Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:11

Басма сөз: Ким кайсы орунду мээлейт?


Жарык көргөн гезиттер жаңы түзүлө турган өкмөттүн тегерегиндеги ой-пикирлерди талкууга алган макалаларды жарыялоону улантууда.

“Де-факто” гезитине маек курган “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров “финансы министри бол деген сунуш Атамбаев тараптан азыр да болуп жатканын, бирок бул маселе өкмөт башчысы ким болоруна карата чечилерин” айтса, “Ата Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев, Баш мыйзамда Жогорку Кеңештин төрагасын кетирүү үчүн 80ден ашык добуш керектигин, эми азыркы төрага кетеби же Баш мыйзамга таянабы аны айтуу кыйын экенин, бирок “Ата Мекен” коалицияга кирип, Текебаев 61 депутаттын добушун алса, төрага болууга мүмкүндүгү барын, эгер кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлбөй, ушул темп менен кете берсе өкмөт күзгө чейин эле иштеп, ашып кетсе 7 ай кармаларын божомолго алды.

"Республика" фракциясынын депутаты Канатбек Исаев жаңы коалиция түзүлүш үчүн азыркы коалиция тарашы керектигин, ал үчүн үч партиянын бирөө курамдан чыгышы керектигин, коалиция түзүүнү президент “Ата Журтка” берсе туура болорун, бирок кимге берсе өз эрки экендигин, Өмүрбек Бабановдун премьер-министр болуш үчүн депутаттарга акча таратып жатыптыр деген ушак сөз жалгандыгын, анын оюнча өкмөт башчылыгына парламенттегилердин көбү Бабановду колдоорун кеп кылды.

Билим жана илим министринин орун басары Гүлжигит Соронкуловдун “Алиппени армян жазган эмес же чындык эмне үчүн бурмаланды?” деген ат менен макаласы жарык көрдү. Министрдин орун басары “Де-факто” гезитинин 3-ноябрында жарыяланган “Алиппени жазган Мкртчян”деген макаласы карандай калп экенин тастыктап, аны жазган журналист кечирим сурашын талап кылды. “Де-факто” гезити ушул эле санында журналисттин катачылыгы үчүн министр Канат Садыковдон кечирим сурады.

Саламаттык сактоо министри Сабырбек Жумабеков “Биз СПИДди жашырбастан ачыкка чыгарып атабыз. Дамира Ниязалиева министр болуп турганда 22 балага СПИД жугуптур. Убагында эмне караган эмес?” деген суроо менен ушул боюнча чакан маегин бүгүн чыккан “Айат” гезитине жарыялады.

“20 жылдан бери экономиканы билбеген, экономикалык билимсиз адамдар иштеп келет” деген ат менен маек курган экономика доктору Айылчы Сарыбаев коңшуларга токтолуп, Орусия менен Казакстандын эң негизги максаты Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү экендигин, эгер экөө тең бул уюмга кирсе, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүнүн зарылдыгы жок болуп каларын, бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда бажы төлөмдөр деген дээрлик жоктугун, чек аралар ачыктыгын, импорт, экспорт дегендер кең-кесири жүргүзүлөрүн, кыскасы ага кирген мамлекеттердин бири-бири менен экономикалык алака түзгөнгө бүт мүмкүнчүлүгү болорун, ал эми өзөгүн Орусия кармап турган Бажы биримдиги тескерисинче дал ошол Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы мамлекеттерге каршы түзүлгөн уюм экендигин, мисалы Дүйнөлүк соода уюму өзүнчө бир “өлкө” болсо, Бажы биримдиги ошол өлкөнүн ичиндеги кичинекей бир “анклав” экендигин белгилеп, “анан буга дейре ошол мамлекеттин ичинде жашаган Кыргызстандын “анклавга” киришинин кандай зарылчылыгы бар эле?” деген суроону койду жана биздин өлкө тилекке каршы жеке менчикти эң башына коюп алып, мамлекеттин кызыкчылыгы 2-орунда калып келатканын, кыргыз мамлекетинин башында турган адамдар жеке менчик менен мамлекеттик менчиктин айырмасын жакшы билбестигин, 20 жылдан бери экономиканы жакшы билбеген билимсиздер иштеп келгенин, алар азыр да бийликте отурганын айтып чыкты.

Журналист Балбак Түлөбаев “Ош мэри Мырзакматов эл душманыбы?” деген макаласында акыркы кездери Мырзакматовду ур токмокко алып: аны “орто кылымдын байы”, “борбордук бийликке каршы чыккан адам” деп басма сөз аркылуу таш бараңга алып жаткандарга сын айтуу менен каяша пикирин жазып чыкты.

“Учур” гезити майда алакандай кабарларынын биринде Адахан Мадумаровдун маанайы пас экендигине, өткөн аптада Москвага барганы да көңүлүн көтөрө албаганы, бир жагынан казактар менен корейлерге бересесин кантип кайтарары, экинчи жагынан чоң кызматка илешээр, илээшпеси сарсанаа кылып жатканын, эске сала кетсек, Адахан мырза шайлоо алдында Атамбаевди баш кылып, Убактылуу өкмөттү төш кылып жазага тартуу керектигин каңкуулаганын, ошону менен бирге 7-апрелде курман болгон 87 азаматты баатыр катары тааныбай турганын, аларды жырткычтарга, бандиттерге теңегени массалык маалымдоо каражаттарына чыгып кеткенин, азыр да өткөн каталарын эске албай Мадумаров вице-премьерликтин же Тышкы иштер министрлигинин ордун кыялданып жатканын маалымдады.

“Параграф” гезити “Экс-президент” деген статус татыктууларга гана берилет” деген ат менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен маекти тартуулады. Ушу тапта “Президент жөнүндө” деген мыйзам иштелип жатканын, буга ылайык өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага экс-президент деген статус берилерин, бирок массалык маалымат каражаттарында көпчүлүгү түшүнбөй Текебаев Акаев менен Бакиевди тарыхтан чийип койгону жатабы дешип суроо коюп жатканын, ал экөө тең тарыхта каларын, ал эми кандай каларын алар өздөрү аныктагандыгын, кеп “экс-президент” дегендин орду жөнүндө болуп жаткандыгын, бул статус мыйзам боюнча биринчиден, бийликтен өз абийири менен, экинчиден, мөөнөтүн бүтүп кеткендерге берилээрин, импичмент болгондорго же өз өлкөсүн ташай качкандарга же күч менен кеткендерге берилбестигин түшүндүрдү. Маек “Азаттык” радиосунан алынган.

Журналист Назаркул Жоошбаев ушул эле “Параграф” гезити аркылуу “Устукан” деген макаласында Бабанов, Ташиев, Кулов, Сариев, Султанов тууралуу сөз кылды.

Аталган басылма андан ары саясатчы Эдил Байсалов менен маекти басты. Байсалов өткөн шайлоо тууралуу сөз кылып, Акаев менен Бакиевдин ырын ырдап жүргөн Иманкадыр Рысалиев деген барын, ошол “20 жылдан бери мындай ыплас шайлоо болгон эмес” деп айтканын, ооба 20 жылдан бери мындай таза шайлоо болбогонун, 2009-жылы Атамбаевдин билборддорун илебиз деп чуркап жүргөн жигиттерди Бакиев бийлиги түнү менен камап, сабатканын, ошол эле Молдомуса Конгантиев оппозицияны сабатып, кордотконун, Отунбаеваны өзүнүн айылындагы клубга киргизбегенин, Атамбаев өз айылына барганда жеригиликтүү чоңдор жолугушуудан коркуп, качып турганын, буга чейинки шайлоолордун кандай жолдор менен өткөндүгүн дагы бир жолу эске салуу менен “жаңы президент биринчи буйругу менен Роза Отунбаевага баатырлыкты бериши керек” деп айтты.

Ошол эле “Параграф” гезитин Акмат Асанов аттуу автордун “Бул шайлоо Кыргызстанды 200 жыл артка сүрүп таштады” деген ат менен өткөн шайлоодо генерал Өмүрбек Суваналиевдин талапкерлигин колдоп чыккан Бегалы Наргозуевдин маегин окурмандарга тартуу кылды.

Наргозуев жакында бүгүнкү бийликтин идеологдорун “чөөлөр, шакалдар” деп атаганын, Бегалы Наргозуев да ушул ойго толугу менен кошуларын, чын эле алар чөөдөй болушуп, Кыргызстандагы болгон чындыкты менчиктештирип алышкансыганын, бүгүнкү бийликтен кызмат күткөндөр жана башкалар бул шайлоону эски ыкмага салып өткөрүүгө катуу салым кошконун, кыскасы шайлоонун өтүшүнө такыр ичи чыкпаганын баяндап берди.
XS
SM
MD
LG