Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Басма сөздө: Ант


Жарык көргөн гезиттер улутташтырылган ишканалардын сатылып жаткандыгына байланыштуу ойлорго орун берди.

“Де-факто” гезити ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш аяктап калганын, декабрь айында бул боюнча 9 кишинин иши сотко өткөрүлөрүн билдиргенин,

Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов “Кристалл”, “Таш-Көмүр Силикон Продакшн” деген ишканалар адегенде сатылбай турган болгонун, бирок мында да коррупция бар экенин, Мамлекеттик мүлк министрлиги ликвидаторду коюп, бардыгын саттырып, акчаны белгисиз жакка жумшап, ишкананы банкрот кылып, эми жең ичинен соодалап атканын, баягы эле Максим менен Ширшовдун схемасы иштеп жатканын шардана кылганын,

Алмазбек Атамбаев 1-декабрда президенттик антын берерин, ал өзү анттын текстине буга чейин болбогон “Кудай алдында ант берем” деген сүйлөмдү киргизгенин,

Жаңы өкмөткө саясый оюндардан сырткары, чыныгы адистерди тартуу керектигин, ошондойлордун бири Жоомарт Оторбаев экендигин, премьер-министрликти ыраа көрбөгөн күндө да, вице-премьерликти ушул жигигитке берсе өлкө үчүн чоң утуш болорун кабарлады.

“Фабула” гезити:

- Бакиевдин үй-бүлөсү менчиктештирип алган кирешелүү бир топ объектилер 7-апрелден кийин улутташтырылып, мамлекетке алынган менен эми кайрадан сатыкка коюла баштаганын кандайча түшүнсөк болот?- деген суроо менен экономика доктору Айылчы Сарыбаевге кайрылганда ал:

Дүйнөлүк деңгээлде аукцион болгон күндө да кайра сатуунун зарылчылыгын көрбөй тургандыгын, анын үстүнө буга эч кандай экономикалык негиз жоктугун, тескерисинче мамлекетке алынган ишканаларды мындан да көбүрөөк киреше алып келе тургандай кылып күчтөндүрүп, жумушчу орундарын көбөйткөндө жакшы болмогун, булар эми татынакай эле иштеп турган ишканаларды сатып киргенин, мунун артында шылуун саясатчылар турганын, учурда Акаев менен Бакиевден ашып түшкөн көрүнүштөр болуп жатканын, ал эми мамлекеттик мүлк фондун минстрлик даражага жеткирүүнүн өзү эле мамлекеттик мүлктү сатып баюунун коррупциялашкан схемасы экендигин, болбосо мамлекеттик мүлктү сатуу үчүн бүтүндөй бир министрлик кылып түзүүнүн кандай зарылдыгы бар эле деген ойду айтты.

Тоо-кен өндүрүшү тууралуу сөз кылган профессор Айылчы Сарыбаев жадагалса өз алдынча мамлекет болгон 20 жылдан бери илгерки союз куруп берген “Макмал” алтын кенин иштете албай келатканыбызды, анан оңбогондой каражат сарптап, тоо арасына жол салып, заманбап техникаларды апкелип, жаңы технологиялар менен кен иштетебиз деген нерсе кыргыздардын түшүнө кирбей турган нерсе экендигин, биз тоолорубуздагы кендерди өзүбүз иштете албагандан кийин башкаларга берип пайдасын көрүүнүн ордуна тоолорубузга минип алып, эч кимди жакын жолотпой, инвестор таап келип иштетели десе бетин тытып, кубалап отура берсек эзели жарыбай жүрүп өтөрүбүздү, андыктан кениңерди иштетип берели деп келген инвесторлордон коркуп, аларды күнөөлөй бербестен, келишимге жеке кызыкчылыгын көздөп кол койгон адамдарды күнөөлөп, ошолорду соттоп жазасын берүү керектигин, ошондо гана мамлекетке каршы келишимге колун койгондордон тазаланарыбызды белгиледи.

“Алиби” гезитиндеги баш макаласында журналист Тынчтык Алтымышев буга чейин оозун сүткө эки жолу күйгүзгөн эл “айранды үйлөп ичет” болуп, жаңы жылга жакшы тилек тилеп, жаңы президент жана жаңы өкмөт менен барабыз, деги Кыргызстанга баягы эле соруп-жеп келгендер келбей, кайра ошол сормо саздан чыгара турган күчтөр келсе экен деп турганын, элдин тилеги Кудайдын тилеги экендигин, элдин назары сынса, Кудайдын назары сынарын, тилекке каршы башкаруу системасынын башы деп эсептелген парламентке шагыраган эле бизнесмен, башынан арам дүйнөнү жакшы көргөн, Кыргызстан таламайга түшкөн жылдары талап-тоноого катышкан, үй-бүлөлүк бийликтин фундаментин куюп, дубалын көтөргөндөр паралментте отурганын Атамбаевдин эсине салуу менен калыстыгы таш жарган, адилет президент болуп бергей эле деген үмүт турганын, үмүт аткарылса, урмат-сыйды элдин ишеними гана алып келерин баса белгиледи.

“Алиби” гезити “Кристалл” заводун сатуу боюнча саясат талдоочу Токтогул Какекеевдин жоопторуна орун берди.

Оппозиция маалында баары эле акылдуу болуп, бийликке келери менен эле мурункулардын жолоюна түшүп аларын, бир кезде Көл жээгиндеги пансионаттар иттин баасына кетип жатат деп бакырып тургандар азыр “Кристалл” заводун чет өлкөгө белек катары берип жатканын, ошондой эле “Чакан ГЭС”, “Мегаком” сыяктуу мамлекетке киреше алып келе турган тармактардын арзандатылышы учурдагы өкмөттүн кызыл кулактыгынан кабар берерин, маселен “Кристаллды” жакшылап иштеткенде дүйнөлүк рыноктун 30 пайызын ээлемектигин, тилекке каршы Акаев менен Бакиевге чет элдик ири ишканалар заводду иштетпеш үчүн пара берип келишкенин, качан болсо эле бизде бийликке жеткендер ишетүү менен башын оорутпай эле эптеп сатып жиберип, пайда көрөм деп атып алданып каларын, карап отурсаң буга аягында келип өкмөттө иштегендер күнөөлүү болуп, парламент сүттөн ак болуп чыга келерин, чындап келсе бардык мыйзамдар, ишканаларды сатууга укук берген документтер менен бычылган баалардын баарына “хоп” деп уруксатын бергендер парламентте отурганын кеп кылды.

Журналист Турат Акимов азыркы өкмөттүн экономикалык секторду тейлеген башчылары алапайлары кетип, арагасыз сатып, абийрлерин жапсак деген аракетте калганына, мунун жыйынтыгы кандай болорун ойлонуу керектигине, бирок чындап эле бүгүн майдалап болбосо да каражат таппаса, кышында азык-түлүк запасынын түгөнүшү, отундун азайышы, ошону менен бирге эле саясый, геосаясий оюндардан улам өлкө экономикалык дефолтко учурашы мүмкүндүгүнө, тилекке каршы мындай учурда өлкөгө ишенимдүү инвесторлор келе койбосуна, анын ордуна биринин шапкесин экинчисине кийгизгенди мыкты билген, мафиоздук ишканалар шыпылдап, арзан объектилерге келиши ыктымалдыгына токтолду.

“Де-факто” гезити айрым жарандарга кайрылып:

- Кыргызстан чек арасын Путиндин колуна тапшырабы?- деп суроо берди.

Орозбек Молдалиев: - Бажы биримдигине кирсек экономикалык чек аралар жоюлат, ал эми аскер чек аралары мурдагы эрежелер боюнча кала берет, бирок келечегинде ойлоно турган маселе,-деп,

Мирослав Ниязов:- Жок, чек аралар биргеликте кайтарылбайт, бул туура болбойт,-деп,

Токтогул Какчекеев:- Бул туура, Бажы биримдигине киргенде экономикалык да, мамлекеттик чек ара да бир болот,-деп,

Токон Мамытов: - Журналисттер түшүнбөй эле чуу чыгарап жатасыңар. Чек араны орустар келип кайтарып бербейт, өзүбүз эле кайтарабыз. Бирок бизге техникалык жактан жардам берет. Мунун эмнеси жаман?-деп,

Артур Медетбеков:- Бул өтө татаал нерсе, мындай болбойт,-деп,

Аликбек Жекшенкулов:- Эгер Бажы союзуна кирсек, Орусия чек арачылары биздин бажы, чек арачы кызматкерлерибиз менен тыгыз байланышта иштеп, чек арадагы чыр-чатактар азаят,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG