Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Кыргыз улан Европа жүрөгүн багынтты


Бүгүн орус тилдүү “Дело №...” гезити жарык көрдү.

Өзөгүн уламыштар менен эпостор жана жомоктор түзгөн киносценарийлердин Түштүк Корея менен Борбор Азия өткөргөн Эл аралык конкурсунун жыйынтыгында кыргыздын белгилүү кинорежиссеру Жали Сооданбектин “Жаңыл Мырзанын” негизинде жазылган “Кыз баатырдын көз жашы” деп аталган толук метраждуу көркөм тасмасынын сценарийи конкурска коюлган 155 эмгектин ичинен баш байге – Гран-Прини жеңип алгандыгын бүгүн жарык көргөн "Дело №..." гезити жар салды.

Дүйнөлүк киноишмерлер эл аралык бул кинодолбоордун максаты - оозеки чыгармачылыктын сейрек кездешчү кереметтерине жаштарды шыктандыруу, каармандардагы кайраттуулук менен акылмандык сапаттарды ойготуу, адамдардын жан дүйнөсүндөгү боорукердик менен адилеттүүлүккө ишенимди жаратуу гана болуп саналбастан Борбор Азия жана Корей элдерин биримдикке чакыруу да болуп саналарын айтышууда.

Кыргызстанга мындай жакшы кабар бир аз күн мурда эле Чехиядан келип, “Чехия менен Словакия таланттарды издейт” аттуу конкурстун баш байгесин кыргыз жигити Атай Өмүрзаков жеңип алгандыгы белгилүү болгон.

Ушул эле “Дело №...” гезити бүгүн жарык көргөн санында “Кыргызстанда биринчи жолу президент айткан сөзүндө туруп, бийлик үчүн өлүп-талып жанталашпастан, өлкөдөгү эң жогорку кызмат даражасын жөн гана, адамдык бийик нарк, кадыр-барк менен татыктуу түрдө таштап кетип баратат. Эркектер эркек болсоңор үйрөнсөңөр боло, үлгү алсаңар боло” деп жазуу менен Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын кечээки журналисттерге берген акыркы маектешүүсүнөн макала жарыялады.

Роза Отунбаеванын кызматын тапшырып берген соң маданият, билим берүү жана эл аралык мамилелер боюнча фонд түзсөмбү деген ою барын, фондду байыш үчүн эмес, өлкөбүздүн эл аралык деңгээлдеги аброюн көтөрүү, республика үчүн жакшылык кылуу максатында түзгөнү жатканын, Бишкектин ортосунда 3 бөлмө үйү барын, бирок мыйзам боюнча экс-президентке мамлекеттик резиденциядан жашай турган жай берилерин, ушу кезде экс-президентке берилүүчү жеңилдиктер каралып, анын ичинде машина бериш керекпи же жокпу деген талкуу жүрүп жаткандыгын, тилекке каршы машина айдаганды үйрөнө албай койгондугун, эгер машина беришпесе албетте бир аз өкүнөрүн, бирок Данияда бийлик башындагылар велосипед менен жүрүшкөндөй велосипед минип деле жүрө берерин, ошону менен бирге өзү түзө турган фонд үчүн дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндөгүдөй китепкана же кенен, чоң деле жай эмес, “Алыбай алына жараша” дегендей, чөнтөгүбүзгө жараша имарат болсо деген тилеги барын баяндоо менен 11-жылдын 11-айынын 11-күнүндө неберелүү болгонун кошумчалады.

Кыргыз президенти жөнүндөгү бул макаланы толугу менен бүгүн жарык көргөн “Дело №....” гезитинен окуп алсаңыздар болот.

“Дело №...” басылмасы ошону менен бирге эле Алмазбек Атамбаевдин ырасмий түрдө эртең кирише турган президенттик кызмат даражасына байланыштуу өтүүчү салтанаттуу аземге келе турган чет өлкөлөрдүн мамлекеттик жетекчилери менен саясый ишмерлердин тизмелерин жарыя кылды. Алардын кимдер экендигин да ушул гезит аркылуу таанышсаңыздар болот.

Өткөөл мезгилдеги президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаевдин айтуусу боюнча, Кыргыз президентинин инаугурациясын уюштуруу үчүн 10 миллион сомдон аз каражат чыгымдалат. Салыштырып карасак, мындай салтанаттар үчүн АКШ менен Орусияда 20-30 миллион долларга жакын каражат жумшалат. Маселен Бакиевдин инаугурациясына 20 миллион сомго жакын каражат кеткен. Анын үстүнө шайлоо бир тур менен аяктагандыктан 160 миллионго жакын сом үнөмдөлгөн. Салтанатка мына ушул үнөмдөлгөн акчанын 10 миллиону жумшалууда.

Президенттин ант берүү аземи Бишкектин Токтогул атындагы улуттук филармониясында эртең - 1-декабрь күнү өтөт.

“Дело №...” гезити түрмө системасын реформалоого өткөн Кыргызстандын түрмөлөрүнүн башчысы, генерал Шейшенбек Байзаков менен сандан санга жарыялап келаткан маегин бул санда дагы улантты.

Түрмөчүлөр “өзүн өзү асып өлтүрдү” кылган өлүмдүн сценарийин ойлоп тапкандын мастери болуп саналарын, мындай “өлүм” тергөө оңой менен аныктай албай тургандай, артында из калтырылбай жасаларын, Рузиметов жана Батыровдун “өзүн өзү асып өлтүргөн” өлүмдөрү дал ушундай жол менен жасалганын, мисалы Рузиметов өлөрүнө жакын түрмөдө картадан уттуруп жиберип, карызынан кутулуш үчүн аялы колонияга 8 миң доллар киргизип бергенин, бирок азыр ал акча кайда, кимге кеткени белгисиздигин, бирок Рузиметов өзү асылып өлбөй эле, аны өлтүрүшкөндүгүнүн бети ачылып, иш чукулда сотко өтөрүн, бул иш Ички иштер министрлигинин кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүлүп жатканын айтты.

- Түрмөдөгүлөргө Рузиметовду өлтүрүүгө ким буйрук берген?-деген суроого генерал Байзаков, Камчы Көлбаевдин оң колу эсептелген Алманбет Анапияев болгонун, ал эми Рузиметов Азиз Батукаевдин “кишиси” экендигин, бул өлтүрүү “батукаевдерди” коркутуп коюш үчүн жасалганын, анын үстүнө Рузиметов Баяман Эркинбаевдин өлүмү жөнүндө маалыматтарды билген адам болгондугун, Батыровдун көзү да ушундай эле себептер менен тазаланганын, жакында мунун өлүмү да ачыларын айтып жооп берди.

Генерал Байзаков андан ары Айдар Шамурзаев мыйзамсыз курал сактагандыгы үчүн кармалып түрмөгө түшкөнүн, анын наркозаттарга эч кандай тиешеси болбогондугун, камерада жатып да спорт менен машыгып турганын, анан аминистияга туш болуп, чыгаарына саналуу гана күн калганда ал жаткан СИЗОго башка камерадан атайын кишилер киргизилип, алар Шамурзаевдин боштондукка чыга тургандыгын майлаш үчүн келдик дешкенин, Шамурзаев тигилер “тартуу кылган” наркозаттан баш тартканда мойнун толгоп туруп, сайып кетишкенин, ошентип ал дагы Алманбет Анапияевдин буйругу менен өлтүрүлгөндүгүн, анткени Шамурзаев экөөнүн ортосунда Кара-Суу базарына көзөмөлдүк кылуу боюнча илгертен бери келаткан талаштары болгонун кеп кылды.

“Киши өлтүргүчтөрдүн” түрмөнүн чычкан киргис камераларына ээн-эркин кирип жүрүшүнө түздөн түз жоопкерчилик СИЗОнун ошол кездеги башчысы Жеңиш Сакеловдун мойнунда экендигин, ал эми СИЗО-1дин мурдагы жетекчиси Меликозу Маматалиев тергөө изоляторунун бүтүндөй өздүк тармагын акча менен “бузгандардын” анабашы болгонун, ал башчы болуп турганда кызматка алуу да акча, түрмөдөгү жакынына жолугуу да акча, түрмөгө тамак алып кирүү да акча болуп калганын, түрмөдөгү жаза мөөнөттөрүн изолятордун чарбалык иштеринде иштеп жүрүп өтөгүсү келгендер 3 миңден 5 миң долларга чейин төлөп келишкенин, ошондуктан СИЗО-1дин жетекчисинин кызмат орду 50 миң доллар турганын жана дагы тир укмуш жагдайларды шардана кылды.
XS
SM
MD
LG