Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Басма сөз: Бакиевдер балта чаппаганда...


Жума күнкү гезиттер жаңы сандарын буга чейин болуп өткөн саясий-социалдык турмуштун ар кыл жактарын чагылдырууга арнады.

“Жаңы агым” гезити айтылуу ишкер Аскар Салымбеков декабрдын жетисинде миңдеген үй-бүлөнү багып, өлкө казынасынын бирден бир таянычы болгон “Дордойдун” 20 жылдыгын белгилегени жатканын,

Темир Сариевге же 1-вицелик же Бишкек мэрлиги тиймей болгонун,

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагалыгына эң оор учурларда Атамбаевдин жанында жүргөн жансакчыларынын башчысы Болот Сүйүмбаев болот деген сөз тараганын, бул жигит кадимки мамлекеттик ишмер Акматбек Сүйүмбаевдин небереси болорун,

Оштун губернаторлугуна Эмил Бусурманкулов деген жигит барары айтылса, өкмөттө Жеңил өнөр жай министрлиги түзүлүп, “Замандаш” партиясынан Сапар Асанов барат деп атканын кабарлады.

Аталган басылма Адахан Мадумаровдун саясий тагдырына Жаныш Бакиев балта чапканын, анткени шайлоо алдындагы интернет-сайттардын, республикалык гезиттердин жазгандары боюнча Мадумаровдун көмүскөдөгү кожоюндары Марат Бакиев менен Жаныш Бакиев экен деген сөз тараганын, бул маалымат тастыкталбаган болсо да катуу таасир эткенин, демек мындай материалдар бекер жерден жарыяланбаганын белгилеп, “эмне себептен Марат Бакиев менен Жаныш Бакиевдин гана ысымдары аталып, Курманбек Бакиевдин ысымдары аталбайт?” деген суроого жооп издеди.

Макаланын автору андан ары “Ажо болом дегендердин ичинен өзгөчө Адахан Мадумаровдун Жаныш Бакиевден оңбогондой каражат алганы жана анын эсебинен шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жатканы эки ай бою гезит беттеринен түшпөгөнүн, жакшылап баам салсак, мунун түпкү максаты Адахан Кимсанбай уулун Жанышка жабыштыруу аркылуу аны коомчулукка “желмогуз” кылып көрсөтүү аракетин байкоого болорун, бул бейрасмий маалымат экендигине карабастан түндүккө да, түштүккө да бирдей таасир этээрин саясий технологдор эчак эле изилдеп коюшканын, эгер мындай макалалардын сериясында Адахан Мадумаровго Курманбек Бакиев өзү жардам берип атыптыр десе түштүк электоратына майдай жакмагын, ал эми Марат Бакиев же Жаныш Бакиевдин ысмын атоо- Мадумаровдун беделине доо кетирерин бөркүңдөй эле көрүүгө болорун, анткени түштүк аймагында “Курманбек Бакиев өзү жакшы киши болчу, анын ойронун ачкөз Жаныш сыяктуу бир туугандары менен уулдары чыгарды деген” түшүнүк жашаарын, ошентип түштүктөн чыккан алты талапкердин бирикпей калышы, айрыкча Адахан Мадумаровдун тагдырына Жаныш менен Марат Бакиев балта чапты деген кептин жүйөсү ушул экендигин жазды.

Макала андан ары уланып, Медет Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы Адахан Мадумаровдун өзү биринчи болуп Камчыбек Ташиевге чуркап барып биригүү сунушун кийирүүгө мажбурлаганын, эгер биригүү маселеси чечилгенде Ташиев бара-бара Мадумаровго жол бошотуп бермегин, бирок арадан аз убакыт өтпөй кечээ эле кол алышып, антташкан “ака-үкалар” маалымат майданында элдешкис душманга айланып чыга келишкенин, буга Адахан Мадумаровдун штабындагы журналисттер жол бергендигин, болбосо сентябрдын 20ларынан кийин Нариман Түлеев, Адахан Малумаров, Искак Масалиев, Кубатбек Байболов жана Камчыбек Ташиев баштаган алты талапкер жашыруун жолугуп сүйлөшкөнүн, булар акырында Камчыбек Ташиевди бирдиктүү талапкер кылып тандап алышмагын, анткени Медет Садыркуловдун өлүмүн алдын ала уюштургандарды Мадумаров билген деген билдирүү тарары менен эле Мадумаровдун шайы ооп, эмне кыларын билбей калганын баяндады. Уландысы кийинки санга калтырылган бул макаланы бүгүн “Жаңы агым” гезити жарыялады.

Жаңы жарык көргөн “Фабула” гезити Алмаз Темирбек уулунун, “Болсоң депутат бол”, Эртабылды Аттокуровдун “Бажалар баш тырмашса, ажылар акыйлашат”деген темадагы макалалары менен ачып, Кыргызстандын жаза өтөө мекемесинин жетекчиси генерал Шейшенбек Байзаков менен маекти жарыялады. Маек “Молдокелердин “нике кагазы” менен сойкулар колонияларга бирөөлөрдүн “аялы” болуп кирип турган” деп аталды.

Шейшенбек Байзаков түрмөлөрдү текшертип чыгып, ушундай көрүнүштү аныктаганын, көрсө бул жерге бирөөнүн аялы деген жалган кагаз менен денесин саткандар келип турганын, ушундай бир сойкуну киргизиш үчүн колониянын жетекчилери 300 доллардан алып турушканын, ал эми сойкуларга “нике күбөлүктөрдү” мечиттеги молдолор жазып берип келишкенин, эми дал ушул молдолордун аты-жөнүн тактап туруп жоопко тартуу керектигин айтты.

Генерал андан ары дагы бир маалымат барын, бир колониянын начальниги машинасынын багажнигине баңгизаттарды салып келип короого токтотуп койорун, анан түрмөдөгүлөр ачык турган багажниктеги дозага бөлүнгөн баңгизаттарды алып акчаларын ичине таштап кете берерин, ошол кызматы үчүн тыштагы “общак” ага бир иномарка белекке берип, кийин кайра алып койгонун, дагы бир кызматынан алынган жетекчи ушундай жол менен машина алганын, ал өзү да баңгизат сайынарын, муну менен эле тим болбой Бишкектин “Сан-Клуб” деген казиносунда отуруп алып түшкө кирбеген акчаларды уттуруп келгенин, азыр да мындайлардын аягы суюлбай жатканын шардана кылды.

Генерал сөзүнүн аягында түрмөнүн начальниги Меликозу Маматалиев болуп турганда кылмышкерлер түрмөнүн ичинде каалаган намазын окуп калганын, азыр кызматынан бошото тургандар дагы көбөйөрүн, өзүнүн үстүнөн каралап арыз жазгандар дагы арбырын, бирок кудай алдында адам катары, офицер катары чирип кеткен системаны оңдоодон башка жол жоктугун кошумчалады.

“Кыргыз руху” гезити Дархан Кара аттуу автордун “Атамбаев тарых алдындагы озуйпасын эмнеден баштаар экен?” деген макаласы менен жаңы санын окурмандарга тартуулап, өткөндү эске салып, 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиев бийлигинин буйругу менен камакта отурган саясый лидерлер эл алдында милдеттүү экендигин, бирок кандуу октун курмандыгы болгон 100гө жакын жигиттин үмүт-тилектерин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ынтымакка келе албай жатып актай албагандыгын, ошондуктан бакиевдик күчтөр реванш алып кеткенин, ошентсе да Кудайдын көзү түз экенин, мындан ары Кокон хандыгын орнотууга жол бербей турган шанс келгенин, демек бүгүн Алмазбек Атамбаевдин алдында жаңы Кыргызстанды куруу миссиясы тургандыгын, Кыргызстандын бардык саясый күчтөрүнүн башын кошууп, алардын буга чейин жасап келген эмгектерине жараша орун бериши керектигин жазып чыкты.

“Кыргыз рухунан” ошондой эле журналист Азизбек Келдибековдун “Беш бармак”, “Коалиция”, “Папкестан пародиясынын” кезектеги санын, Гүлжан Абылкасиеванын “СПИДге чалдыккан балдардын тагдырын” баяндаган макаласын окуйсуздар.

“Алиби” гезитинин башкы редактору Тынчтык Алтымышевдин макаласы кырчынында кыйылып, “Ата Бейитте” жаткан жигиттерибиздин элесине арналып, азыр деле Манастан бери өлбөй келаткан Абыке, Көбөштүн тукумдары ар кай жерден баш көтөрүп, арамзалык менен эл арасын былгытып жатканына, ата-энелерин боздотуп, алган жарларын жесир, алчадай балдарын жетим калтырып, кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өмүрүн кыйгандарды “жырткыч”, “бандит” атаганына, мындайлар тилекке каршы өздөрүн өтө эле акылдуу сезип алганына, мындай жулкунбайлардын тилдери таттуу болгон менен дилдери көңдөйлүгүнө, ыймансыздыгына токтолуп, курман болгондордун ой-тилегин аткаруу үчүн миңдеген, миллиондогон кыргыз жаштары мындан ары минтип наалат келтиргендерге, сөз тийгизгендерге түбөлүк каршы турарын, элдик бийликтин башында тургандарга ошол 7-апрелдеги кандуу окуяны ар дайым эстерине салып турууга сөз берерин белгиледи.
XS
SM
MD
LG