Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Басма сөз: Улутуңа устун бол!


Бүгүнкү гезиттердин негизги темасы шайлоо тууралуу болду. Журналисттер өздөрүнүн кесиптик майрамын да унутушкан жок.

“Шайлоо бүттү. Папке талаш башталды” деп кабарлаган “Жаңы агым” гезити 20 жылдан бери бири кетсе бири келип, айлампадай айланып келаткан бийликтеги эр азаматтардын кимиси ээрден тайып, кимиси ээрге мине тургандыгы тууралуу каңшаарларды таратты.

Сүйлөшүү дегенге жамынып алып, көшөгө артында кызмат соодасы жүрүп жаткандыгын, бул жагдай шайлоодон кийин ушул өңүттөгү коррупциянын жайылышына шарт түзүшү мүмкүндүгүн саясат иликтөөчү Табылды Акеров айтты. Маегин андан ары улаган Акеров, жеңилген тарап Жогорку Кеңешке эмес, мыйзам боюнча сотко кайрыларын, сот иликтеп чыккандан кийин БШК расмий жыйынтыгын чыгарарын, ошондон кийин гана Жогорку Кеңеш баа бериши керектигин, бирок мындай болбой жеңилген тарап өз кызыкчылыктарын парламент аркылуу коргоого алып, ыплас жол менен шайлоого короткон акчаларын өндүрүп алгылары келип жатканын кеп кылды.

Журналист Зайырбек Ажыматов “Атамбаев улуттук лидер боло алабы?” деп суроо коюп, бул жолку президенттик мандат Атамбаевге аванс катары берилгенин, 3 млн. 32 миңге жакын шайлоочунун 1 млн. 175 миңден бир аз ашыгынын добушун алганын, демек мындай көрсөткүч анын улуттук лидер эместигин айгинелерин,

“Мадумаров, Ташиев бириксе не болмок?” дегенге, кыргыз саясатында президенттик башкаруу жараксыз экени кайра-кайра тастыкталып, эл эки президенттин кылган кылыктарынан көңүлдөрү калып турганда кайрадан президенттик күчтүү бийлик курам деп күпүлдөп чыккан Мадумаровдун жана Ташиевдин алган багыттары туура болбогонун, экөөнүн бирикпегени Атамбаевдин бактысы болгондугун жана билген кишиге Ташиев менен Мадумаров бөлүнүп-жарылуудан өлкө биримдигин да сактап калганын,

“Америка Мадумаров, Ташиев аркылуу революция жасайбы?” деген суроого Атамбаев президент боло элек жатып эле “Манас” аба майданындагы транзиттик борбор боюнча эки тараптуу макулдашуу узартылбай турганын билдиргенин, учурда ар бир атуул митингге бекер чыкпастыгын, саясатчылар элди сөзсүз акча менен алып чыгышары бешиктеги балага да белгилүү экендигин, эми кези келгенде Америка Орусияга жан тарткан Атамбаевди алып түшүш үчүн Ташиев менен Мадумаровдун шайлоочуларын пайдалануудан да кайра тартпастыгын, негизи эле ар кайсы өлкөлөргө жагынган саясаттын акыры жакшылыкка алып барбасын, алтургай саясатчыларды ээрчий берип мамлекеттин эгемендигинен айрылып калбасак экен деп “Жаңы агымда” жарык көргөн “Шайлооонун “шампаны” тарады, бирок көңүл тынч эмес” деген макаласы аркылуу жооп издеди.

Алманбет Саралаевдин “Атамбаевдин ооматы, атаандаштарынын дооматы” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачкан “Фабула” гезити журналисттерди келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, айрым жарандардын ой-пикирлерине орун берди.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин суроолоруна жооп берген комдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, президенттикке жайнаган талапкерлердин чыкканын бийликтин кадыры кеткенин далилдерин, 2-3-орунду алган талапкерлер көп эле чамгарактабай, жеңген талапкердин жеңишин таанышы керектигин, Алмазбек бардык жагынан такшалып калганын, анын эми мамлекетти башкарып, элдин турмушун оңдоого мүмкүндүгү келгенин, азыркы учурда ар кайсы партиянын аркасы менен такыр ишке жараксыз, мамлекетти башкаруу деген түшүнүктөн кабары жок, жөндөмсүз, ишти былгыткандан башкага жарабаган адамдар келип отурганын, ошондуктан биринчи кезекте кадр саясатын жакшыртып, профессионалдарга көңүл буруу керектигин айтты.

Азыр айрымдар Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүп албаса эч нерсе кылалбайт дегенди айтып жатышканын, бирок кеп мында эместигин, Баш мыйзамды өзгөртүүгө азырынча шашуунун зарылдыгы жоктугун, президент ушул мыйзамдагы укуктарын туура колдонсо эле көп нерселер чечилерин, Баш мыйзамга туруктуулук орноп, өлкөдө өнүгүү, өсүш пайда болгондон кийин кайрылса деле болорун белгиледи.

Абдуразаков андан ары эң башкысы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын, анан да парламентти таратып жибергенден майнап чыкпастыгын, алдыда андан да маанилүү салык саясатын жакшыртып, көмүскө экономиканы азайтуу маселеси турганын кошумчалады.

“Кыргыз руху” гезити аркылуу Дархан Кара деген автор “Эл өз катасын, жаңылыштыгын оңдоду” деген макаласында шайлоонун маани-маңызын талдоого алып эгер Мадумаров социалдык иштер боюнча вице-премьерликтен, Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен баш тартышса, анда бири Орусияга, бири Германияга элчилик кызматтарга сунуш кылынышы мүмкүндүгүн маалымдады.

Журналист Азизбек Келдибеков “Бакиевдин элчиси кимге элчи боло алат?” деген макаласында Замира Сыдыкованын жүрүштөрү тууралуу кенен кеп кылса,

саясый серепчи Жыргалбек Турдукожоев президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу олуттуу ойлорун ортого салды. Ири алдыда жаңы президент сот реформасын узакка создуктурбай жүргүзүшү, судьялардын адилет иштей турган күчтүү корпусун түзүүүнү, 20 жылдан бери ооздук каттырбай алкынып-жулкунуп келаткан коррупциянын тамырына балта чабууну, маданият тармагына айрыкча көңүл бурууну, тилекке каршы Ататүрк менен Дэн Сяопин болуу кел-кели учурунда Акаевге да, андан кийин Бакиевге да келгенин, бирок Кудайдан коркпогон эки президент алдым-жуттумдук менен ачкөздүктүн азабын тартканын, ушул чоң суроо жаңы келген президенттин алдында турганын, бул оңбогондой чоң милдет, калдайган калың элдин үмүт-тилеги экендигин эл бийлейм деген кишинин эсине жана бир жолу салып өттү.

“Алиби” гезити баш макаласын журналист Болотбек Таштаналиевдин “БШКга таарынганда эмне, эл өз сөзүн айтты” деген баяндамасы менен ачты. Автор Кыргызстандын аксакалы, 100 жашты көздөй бараткан Турдакун Усубалиев биринчи жолу шайлоо укугунан ажырап калганын, эми муну өз аты-жөнү бар экенин шайлоого чейин тактап койбогондугу үчүн Усубалиевди күнөөлөөгө болобу деген суроо коюп, ал өзү да тизмеге кирбей калганын, Атамбаев бир добуштан ажыраганын, ошону менен бирге эле Атамбаев үчүн добуш берем деген жүздөгөн, миңдеген адамдар тизмеден дарегин таппай калышы да ыктымалдыгын, бирок муну БШКнын Атамбаевге каршы жасалган аракети катары кароого болбостугун, анткени тизмеден таппай калган шайлоочулар Мадумаровдун, Ташиевдин, башка талапкерлердин айланасында да болгонун, БШКнын мындан ары түздөп ала турган кемчилиги ушул болгонун жазып чыкты.

Шайлоонун жыйынтыгынан күмөн саноо жана ишенбөөчүлүк, бул кайрадан элдин кыжырына тиерин, Кыргызстан кандуу окуялардан, өрттөнгөн тамдар менен боздогон энелердин көз жашынан эми гана арылып, жерден боорун көтөрүп, жаңы тилек менен бейпил турмушту көздөй багыт алайын деп турган маалда элди кайрадан көчөгө алып чыгып, митингдерди уюштуруу өз келечегин ойлобогон, ушунусу менен саясый өмүрүн кыскартып жатканын билбеген, алысты көрө албаган кишилердин иши экендигин, анткени азыр 10 миң, 20 миң кишини көчөгө алып чыкса болорун, бирок миллион эл көчөгө чыкса эмне болорун да ойлонуу керектигин айтты.

Журналист Тети Орокчиев “Чоң сыноо эми башталды” деген макаласын да мына ушул болуп өткөн шайлоого арнап, Атамбаевдин келиши менен Кыргызстан Манастын өлкөсү, Айтматовдун өлкөсү деген атка конгой эле деген тилегин билдирди.
XS
SM
MD
LG