Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Басма сөз: Бийлик жерде жүрүш керек


Гезиттер эски жана жаңы президент, спикер, келечек коалиция жана башкалар тууралуу ойлорду ортого салды.

“Де-факто” гезити журналист Азимжан Ибраимовдун “Анттын кусуру” деген макаласын басты. Автор эми Алмазбек Атамбаев 7-кабаттан ылдый түшүп, бул ирет буга чейин боло келген капчыктууларга баш урбай, же башкасы эмес, башы иштегендер менен анык адистерге артыкчылык бериши керектигине, элдин бийликке болгон ишенимин кайтарып алууга жетишүүгө дагы бир жолу мүмкүндүк келгенине токтолуп, жаңы президент эми мурдагы президенттерге окшоп элди четтен келген кредиттер менен убактылуу алдай бербей, атамекендик өндүрүшкө жан киргизген экономикалык программа түзүп чыгуусу зарылдыгын, мындай программаны баягы эле эскилер эмес, таза, күчтүү өкмөт гана түзө аларын, ал үчүн бийлик баарын акчага сатып алса болот деген “кызыл кулактыкты” үйрөтө бермейди таштап, Кудай алдында акыл менен билимге, кара тер агызган карандай эмгек менен жеңишке жетишүү жолдорун көрсөтүшү керектигин белгиледи.

Ушул эле “Де-факто” гезити “Роза Отунбаеванын президенттиктен кетерине 2 күн калды” деген ат менен “Роза Отунбаеванын президенттик ишмердигине бааңыз, ал тарых берген миссиясын аткара алдыбы?” жана “Президенттиктен кеткенден кийин эмне иш менен алек болуу керек?” деген эки суроого айрым жарандардын берген жообун басты.

Аталган гезитке белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Атамбаев бардык сунуштарга макул болду, бирок менин үкаларим көнбөй коюшту” деген ат менен аңгеме курду. “Судьяны 7-кабаттан бирөө чакырып алып “баланча кишини актаган чечим чыгарып бересиң” дептир, ал сот “кантип актайм, бул коррупционер болуп атса” десе, ошол бийликтеги адам “анда ошол коррупционер менен сени тааныштырып коеюн” деп төркү эшигинен киргизиптир, “ошол жерден чалкаман түштүм” деп бүгүн ал судьянын эси ооп отурат” деп маек берген Бекназаров мына ушуга окшогон иштерди бүгүнкү легитимдүү бийлик жасап жатканын, ошондуктан сот реформасы жүрбөй келатканын, шайлоо алдында ал Атамбаев, Мадумаров, Ташиев менен жолугушуп “Атамбаев сен президент болсоң премьерликти түштүккө бересиң, Бакиев менен Куловдун тандеминде ушундай болгон” дегенин, Атамбаев бардык сунушка макул болгонун, бирок Мадумаров менен Ташиев көнбөй коюшканын да кеп кылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун 30дан ашуун жардамчысы бар экени элдин эсин оодарган көрүнүш болгонун эске салган “Фабула” гезити мурдагы төрагаларга кайрылып “Канча жардамчыңыз менен кеңешчиңиз бар эле?” деп суроо салды эле,

Мукар Чолпонбаев: - Мен спикер болуп турганда 2 жардамчым, эки кеңешчим бар болчу, бирок айлык алчу эмес,-деп,

Абдыганы Эркебаев:- Менин 1 жардамчым, 2 кеңешчим бар эле,-деп,

Өмүрбек Текебаев:- Мыйзамда көрсөтүлгөндөй эки жардамчым, эки кеңешчим болгон,-деп жооп берди.

Гезит буга улай ушул эле маселеге арналган Алмамбет Саралаевдин макаласын тартуулап, мынчалык жардамчы арабдардын королунда да жоктугун, Ахматбек мырза күнөөсүн мойнуна алгандын ордуна кайра “мунун артында ким турганын билем” деп моюн толгогонун, кеп ачыкка чыккан маалыматтын артында кимдер тургандыгында эмес, кеп төрага мыйзамсыз берген “KG” номурларынын артында кимдер тургандыганда экендигин жазып чыкты.

Журналист Үсөн Касыбеков ушул эле “Фабула” гезитиндеги макаласында бул жолку президенттик шайлоодо Бакиевдин доорунда гүлдөп өскөн “келишим демократиясы” аталган бийлик төбөлдөрүнүн жең ичинен макулдашуу технологиясы четке кагылганын, эгер демократиялык жолдон тайып, элдин кызыкчылыгына каршы криминалдык, наркобарондор менен маргиналдардын көмөгү менен үй-бүлөлүк, кландык, ошону менен бирге эле авторитардык режимди орнотом деген аракеттер кайталанчу болсо андайларды эл тез эле кынына киргизип койорун апрель революциясы айкын далилдей алгандыгын баяндоо менен мындан аркы бийликтин кандай болоруна талдоо салды.

Үсөн Касыбеков жергиликтүү жана аткаруу бийлигиндеги портфель бөлүшүү келечектеги премьердин эркине жараша болорун, Акаев менен Бакиев тушундагыдай жең ичинен соодалашуу азыркы парламенттик башкаруу системасында ишке ашпай турган көрүнүш экендигин эске салды.

Бул санга КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбековдун “Бир да фракция оппозицияда каларын ачык айткан жок” деген аталыштагы маеги жарыяланды. Чыныбай мырза өкмөт оставкага кетип жаткан соң азыркы коалиция автоматтык түрдө тарашы керектигин, эгер мындай болбой турган болсо өзү жетектеген КСДП коалициянын курамынан чыга тургандыгын ырасмий түрдө билдирерин, гезиттер кандай деп жазса дагы ал өзү ушул ордунда калып, фракциянын ынтымагын бекемдөө үчүн кызмат кыла берерин айтуу менен спикердин акыркы кездердеги өзүмбилемдик иштерин иликтеп чыгып баа берүү керектигин билдирүү менен Казакстан алынып келген жараксыз көмүр чуусун эске салды.

“Алиби” гезити бүгүнкү номуруна “Чарбалык иштерди тескөө - Жогорку Кеңеш төрагасынын милдетине кирбейт” деген ат менен төраганын айланасындагы ызы-чууга байланыштуу макаланы жана айрым депутаттардын ойлоруна орун берди.

Депутат Надира Нарматова жөнү жок жерден терезе пардалардан өйдө төраганы илээштирип жаткандары атайылап эле “бөйрөктөн шыйрак чыгаргандык” болорун, парламенттин чыгымдары иш башкармалык аркылуу жүрөрүн, айтор Ахматбек Келдибеков депутаттардын ишенимин өз абийири менен так аткарып келатканын айтса, депутат Абдумиталип Кочкорбаев, чарбалык иштерге байланыштуу жагдайды коомчулукка алып чыгуудан мурда дал ошол тармакка жооп бере турган вице-спикердин маалыматын укканда болмогун, бирок мындай болбогондугун, ошондуктан төраганын айланасындагы ызы-чуунун баарын саясый буйрутма деп эсептээрин, анткени саналуу күндөрдөн кийин түзүлө турган жаңы коалиция жана андагы төрагалыктын орду боюнча сөз болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү экендигин, ал эми мыйзам боюнча төраганын тагдырын жаңы түзүлчү коалиция эмес, парламенттик корпус же депутаттардын 80ден ашуун добушу чечерин, демек Ахматбек Келдибеков кызматында калышы толук мүмкүндүгүн, анткени ал өз ишин мыкты алып барып жаткандыгын, аны колдогондор ар бир фракцияда бар экенин кеп кылды.

“Алиби” гезити Кыргыз Эл Баатырлары Турдакун Усубалиев, Күлүйпа Кондучалова баштаган 50дөн ашык кыргыз аксакалдарынын жаңы келаткан президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон катын жарыялады.

Катта бүгүнкү күндө эл калк кадырына жете билген, даанышман жетекчиге эки көзү төрт болуп турганын, жетекчилик кызматтарга анык татыктуулар тандалышы зарылдыгын, тандоо элдин кызыкчылыгын жетекчиликке алуу менен жүргүзүлүшү зарылдыгын, бүгүн өлкөдө таза, ою тунук, айткандары таамай жаштар, жаңы күчтөр жетилгенин жаңы келе турган президентке кулак кагыш кылышты.
XS
SM
MD
LG