбаевдин штабында кызмат кылды,-деп,

Философ Карыбек Байбосунов:- Шайлоо негизинен жакшы өттү. Бирок тизме башаламан. Мен өзүмдү тизмеден таппай калдым. Ал эми жыйынтыгы эң туура чыкты. Тизмени бурмалап, аракет кылбаса деле Атамбаев өтмөк. 64 пайыз болбосо 54 пайыз алмак,-деп,

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов:- “Келме кезек, терме тезек” деген принцип кайталанды. Добуштарды бурмалоо боюнча Акаев, Бакиев доорунан да ашып түштү. Качан бийлик тазаланып, жаңы система орномоюн бул көйгөйдөн арылбайт окшойбуз,-деп жооп берди.

Ушул эле шайлоого карата оюн билдирген “Дело №...” гезити бүгүнкү баш макаласында: “Шайлоо адаттагыдан тынч өттү. Бишкек менен Чүй дубаны болуп көрбөгөндөй активдүүлүгүн көрсөткөнүн ушундан билиңиз, жадагалса жыйынтыгына ичи чыкпаган талапкерлердин бири “Бишкек эч качан мындай добуш берген эмес!” деп жибергенге чейин барды.

Өлкөнүн борбору чынында эле, өткөн режимдин эми экинчи кайталанбашы үчүн жана ал режимди бийликке алып келебиз деп жаткандарга каршы так ушундай жооп берди. Кээ бирөөлөр буга ишенгилери келбей жатат. Бирок факт деген факт. Факт менен утулгандар да, беш жыл бою өлкөнү туш тушунан тытып жеп, башкача ойлонгондордун көзүн тазалап келгендер дагы макул болбоого аргалары жок.

Бул деген биринчи сабак. Эми мындан ары шайлоого барсам да, барбасам да менин добушумдан эч нерсе өзгөрбөйт деген ой артта калды, болгондо да кандай болорун бир эле тур менен аягына чыккан мына ушул президенттик шайлоо көрсөттү. Бул - экинчи сабак болду” деп жазды.

“Дело №...” андан ары шайлоого катышкан талапкерлердин кимиси канча добуш алганын, кимиси канча акча коротконун жарыя кылды.

Журналист Вадим Ночевкиндин “Өзгөчө маанидеги түрмө” деп аталган макаласы, кабарчынын Жаныш Бакиевдин жансакчысы менен көзмө көз сүйлөшкөн сөзү жарык көрдү.

Гезит “Бийликти соттордун жардамы менен алуу сценарийи жарабай калды, Кыргызстандын эң жогорку соттор корпусун түзүү боюнча ишеним берилген сот Замирбек Базарбековго пара алгандыгы үчүн кылмыш иши козголду” деп кабарлады.

Кыргызстандагы белгилүү теолог, саясат жана дин боюнча адис Кадыр Маликовдун актуалдуу маеги басылып чыкты.

Маегин Каддафинин өлүмүнөн баштаган Кадыр Маликов мындай мыкаачылык менен өлтүрүү светтик өлкөлөрдүн мыйзамдары сыяктуу эле шариаттын мыйзамдарында да жоктугун, кандай гана кылмышкер болбосун ал сот аркылуу жазаланышы керектигин айтуу менен, кудай учурунда бизди да зор сактаганын, кокус 7-апрелде революцияга көтөрүлгөн элдин колуна Курманбек Бакиев түшүп калганда да так ушундай болмогун айтуу менен Кыргызстанды Батыштан кандай каргашалар каптап келатканын кенен кеп кылды.
XS
SM
MD
LG