Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Басма сөздө: Жол


Гезиттердин дээрлик баары ЖК төрагасы Акматбек Келдибековдн 33 жардамчысы жана ага кеткен чыгымдар тууралуу жазып чыгышты.

“Айат” гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекова азыр Кыргызстанда Атамбаевдан башкасынын баары ишсиз экендигин, анткени бүгүн ким болбосун “ордумда каламбы же жокпу?” деген суроо менен ооруп атканын, элдин ишеними менен ажолукка аттанган Алмазбек мырзанын алдында эми 20 жылдан бери тоюнуп бүтпөй келаткан жеп-ичкичтерди колго чаап иштей турганжол турганын, бул жол Акаев менен Бакиевдердикинен алда канча оор экендигин, анткени жолдун бир тарабында мурдагы эки президенттен күйүп кетип, акыркы үмүтүн Атамбаевге байлаган карапайым калк, бир тарабында баягыдай эле капчык менен баарын жайлайм деп көздөрүн май баскандар турганын, ошондуктан президент болуч адам алдындагы жолду көрө билиши керектигин дагы бир жолу эсине салды.

Өкмөт башчылыгына “Республика” партиясы Өмүрбек Бабановду көрсөтөрүн фракция башчысы Канатбек Исаев билдирсе,

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев аны КТРга барат экен деген жалган сөз атайын таратылганын, КТРга эч убакта барбай тургандыгын, жаңы түзүлө турган коалицияга "Ар-намыстан" 13 же 15 депутат кирерин билдирди.

Саясат талдоочу Марс Сариев “Ата Мекен” фракциясы оппозицияда калса, Текебаев үчүн ыңгайлуу болорун, кокус коалицияга кирип кетсе, ошол бойдон саясаттагы үнүн жоготорун, ал эми “Ата Журт” оппозицияда каларына ишенбестигин айтты.

Кабарчынын: - Марс мырза, Ташиев менен Мадумаровчулар сизди, Акеровду, Бакетаевди, Какчекеевди “Булар Атамбаевге сатылгандар деп сөгүп атышат, аны өзүңүз деле интернеттен окуп жаткан чыгарсыз, кандай дейсиз?-деген суроосуна:

- Ооба, сөгүп атышат. Кандай дешсе да азыр Атамбаевдин потенциалы көп саясатчылардыкынан өйдө, командасы күчтүү, Орусияга таянганы да туура болду, чоң ката кетирген жок. Ташиев менен Мадумаров азырынча чоң саясатка өсүп жетелек, карт бөрүлөр акырындап кете баштайт, мына Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев артка чегинди. Бабанов баштаган жаштар өсүп келатат, ошентип бара-бара саясат менен карыгандардын ордун жаштар басат,-деп жооп берди.

“Асман преss” гезити коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев менен маектешти.

Эркебаев мамлекеттин көз карандысыздыгы деген ыйык болорун, андыктан өз чек араңды өзүң коргой албасаң, анда “эмне деген мамлекетсиң?” деп суроо коюп, Алмаз Атамбаев чек ара маселесин чорт кесе айтпастан алдын ала эл менен кеңешип, анан иш кылса жакшы болмогун, бирок гезиттердеги билдирүүлөрдү расмий билдирүү деп айтууга болбостугун айтуу менен АКШ авиабазы тууралуу Эркебаев, Бакиевдин кетишинин себептеринин бири да ушул база болгонун, адегенде Орусияга бара калып “мен чыгарам” деп айтып алып, анан АКШ менен соодалашып, акчасын көбөйтөм деп жатып Орусия менен мамилесин бузганын, ал эми Алмаз Атамбаевди абдан урматтаарын, чогуу иштешкенин, жакшы билерин, бирок анын жеке мүнөзүндө эске алчу жагдайлар барын, шашмалыгынан улам терең талдап ойлонбой туруп чорт пикир айтып койорун, ошондуктан АКШнын авиабазасын мөөнөтү бүткөн соң кетер-кетпесин Кыргызстандын эли менен кеңешип туруп парламент чече тургандыгын белгиледи. Академик Абдыганы Эркебаевдин маеги аталган басылманын бүгүнкү санына жарыяланды.

“Де-факто” гезити журналист Айгүл Бакееванын балдары СПИД болгон энелердин арманын баяндаган макаласы менен бүгүнкү санын ачты.

Аталган гезитке Европа өнүктүрүү банкынын кеңешчиси Жоомарт Оторбаев маек куруп, коррупция ошол бойдон эле тургандыгын, жаңы бийлик ушуну менен күрөшүүсү керектигин, бизде алтынды экспорттоодо гана көмүскө экономика жоктугун, экономикабыздын калган тармактарынын баарында көмүскө экономика жашап жатканын эскертти.

Жоомарт мырза ошондой эле кландык, тууган-туушкандык бизде өтө күчтүү болгондуктан Грузиядагыдай жолго түшүү мүмкүн эместигин, коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолу коррупционерди камоо экендигин, тилекке каршы Кыргызстанда эч ким камалбастыгын, эгер өлкөнү талап-тоноп жаткандар камалбаса эч качан коррупция менен күрөшө албастыгыбызды, жеп-ичкендер камалаганда гана эл ишенерин жана эл колдоп чыгаарын, кландык же кыргызчылык, тууган-туушкандык система өнүгүүгө чоң тоскоолдук кыларын, Африка өлкөлөрүнүн өнүкпөй, коррупциянын сазына батып, куурап жашап жаткандыгынын эң чоң көйгөйү аларда кландык, тууганчылык деген биздикинен да жогору турарын, ошондуктан күч органдары эч нерсе кылалбай келаткандыгын, ошондуктан бизде эки жол тургандыгын же тууган-туушкан деп деп отуруп, кландык система менен Африка өлкөлөрүндөгүдөй жакырчылыктын сазына батып, таланып-тонолуп, ач-жылаңач жашай бермей же мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуп, жеп-ичкендерди камап, таза жашоого өтүп, балдарыбызга мыкты билим берип, өнүккөн, жаркын келечеги бар жашоону тандап алуу керектигин, анткени өнүгүү үчүн Кыргызстандын бардык мүмкүнчүлүгү бар экендигин кеп кылды.

“Пресс.Kg” гезити окурмандарына журналист Жумаш Назаровдун “Келечектеги премьер-министр келечек коалициядан көз каранды” деген макаласын тартуулады.

Премьер-министрди шайлоо үчүн азыркы коалиция таркаш керек же жаңы коалиция түзүү зарыл деп мыйзамдын эч жеринде жазылбаганын, президенттиктен үмүтү кыйрагандар эми премьер-министр болууну самап тургандыктарын, коалициянын курамын түзүү инаугурация бүткөндөн кийин, декабрдын бештеринде башталарын, добуш берүү жумшак рейтинг аркылуу жүрөрүн, коалицияга кирген төрт фракциянын ар бири премьерликке өз талапкерлерин көрсөтөрүн, ошондой эле премьерликке талапкерлигин коюу укугу сыртта калган партиялар менен мурдагы бийлик өкүлдөрүнө да берилгендигин, буларды тандап алууну депутаттардын добушу чечерин, азыркы күндө эл күткөн да күтпөгөн да саясатчылардын аттары аталып жаткандыгын жазды.

Басылма андан ары коопсуздук маселеси боюнча маектешүүлөрдү басып, бул боюнча генералдар Мирослав Ниязов менен Токон Мамытовдун ойлоруна орун берди.

Генерал Мирослав Ниязов бүгүнкү күндө Фергана өрөөнү атыла турган вулканга окшоп турганын, тилекке каршы бул аймактагы мамлекеттер учурда бирдиктүү эместигин, жалпы проблемаларды азыртан ойлонуп, биргелешип чечип албаса кийин кеч болуп каларын, анткени тышкы саясатта түбөлүк дос же түбөлүк душман деген болбостугун айтса,

Генерал Токон Мамытов, Борбор Азияда кырдаал чындыгында курч экендигин, акыркы 3 айда эле Казакстандын бир нече шаарында, Өзбекстандын темир жолунда жардыруулар болгондугун, ошондой эле НАТОнун күчтөрүнүн 2014-жылы Ооганстандан чыгып кетиши аймактагы жаңы кагылышуулардын чыгуусуна алып келет деген ойлор жок эместигин, эми бажы шериктештигине кирсек, чек араны Орусия менен Казакстандын чек арачылары кайтарат экен деген маалыматтар жалгандыгын, чек араны өзүбүздүн эле чек арачылар кайтарарын, болгону паспорт көзөмөлү күчөтүлөрүн, бардык иштерде кыраакылык, сактык керектигин кеп кылды.
XS
SM
MD
LG